Батыш Украинаны жардан нары түртчү жагдай жаратты. Саресеп

© AFP / YASUYOSHI CHIBAУкраина аскери. Архивдик сүрөт
Украина аскери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
Жазылуу
Батыш үчүн Украинанын айланасындагы кырдаал улам чиеленишип, карама-каршылыктуу нук алууда. Ал эки эмес, бир нече тоону эңсегендей, аргасыз абалга кептелди.
Ушундай пикирдеги серепчи Ирина Алкснис Украина жаатында Батыштын кадамдарына баам салып, Пентагон менен НАТОнун аракеттерин талдаган. Анын макаласын РИА Новости сайты жарыялаган.
Бир жагынан Украина — Россияга каршы күрөштө негизги жол. Киевге бул жаатында кызуу каралашуудан Батыш баш тарта да албайт, антсе геосаясий жактан утулганын моюнга алганын туюндурат. Буга америкалыктар менен европалыктар азырынча даяр эмес. Экинчи тарабынан батыштагылар Украинада гана эмес, бүтүндөй дүйнөдө тирешти козутуп, өзөктүк державалардын түз кагылышына кептей турган чектен өтүп кетүү коркунучу күч алууда деген үндөр улам катуу жаңыра баштады.
Кыязы, ушундай пикирге кулак сала башташкандай. Соңку убакта америкалык бийликти чыңалууну басаңдатууга чакыруулар тууралуу кабарлар жарыяланууда. Буга жапжаңы мисалды The Washington Post басылмасы жарыялады. Анда Кошмо Штаттар россиялык жогорку даражадагы офицерлердин изи тууралуу чалгын кызматынын маалыматтары менен Киевди камсыздоодон баш тартканын маалымдады.
Дагы бир көрүнүктүү окуя – АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Кытай туурасындагы билдирүүсүнүн токтотулушу. Болушунча катуу сөздөр айтылары күтүлгөн эле. Натыйжада АКШ бийлиги планынан кайтып, Тайвань боюнча көз карашы өзгөрүүсүз каларын билдирди.
Үчүнчүдөн, Украинаны колдоо Батыш, айрыкча Кошмо Штаттарга кымбатка түшүп, катуу чыгымга салууда. Вашингтон пландап жаткан 40 миллиард долларлык жардам топтому таасирлентпей койбойт. Бирок экономика мындай жоопкерчиликсиз саясаттын кесепеттерин жоё албай, бул батыш тутумунун туруктуулугун солгундатып, жарандарын кыйноого салууда. Мунун баарын "Путиндин агрессиясына" шылтоо аракеттеринен да майнап чыкпай, азыр америкалыктардын көпчүлүгү социалдык-экономикалык кырдаал жана өздөрүнүн каржылык абалынын начарлашына өлкө бийлигин айыпташат.
Россия президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
ЖМК: АКШ Путиндин 15 жыл мурунку сөзүн этибарга албай катуу жаңылган
Сенатор Рэнд Пол 40 миллиард долларлык жардам жөнүндөгү мыйзам долбооруна бөгөт коюп, бөлүнүп жаткан каражаттарды көзөмөлдөө боюнча башкы инспекторду дайындоону талап кылды. Ошондой эле ал: "АКШ экономикасын кыйынчылыкка дуушар кылуу менен Украинаны сактап кала алабыз" – деди.
Ошондой эле дагы бир кылдат маселе – Батышта курал, тагыраак ракеталык таңсыктык күч алышы. Кептин баары Украинага жеткирилген куралдар өтө бат короп жатканында. Bloomалberg басылмасы ал жакта күнүнө бир апталык ченем сарпталып жатканын эсептеп көргөн.
НАТОнун кампаларындагы запастар бачым эле азайып, заводдук кубаттуулуктун жетишсиздиги жана ишбилги персоналды жоготуулардын айынан америкалык аскер-өнөр жай комплексинин ишканалары өндүрүштү тийиштүү ыргакка көтөрө албай жатышат.
Европанын абалы андан да начар. Ал эми согуштук аракеттер создуктурулуп, украиналык армияга барган сайын оор, ага жараша кымбат, болгондо да баягы эски – советтик (дээрлик калган деле жок) эмес, өндүрүштөгү курал талап кылынгандай уюштурулууда.
Ошол эле учурда Украина — глобалдык геосаясий партиянын багыттарынын бирөө гана, ал эми АКШнын негизги күчү азиялык чөлкөмгө, тагыраак Кытайга каршы экенин да эстен чыгарбоо абзел. Башка жерлерге да зарыл болуп турганда Батыш Украинага улам көбүрөөк ресурс жумшоого аргасыз.
Ушундан улам НАТО менен Кошмо Штаттардын бул жаңжалдын аягындагы максаты жана узак мөөнөттүү стратегиясы жоктугу тууралуу пикирлердин көп айтыла баштаганы кыйла мыйзам ченемдүү. АКШ (Европадай эле) Украина жаатында бир гана нерсени – Россиянын геосаясий утулушун көздөгөн. Москва аскерий да, экономикалык жана саясий өңүттө да Украина маселесине белчесинен батып калышын күтүшкөнү түшүнүктүү. Атайын операция башталгандан берки дээрлик үч айда иштер алар пландагандай кетпей, Батыш өзү уюштурган украиналык "сазга" өзү тыгылып калгандай.
Мындай жагдай кызуу талданып, себеби аныкталууда. Атап айтканда, Кошмо Штаттар жана Европада россиялык экономиканын бекемдиги жана "тозоктуу" санкцияларга даярдыгын тоготушпаганын моюндашууда.
НАТОнун Брюсселдеги башкы штабы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
Депутат: НАТОнун 1997-жылдагы чек арасына кайтышы — стратегиялык тапшырма
АКШ менен НАТО украиналык армияны заманга бапташтырууда ашкере чоң ийгиликтерге жетишкен. Россиялыктарды украиналык куралдуу түзүмдөрдүн шыктандырылышы менен айкалышкан даярдык жана камсыздалган деңгээли, ошондой эле сегиз жыл бою НАТО аскердик жана идеологиялык планда РФке каршы катуу кайраштырылганы таң калтырды.
Кошмо штаттар жана Түндүк атлантикалык альянстын үчүнчү өлкөлөрдө куралдуу түзүмдөрдү даярдоодо тажрыйбасы кыйла чоң. Бирок мунун өз спецификасы бар. Америкалыктар туура эмес багыттагы түзүмдөр менен дурус иш алпарат. Алардын "куржунунда" даярдалып жана камсыздалган аскер-саясий кыймыл, партизандык уюм, диверсиялык топтор жана ушуга окшогон структуралардын колу менен ийгиликтүү жүргүзүлгөн операциялары арбын.
Туура багыттагы чет өлкөлүк армиялар менен иштөөдө алар көбүнесе катуу кыйроого тушугушат. Буга жапжаңы мисал – афган армиясы тушуккан апаат. Кошмо Штаттар жылдап курап, жабдып, даярдаган армия саналуу күн ичинде талкаланып калды. Сауд Арабиясынын армиясына эбегейсиз акча жумшоо, АКШ менен он жылдап аскер-техникалык кызматташуусу да көмөкчү боло албаганын Йемендеги жаңжал айгинелеп койгон.
Украиналыктар Батышка согушка жогорку даярдыгы менен күтүүсүз болду, бирок бул жагдай күн өткөн сайын өздөрү үчүн жагымсыздыгы артып барат. АКШ жана Европа күткөн сценарий менен кырдаал кандай болорун элестетип көрөлү. Россия атайын операциясын аскердик чеберчиликтин бардык эрежелерине таянып өткөрүп, кыска убакытта Украинанын бир топ бөлүгүн алып коймок. Бирок РФ өзүнүн аскердик атайын операциясын өтө чектелген контингент менен жүргүзүп жатканына күбөбүз. Өз кезегинде батыштын колдоосу менен айкалышкан украиналык армиянын кыйла таасир калтырарлык туруктуулукту көрсөтүүдө. Бул аларды РФ үчүн олуттуу душманга айлантууда. Натыйжада фронт чийини жайбаракат жүрүүдө. Анткен менен Россия чакан, бирок мааниси зор мейкиндиктерди (өнөр жай түйүндөрүн, айыл чарба жерлерин, деңизге чыгуу жолун жана башкаларды) өз көзөмөлүнө алган. Украиналык армия ашынган аракеттери менен жай, бирок өтө көп жоготуулар менен жеңилип барат.
Жыйынтыгы айкын, бирок Батыш ага чейин да төлөөгө тийиш. Ал үчүн каражат таап, ар кандай ресурстарды издеп, көп учурда аларды стратегиялык маанилүү багыттардан бери буруп, улам күчөп бараткан коомдук нааразычылыктарды басып, өз экономикасындагы тешиктерди бүтөөгө туура келет. Батыш бир тууган элдин эки канатын кайраштырып, касташтырганы үчүн дагы далай бармагын тиштейт...
Украинанын артиллериясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Алаңгазардыкка алдырып... Украиналык артиллеристтердин Донбасстагы аракети
Жаңылыктар түрмөгү
0