COVID-19 пандемиясына байланыштуу эки жылдан бери минтип чогулууга уруксат берилген эмес.Бишкек милициясынын маалыматы боюнча, бүгүнкү айт намазга 35 миңдей киши келди. Аянтта президент Садыр Жапаров да эл менен кошо майрамдык намаз окуду. Аны менен кошо ЖК төрагасы Талант Мамытов, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка бийлик өкүлдөрү келишти. Айт намазына Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев имамдык кылды.Тема боюнча:— Бишкекте окулган айт намазга Садыр Жапаров да катышты. Видео— Нарын шаарында айт намазы окулду. Асмандан тартылган видео
Бүгүн орозо айы аяктап, жер-жерлерде айт намазы окулду. Бишкекте ал салтка айлангандай эски аянтта өттү.
COVID-19 пандемиясына байланыштуу эки жылдан бери минтип чогулууга уруксат берилген эмес.
Бишкек милициясынын маалыматы боюнча, бүгүнкү айт намазга 35 миңдей киши келди. Аянтта президент Садыр Жапаров да эл менен кошо майрамдык намаз окуду. Аны менен кошо ЖК төрагасы Талант Мамытов, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка бийлик өкүлдөрү келишти.
Айт намазына Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев имамдык кылды.