Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Азовсталдагы" туннелдик согуш көпкө узабайт. Аскерий сереп

© Sputnik / Михаил Андроник / Медиабанкка өтүү"Азовсталь" комбинатынын жанындагы аскер
Азовсталь комбинатынын жанындагы аскер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2022
Жазылуу
Россиялык күчтөр Донбасстагы чабуулун күчөтүүдө. Мариуполь Украинанын Куралдуу күчтөрү, Улуттук гвардия, Коопсуздук кызматынын бөлүктөрүнөн куткарылды. Россиянын бул ийгилигин стратегиялык деп баалоого болорун белгилейт аскерий серепчи.
Жанын куткарып калган (аман калган) украиналык аскерлер "Азовсталь" комбинатынын жер төлөсүндө баш калкалап, бирок контрчабуулга алардын дарманы жок. Жер төлөнүн ооздору бүтөлгөн. Чабуул коюлса тегин жерден шейит кетишет, ошондуктан багынып берүүгө туура келет.
РФ коргоо министри Сергей Шойгу 21-апрелде Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы командачысы Владимир Путинге атайын аскердик операциянын жүрүшү, Мариуполду улутчулдардан куткаруу жөнүндө маалымат берди.
Шаар жай турмушка кайтууда. "Азовсталь" комбинатында курчоодо калган улутчул куралдуу түзүлүш жана чет өлкөлүк жалданма аскерлер боюнча Владимир Путин жер төлөдөгү лабиринттерге чабуул койбой (буга 3-4 күн кетмек), россиялык аскерлердин өмүрүн сактоо жана душманга багынып берүүнү сунуштоону тапшырды: "Бул өнөр жай зонасын чымын учуп өтпөгүдөй бөгөттөп салгыла. Куралдарын таштап, багынып берүүнү баарына дагы бир жолу сунуштап көргүлө".
РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 11-мартта Мариуполдогу украиналык топтун жалпы саны 8 100 кишиден ашкан. Алардын төрт миңи шаарды бошотууда жок кылынып, бир жарым миңи багынып берген. 2 000ден ашуун согушкер аталган металлургиялык комбинаттын аймагында жашынууда.
"Азовсталды" толук тазалоого 3-4 күн кетет, бирок жер төлөнүн бардык кириштерин, вентиляциялык шахталарын бүтөп, "гарнизондун" багынып беришин күткөн оң. Андан мурун бир нече күн бою Россия комбинаттын ичинде болушу мүмкүн деп болжонгон жайкын жашоочулар үчүн гуманитардык коридорлорду ачып турду. "Азовсталдын" жер төлөсүнөн эч ким чыккан эмес. Кыязы, жай тургундар ал жакта башынан эле болбосо керек.
Украиналык территориялык коргоо отряды согуш талаасында жай калк деп эсептелбейт. Чет өлкөлүк жалданма аскерлерге (аскердик инструкторлор) да багынып берүүгө туура келет.
"Азовсталда" баарын улутчул ураан бириктирип турган Улуттук гвардиянын "Азов" * полкунун согушкерлери, Украина Куралдуу күчтөрүнүн деңиз пехотасынын 36-бригадасынын өкүлдөрү, чек арачылар жана полиция кызматкерлери бар. Комбинаттын жер төлөсү алдын ала чабуулга даярдалып, мина коюлган.
Дмитрий Троян - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Коркуп калчулардан эмеспиз": жарадар болгон донбасстык кошуунчулардын баяны
Курал-жарак, ок-дары кору, суу жана азык-түлүк запасы кайсы бир маалга чейин жан сактоого мүмкүндүк берет, бирок аман калган жоокерлердин 40 пайызга жакыны жарадар болушкан. РФ жана Донецк Эл Республикасынын союздук күчтөрүнүн күзөтү үчүн бөлүштүрүлгөн аянттар үстүнөн өтмөктөрдү жардырып, жер төлөдөгү "абаны бууп коюшмакчы". Багынып бергендерге тирүү каларына кепилдик берилип, жарадарларга медициналык жардам көрсөтүлөт.
Мариуполдун "Азовсталь" комбинатындагы душманды толук жок кылып коюу татаал деле иш эмес. Чабуулдук операциянын ийгиликтүү өтүшү үчүн эки миң украиналык согушкерге Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн толук кандуу эки бригадасы керек. "Азовсталь" комбинатынын жер төлөсүнүн лабиринттери чабуул үчүн татаал объект, жоготуулар болбой коймок эмес.
Экинчи жагынан каршылаш тарап аргасыз абалда, улутчул түзүмдөр кайсы бир убактан кийин багынып берүүгө мажбур болуп же "гуманитардык эмес коридорлордо" набыт болушу мүмкүн. Анткени кире бериштер жардырылат же катуу цементтелип бүтөлөт. "Периметрлерди" кайтаруу жана туткундарды текшерүү үчүн батальондук тактикалык бир топ жетиштүү.
Мариуполду бошоткон россиялык күчтөр Донбасстын башка кыйла маанилүү тилкелерине жөнөтүлүп, батышка карай багыт алууга даяр. Үстүдөн ок өтпөс техника жана стационардык блокпосттордо патрулдар күзөтүүдө. Көп колду азыр кишини бир нече чакырымдан байкаган чакан көлөмдүү радиолокациялык станциялар алмаштырат. Мисалы, "Фара-ВР" радиолокациялык станциясы жөө аскерди 4 чакырым аралыктан аныктап, ири калибрдүү пулемет же гранатометту мээлөө үчүн маалыматтарды берет. "Кредо-1Е" радары жоокерди 15 чакырымдан аныктап, бир эле убакта 20 бутанын "изине түшө" алат.
Комбинатта белгиленген "периметрлер" боюнча жайгаштырылган радиолокациялык станциялар "Азовсталдын" аймагындагы шектүү кыймылды сөзсүз байкай турганын бөркүңүздөй көрүңүз. Андан соң туткундарды кабыл алуу бөлүктөрү, ыкчам аракет этүү күчтөрү же артиллерия иштейт. Чалгындоочу робот-техникалык комплекстер менен жер төлөдөгү эң далдоо жерлерге да көз салууга болот. Жума аягында металлургиялык комбинаттын жер төлөсүндөгү "Азовдун" согушкерлерин материалдык камсыздоо жана азык-түлүк кампасы жок кылынганы белгилүү болду. Ачкалык, сууга чаңкоо, жер төлөдөгү ыпластык улутчулдарды тезирээк бир чечимге келүүгө түртүшү мүмкүн.
Туннелдик согуш көпкө узабайт. Бөгөттөлгөн украиналык согушкерлердин келечеги жок. Мариуполдогу жүздөгөн чет өлкөлүк жалданма аскер (аскердик) туткундалса, алар Батыш үчүн өзүнчө көйгөй жаратат. Анткени "шибегени капка ката албайт" эмессиңби.
* – аталган уюм Россияда экстремисттик деп тизмеленген.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар
Су-25 чабуулчу учактын ракеталык аткычтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Куру убада, насыяга берилген эски курал. Батыштын Украинага көрсөткөн "жардамы"
Жаңылыктар түрмөгү
0