https://sputnik.kg/20220518/shvetsiya-menen-finlyandiya-natogo-kirish-uchun-aryz-berdi-1064496313.html
Швеция менен Финляндия НАТОго кириш үчүн арыз берди
Швеция менен Финляндия НАТОго кириш үчүн арыз берди
Sputnik Кыргызстан
Аталган эки мамлекет өткөн жекшембиде Түндүк атлантикалык альянска кошулуу тууралуу чечим кабыл алынгандыгын расмий кабарлаган. 18.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-18T13:10+0600
2022-05-18T13:10+0600
2022-05-18T13:10+0600
дүйнөдө
швеция
финляндия
нато
түркия
россия
https://sputnik.kg/img/07e6/05/12/1064495519_0:160:3073:1888_1920x0_80_0_0_6eb83aa41be7225496256970cec9aa97.jpg
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Швеция менен Финляндиянын элчилери НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергге альянска кирүү үчүн арызды тапшырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Салтанаттын уюмдун Брюсселдеги штаб-квартирасында болгону кабарланды.Эске салсак, 15-майда Швеция менен Финляндия Түндүк атлантикалык альянска кире турганы боюнча биринин артынан экинчиси маалымат таратты. Бирок буга НАТОго мүчө болгон бир катар өлкөлөр, анын ичинен Италия нааразылыгын, Түркия каршы экендигин билдирген.Стокгольм менен Хельсинки көп жылдык нейтралдуулуктан баш тартып, НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеп кыла баштаган эле. Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг бул мамлекеттер аскердик блокко кирүүнү кааласа НАТО аларды тез кабыл алууну камсыздай турганын билдирген. АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Жулиан Смиттин айтымында, уюм Швеция менен Финляндия жакынкы айларда же жумада альянска кирүү боюнча өз алдынча чечим чыгарат деп күтүүдө. Ал Кошмо Штаттар бул мамлекеттердин НАТОго кошулуу чечимин колдой турганын кошумчалаган.Россия эки өлкөнүн НАТОго кошулушун колдобойт. РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эгер бул нерсе ишке аша турган болсо, чек араны бекемдөөгө туура келерин айткан. Себеби альянстын Россия менен болгон кургактагы чек арасы эки эсе узаргандыктан Москва НАТОнун агрессивдүү аракеттерине даяр турушу керек болот.Россия президенти Владимир Путин Финляндия башчысы Саули Ниинистё менен сүйлөшкөн. Россия лидери Финляндиянын коопсуздугуна коркунуч жаралбагандан кийин аскердик нейтралитеттин салттуу саясатынан баш тартуу ката болуп каларын белгилеген. РФ президенти өлкөнүн тышкы саясий курсунун мындай өзгөрүүсү Россия-Финляндия мамилелерине терс таасирин тийгизиши ыктымал экенин кошумчалаган.
https://sputnik.kg/20220518/turkiya-finlyandiya-shetsiyanyn-natogo-kirishi-uchun-sanktsiyalardy-aluunu-talap-kyluuda-1064492021.html
швеция
финляндия
түркия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/12/1064495519_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_adba7368b9a02316005ae867ce2fac8e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, швеция, финляндия, нато, түркия, россия
дүйнөдө, швеция, финляндия, нато, түркия, россия
Швеция менен Финляндия НАТОго кириш үчүн арыз берди
Аталган эки мамлекет өткөн жекшембиде Түндүк атлантикалык альянска кошулуу тууралуу чечим кабыл алынгандыгын расмий кабарлаган.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Швеция менен Финляндиянын элчилери НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергге альянска кирүү үчүн арызды тапшырды. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
Салтанаттын уюмдун Брюсселдеги штаб-квартирасында болгону кабарланды.
Эске салсак, 15-майда Швеция менен Финляндия Түндүк атлантикалык альянска кире турганы боюнча биринин артынан экинчиси маалымат таратты. Бирок буга НАТОго мүчө болгон бир катар өлкөлөр, анын ичинен
Италия нааразылыгын, Түркия каршы экендигин билдирген.Стокгольм менен Хельсинки көп жылдык нейтралдуулуктан баш тартып, НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеп кыла баштаган эле. Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг бул мамлекеттер аскердик блокко кирүүнү кааласа НАТО аларды тез кабыл алууну камсыздай турганын билдирген. АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Жулиан Смиттин айтымында, уюм Швеция менен Финляндия жакынкы айларда же жумада альянска кирүү боюнча өз алдынча чечим чыгарат деп күтүүдө. Ал Кошмо Штаттар бул мамлекеттердин НАТОго кошулуу чечимин колдой турганын кошумчалаган.
Россия эки өлкөнүн НАТОго кошулушун колдобойт. РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эгер бул нерсе ишке аша турган болсо, чек араны бекемдөөгө туура келерин айткан. Себеби альянстын Россия менен болгон кургактагы чек арасы эки эсе узаргандыктан Москва НАТОнун агрессивдүү аракеттерине даяр турушу керек болот.
Россия президенти Владимир Путин Финляндия башчысы Саули Ниинистё менен сүйлөшкөн. Россия лидери Финляндиянын коопсуздугуна коркунуч жаралбагандан кийин аскердик нейтралитеттин салттуу саясатынан баш тартуу ката болуп каларын белгилеген. РФ президенти өлкөнүн тышкы саясий курсунун мындай өзгөрүүсү Россия-Финляндия мамилелерине терс таасирин тийгизиши ыктымал экенин кошумчалаган.