31 градуска чейин ысыйт. Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКүн ысык аба ырайы. Архивдик сүрөт
Күн ысык аба ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2022
Жазылуу
3-майда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Шейшембиде күндүз республиканын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +22…+27, Талас чөлкөмүндө +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +26…+31, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +19…+24 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +25…+27, Ош калаасында +29…+31 градуска чыгат.
Кыз жоогазындарды карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Майдын алгачкы аптасына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0