"Коркуп калчулардан эмеспиз": жарадар болгон донбасстык кошуунчулардын баяны
10:24 22.04.2022 (Жаңыртылды: 10:33 22.04.2022)
Жазылуу
Донецкидеги Республикалык травматология борборуна катуу жарадар болгон жарандар, аскерлер түшөт. Колу же буту кесилип, жарааты өтүшүп, катуу сезгенип калган бейтаптарды ажалдан арачалап калуу үчүн ар бир мүнөт баалуу. Баары фронттук медиктердин колунда...
Донецк Эл Республикасынын армиясынын жоокерлери менен баарлашып, согуш талаасында жарадар болгондорду кантип сактап калып жатышканы боюнча баяндарын Мария Марикян тыңдаган. Анын репортажы РИА Новости сайтына жарыяланды.
"Жашашым керек деп чечтим"
"Баары эле үн ката бербейт. Туура түшүнүңүздөр, өздөрү үчүн эмес, жакындары үчүн санаага батышат. Эмне болорун ким билет", — деп шыбырап эскертти бизге медайым палатанын кире беришинде.
— Балдарды оңтойсуз абалда калтырып коюшум мүмкүн, ошондой аскердик бөлүктөнмүн.
— Мариуполдо болгом. Медиадан көрүнгүм келбейт, ал жакта ата-энем бар.
— Менин жашыра турган эч нерсем жок.
Ошентип баарлашууга макул болгондордун бири Максим Фуклев 2015-жылдан бери согушуп келет. Эки жыл мурун бир кыз менен таанышып калып, аскердик кызматтан кетүүнү чечет. Курулушка ишке орношуп, жай турмушка акырындап көнүп келе жаткан. Бирок быйыл февралда кайра кызматка кайтып, түз эле Мариуполго аттанган.
"26-мартта санымдан жараландым. Пехоталык машинада болчумун. "Муха" (советтик танкка каршы граната) же "Шмель" (советтик огнемёт) деп ойлогом. Көрсө, мина экен. Мээлөөдөгү шеригибиз (наводчик) капкагы ачык турган люктан ыргып кетип, аман калды. Бутумду оодарып кетти. Бүт эркимди топтоп, болгон күчүмдү жыйып машинадан чыктым. Антпесе өрттөнүп кетмекпиз. Жардам тез эле келди", — деп эскерет жоокер.
Улутчул батальондор туурасында кеп кылганда аскер аларды тоготпой коюуга болбостугун, катуу айбат көрсөтүп, кынтыксыз жабдылып, куралдангандарын баса белгилейт. "Окоптордо да аларда интернет иштеп жаткан", – дейт ал. Айтымында, жергиликтүү калкка жырткычтай мамиле кылышкан. "Суу алууга чыккан жайкын тургундарды көзгө атарлары "терип жатты". Адамдар жер төлөдө баш калкалап, ачка, үшүп-тоңуп отурушту. Биз алар менен тамагыбыздан бөлүшүп жаттык", — деп кебин улайт жаракат алган жоокер.
Максимге Илизаров аппаратын коюп, чурай кан-тамырларын тигишкен. Жакынкы күндөрү ага дагы бир операция жасалат. Фуклев илгери үмүтүн үзбөй: "Баары ойдогудай", – деп келечектен күдөрүн үзбөйт.
© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМариуполдогу "Азовмаш" заводунун аймагында жүргөн ДЭР Элдик милициясынын кызматкери
Мариуполдогу "Азовмаш" заводунун аймагында жүргөн ДЭР Элдик милициясынын кызматкери
© Sputnik / Илья Питалев
/ "Өзүбүздүкүлөрдү таштабайбыз"
Дмитрий Троян элдик кошуунга 2018-жылы жазылып, мотоаткычтар бригадасына бөлүнгөн.
Биринчи жараатын эки жыл мурун алган. Көзгө атар аны санга аткан. Ок куймулчак тушту жабыркатып, анын айынан бутундагы кан айлануу кескин начарлап, сезүүсүн чабалдаткан. Ал эми быйыл жазда Марьинкадагы салгылашта жанынан эки метрдей нары жакта граната жарылып, эки көзү жабыркаган. Бир көзүн азырынча дары менен дарылап, экинчисине операция жасалат. Көрүүсү боюнча кепилдик жок, эгер абалы начарлап кетсе, Москвага жөнөтүшөт.
"Биз Украина Куралдуу күчтөрү, улуттук гвардиясы, "Айдар" улутчул батальонунун жоокерлери менен бет келишип жаттык. Биздин багытта алардын 17-танк армиясы аракетте эле. Баарынан Волновах жана Марьинканын жака-белинде катуу салгылаштык. Негизги күчтөр келгенче кармаштык. Бир шеригибиз каза таап, дагы бири катуу жарадар болду. Ок атканды да токтотпой, ошол эле убакта жараат алган жолдошторубузга жардам берүүбүз керек болчу. Эмнеси болсо да, туруштук бердик, — деп баяндайт Дмитрий. — Шейит болгон шеригибиздин сөөгүн бир аптадан кийин гана алып кетүүгө мүмкүнчүлүк болду. Ал эми алар өздөрүнүкүн таштап салышат. Чогуу кызмат өтөгөндөрүнө мына ушундай мамиле".
Волновахта калк кайгырып, Донецк Эл Республикасынын армиясынын жоокерлерин: "Ушунча жыл силер кайда жүрдүңөр эле?" – деп көздөрүнө жаш алып тосуп алышкан. "Жер төлөдө сыз өтүп, балдар ооруган. Жергиликтүү эл украиндерден дары-дармек сурашса берген эмес. Тескерисинче, болгон нерсени талап-тоноп, баарын, анын ичинде дарыканаларды да талкалашкан", — деп кошумчалайт Троян.
"Дима сыяктуу ушундай балдар биз – жай жарандар менен сегиз орундуу бөлмөдө жатат... — деп ачууланат жанындагы палаталашы. — Мындай адамдар алтынга тете, барктап алышыбыз керек. Бизди фашисттерден куткарабыз деп саламаттыгынан ажыроодо…"
Жоокер кол шилтеп, бул жакта мындан оор жаракат алгандарды сакайтып коюшарын айтат.
© Sputnik / Михаил Андроник / Медиабанкка өтүү"Азовсталь" заводунун тегерегиндеги кварталда жүргөн ДЭК Элдик милициясынын кызматкерлери
"Азовсталь" заводунун тегерегиндеги кварталда жүргөн ДЭК Элдик милициясынын кызматкерлери
© Sputnik / Михаил Андроник
/ Сергей Буткону сөздүн түз маанисинде ажалдан арачалап калышкан. Ал 29-марттан тарта кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Марьинкада жарадар болуп, пулемёттун огу оң колун үзүп кетип, майда сыныктар эки бутун тең жабыркатып кеткен.
"Биз чабуул койгон маал эле. Биринчи кол салууда төрт жолдошубуз шейит болду, кийинки топто мен да бар элем. Окопко секиргенге үлгүрбөй калдым, маңдайдан пулемётчик аткылады. Эч нерсени деле түшүнбөй калдым, бир карасам эле колум жок", — дейт жоокер. Аны ок жааган жерден сүйрөп чыгып, кан агууну токтотуу үчүн желим түтүк менен буушту. Ок тынбай атылып, аскерди эки сааттан кийин гана согуш талаасынан алып кетишкен.
Болочок тууралуу азырынча Сергейдин пландары жок. Тынч күндөрдө курулушта иштеп жанын бакчу. Атасы жашында эле өтүп, өспүрүм кезинде апасын да ата-энелик укугунан ажыратып коюшкан.
"Баарыныкындай эле жоро-жолдош, тааныштарым бар. Бирок алардан деле анчейин үмүттөнбөйм. Өзүмө гана таянам", — деп жагдайын жашырбайт жоокер.
Медициналык рота
Жарадар болгондорго фронттук медиктер көмөк көрсөтүшөт. Коопсуз жайдын ок чийининен аралыгы алты чакырымдан кем болбошу шарт. Бирок донецкилик Элланын бригадасы бир гана чакырым аралыкта жайгашкан. Верхнеторецкиден адамдарды ташышат.
Горловканын четиндеги бул айылды марттын аягында бошотушкан. Бирок алигүнчө кооптуу, анткени Украина Куралдуу күчтөрү "Град" (советтик үлгүдөгү залптык октун реактивдүү тутуму) менен улам аткылашат.
"Өтө оор жаракат алып: адатта ампутациялоо талап кылынган, политравма алып же жарааты өтүшүп кеткендер болот. Бейтаптардын абалын турукташтырып, таңгактап, жараатты айланган кандын көлөмүн жөнгө салып ооруканага жөнөтөбүз", — деп түшүндүрөт Элла.
Дарыгер Волновах районунун Рыбинское айылында иштечү. Ал жакта деле Верхнеторецкидегидей эле кырдаал болгонун айтат. Мина көмүлгөн талаалардан жарадар болуп, курман болгондорду алып чыгышар эле.
"Сабаттуу жетектөөдөн улам медиктер арасында жоготуулар жок. Кайсы бир бөлүккө аттанардан оболу жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү үйрөнүп, коопсуз жайга көчүрүүнүн планын аныктап алуу абзел. Багытын кызматтын жетекчиси экөөбүз аныктайбыз", — деп белгилейт айдоочу, чарбалык бөлүмдүн командири жана айдоочу Денис.
"Негизи эвакуациялык жеңил сооттолгон көп функциялуу техника менен иштейбиз. Бирок ок жаап турганда жарадар болгон аскердин жанына жакындаш баары бир кыйын", — деп түшүндүрөт ал. Жакында жаңы – Украина Куралдуу күчтөрүнүн 25-аба-десанттык бригадасынан унааны олжого алышты.
"Верхнеторецкидеги кармашта калыптыр. Дароо аракетке өтүп, алардын дары-дармек, жабдууларын алдык. Дээрлик баары НАТОлук, ал тургай гүлазыгы да алардан. "Калашниковдун" магазиндери да америкалык экен, — деп көрсөтөт Денис Украина Куралдуу күчтөрү таштап кеткен позициялардын сүрөттөрүн. — Ири калибрдүү ок-дары да чет өлкөлүк тура".
Биздин маектеш медициналык ротада 2014-жылдан бери иштейт. Медиктер согуш талаасынан баарын, өз же бөтөн деп бөлбөй алып кетишет. "Бир жолу украиналыктарды алып келишти. Маңзат колдонушкан экен. Биздикилер алардын кампаларынан онкологиялык бейтаптар үчүн күчтүү таасир этүүчү препараттарды табышкан", — деп эскерет ал.
Элла менен Денис үчүн эң баалуусу — бейтаптардын абалы жакшырып, сакайышы.
"Алгач сен алардын көтөрүмдүү болушун өтүнөсүң. Кийин алар сени өздөрү таап, ыраазылыгын айтышат…
Башкысы аман, эсен-соо. Аларды маңдайыңда ошондой көрүү баарынан жагымдуу", — деп жылмаят медик. Анан машинасын от алдырды. Ишке чыгышы зарыл. Согуш талаасынан жарадар болгондорду алып келүү абзел.