Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Батыш Киевден жүз бурууга камындыбы?

© AFP / FRANCOIS WALSCHAERTSБрюсселдеги Европарламенттин баш кеңсесинде Украинанын желеги. Архив
Брюсселдеги Европарламенттин баш кеңсесинде Украинанын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2022
Жазылуу
"Азовсталдагы" эң өжөр украиналык нацисттердин туткунга алынышы Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлеринин демин суутту. Аскерлер чегинип, милдетин таштап, туткунга түшүп, аскерге тартыла электери чакыруу алгандан качууда.
Кыязы украиналыктар кырдаалды түшүнүп бараткандай деп баамдайт Виктория Никифорова. Серепчинин азыркы кырдаал жаатындагы ой толгоосун РИА Новости жарыялаган.
Баарынан да алардын батыштык башчыларынын аскердик маанайы чөгө түшкөнү даана байкалууда. Мариуполь куткарылары менен Украина тууралуу кабарлардын агымы англосактык маалымат каражаттарынын алгачкы беттеринен жоголду. "Согуштун 88-күнү, 89-күнү" деген аталыштагы жаңылыктар түрмөгү да чыкпай калды.
Англиялык пропаганда Жонни Депп менен Эмбер Херддин соттук процессине сүңгүп алды. Америкалыктар көңүлүн ноябрдагы шайлоого бурушту. Кошмо Штаттардагы маалыматтык талаада: "Украинадагы согуш улам кыйындап барат, Америка буга даяр эмес", — деген тейдеги маанайга өттү.
АКШ демократиялык партиясынын негизги басылмасы болгон New York Times ушундай аталыштагы макала жарыялады. Редакция украиналык лидерлерге "компромисске жетишүү процессинде талап кылына турган территориялык талуу чечимдерине моюн сунууга" кеңеш берет.
"Бизге украиналык жаңжал жөнүндөгү чыныгы талкуу абзел", — дейт Washington Times. Америкалык милитаризмдин негизги авазы болгон бул басылмадан Украинадагы кырдаалга ар тараптуу карап, глобалдык өзөктүк тирештин алдын алуу керектиги жөнүндөгү талкууларды окуу кызыктай таасир калтырат.
Буудай түшүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиядан бүт дүйнөнү бекер багууну талап кылышууда. Ой толгоо
Көз караштарды кайра мындай талдап чыгууга дүйнөлүк саясаттын үлкөндөрүнүн бири – 99 жаштагы Генри Киссинжердин билдирүүсү түрткү болду. Давос форумунда ал Киевге тезирээк багынып, башкача айтканда, Москва менен сүйлөшүүлөрдү баштоого кеңеш берди.
"Согуш болбосо эле болду" деген ойдун учугун белгилүү консервативдик публицист Патрик Бьюкенен чубаган. Ал атайын операция башталгандан бери мекендештерин аскердик каардануудан алыс болуп, Россия менен тирештин тобокелдиктерин, пайдасын туура салмактоого чакырып келет. Азыр да ал жаңжалды создуктуруудан майнап чыкпастыгын айтып, мында өзөктүк согуш жана бири-бирин кыйратуудан башка пайда жок экенин белгилейт.
Басылмадагы өз бурчунда публицист Бьюкенен XX кылымда америкалык бийлик Европада жаңжал тутандырууга бир нече ирет аракет кылганын, СССР лидерлерине каршы каралоо кампаниясын уюштурганын, дүйнөлүк согушка чейин кептеп, анан тез эле кетенчиктеп, тынчтык сүйлөшүүлөргө өткөнүн окурмандарынын эсине салды.
Батыштагы медиа каражаттарында Зеленскийге карата маалыматтык күн тартиби кескин алмашканы байкалды. Жок, алар дале киевдик режимдин өкүлдөрүнүн сөздөрүн коомчулукка кабарлоодо. Бирок аны жеткирүүнүн өңүтү өзгөрдү. Зеленский Давос форумунда жалындуу сүйлөдү. Бирок дал ошондой урунттуу учурлары маалымат каражаттарына чыкпады. Анын ордуна: "Зеленский Россияга каршы санкцияларды талап кылууда", "Россияга каршы болушунча көп санкцияларды өтүндү", "Зеленский жардам, инвестицияларды суроодо" деген жадатма аталыштар жайнады. Башкача айтканда, ал кайра эле "дүйнөлүк коомчулуктан жардам сурап жатат".
Ошол эле Давос форумунда Россия менен жеңгенче аракет этүүгө 91 жаштагы даңазалуу олигарх Жорж Сорос үгүттөдү. Ошол эле сөзүндө Сорос кытай экономикасын жана жеке Си Цзиньпинди солгундатууга сөз берди. Бирок муну ал жыл сайын убадалап келет.
ДНРдеги аскерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасс күндөлүгү: "фольксштурм"* батышка карай чегинүүдө
Россияга каршы сюрреалисттик санкциялар Кошмо Штаттын өзүн жаңы улуу депрессияга кептейт. Эгер булардын баарын артка кайтарбаса, ноябрдагы шайлоодо Демократиялык партия жеңиштен куру калары бышык. Андай кадамга барса, Украинадан жүз бурууга туура келет. Жеке маселе жок, болгону – бизнес.
Байдендин администрациясы Россия менен тирешин басаңдатуу менен алдыдагы шайлоодо Демократиялык партияны сактоого далбастап жатканы кызык. Ошол эле учурда демократтардын ашынган күйөрмандары муну сатып кетүү катары кабылдап, эгер алар Киевден кол үзүп кете турган болсо, каршы добуш беришерин айтып коркутушууда.
Чыгыш европалыктар да мындай жагдайга көңүлдөрү чөктү. Баары бир ооздон Киссинжердин элдешүү сунушун сындап, Вашингтондон Украинаны курал менен жабдып, ал аркылуу Россияга каршы согушууну улантууну талап кылууда. Бирок Украина көз алдыбызда бириндеп барат. Крымдан кийин Донецк жана Луганск республикалары "кертилди". Азов жээги колдон чыгып, Кара деңиздин Одесса менен Николаев тараптагы жээгинин тагдыры да бүдөмүк. Батыштагылар мындан улам зеригип, аларга Украинанын кызыгы тез эле тарагандай. Биротоло аны Зеленский өзү тараткандай эле болду. Давостогу форумда олигархтарга аймактарды өнүктүрүп, чыгымдарды эсептөөнү сунуштады.
...Москвага сунушталып жаткан тынчтык келишимдеринин долбоорлору азырынча маңызсыз болуп турат. Ошол эле Киссинжер Россия менен Украинага кво макамына кайтууну сунуштаса, Италия бийлиги Украинага Донбассты да, Крымды да автономия макамы менен берүүгө кеңеш берет.
Кайсы бир убакта компромисске келүүгө мезгил жетет. Ошондо бир туңгуюк учур жаралат. Украинага кандай гана территориялык залал болбосун – мекенчилдердин кыжыры кайнайт. Ал эми Москва тарап кол шилтеп, жеңилдик берсе россиялык патриоттор ачууланат. Андайда кантип тил табышууга болот? Айтор, мунун баары оголе узун кеп... Болгону Украинанын Батыштагы тескөөчүлөрүнө Россия менен жаңжалдашуу өлүмгө тете экени жөнүндө түшүнүк акырындап жетүүдө.
Генри Киссинжер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киссинжердин Сороско же реалисттердин глобалисттерге каршы көз карашы. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0