Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Куру убада, насыяга берилген эски курал. Батыштын Украинага көрсөткөн "жардамы"

© Sputnik / Денис Гуков / Медиабанкка өтүүСу-25 чабуулчу учактын ракеталык аткычтары. Архив
Су-25 чабуулчу учактын ракеталык аткычтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2022
Жазылуу
Эскилиги жеткен куралдарын киевдик режимге жогорулатылган баада "жапырт өткөрүү" НАТОнун европалык өлкөлөрүнө өз армиясын заманга тезирээк бапташтырып, АКШнын аскер-өнөр жай комплексинин жаңы буюртмалардан ири киреше алышын шарттайт.
Украина он жылдап жамааттык Батыштын "тартууларынын кунун" төлөөгө аргасыз болот. Себеби ленд-лиз – белек эмес экенин эскерткен аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул өтө кооптуу бизнес деп белгилейт. Анын кезектеги макаласы да Украинанын Батыштан алчу жардамдары туурасында.
Кошмо Штаттар менен НАТО Украинадагы кырдаалды курчутуп, жаңжалды узартуу далалатында. Муну киевдик режимге 800 миллион долларлык аскердик жардамдын жаңы топтомун берүү боюнча Вашингтондун планы, союздаштары тарабынан Украина Куралдуу күчтөрүнө истребителдердин жеткириле тургандыгы боюнча Пентагондун билдирүүсү, Германиянын канцлеринин Украинада Россиянын жеңишине жол бербөөгө үндөгөнү ырастап турат.
Украина командачылыгы истребителдер боюнча маалыматты төгүндөөгө шашып, болгону алар тетик же "конструктор" дегендей кылды. Бирок Пентагондун расмий өкүлүнүн сөзү – атылган ок, кайра кайрып ала албайсың. Global Firepower аскердик күч боюнча батыш рейтингинин маалыматына таянсак, россиялык атайын операцияга чейин украиналык Аскер-аба күчтөрүндө сокку уруучу 98 учак, аскер-транспорттук бортунан 32 бирдиги болгон. РФ абадан коргонуу тутумунун каражаттары 20-апрелге дейре киевдик режимдин 140 учагын атып түшүрдү.
Украина асманында жободон тыш он истребитель жана чабуулчу учактардын пайда болушун Чыгыш Европа өлкөлөрүнөн берилген деп болжоого болот. Алардын аэродром жана учкучтары да украиналык болбой калышы да ажеп эмес. Ал ортодо Румыния Украинага 30 жылдан бери пайдаланып келген МиГ-21 Lancer истребителинен 10-12 бирдик сатууга макул болду.
Андан мурун Болгария, Польша жана Словакия да Украина Куралдуу күчтөрүнө советтик өндүрүштөгү 70 Миг-29 истребителин жана Су-25 чабуулчусун сатарын билдиришкен. Булардын ордуна америкалыктар союздаштарына АКШ Аба-космостук күчтөрүнүн кыйла заманбап, бирок жарактан чыгарылган F-16 учактары менен камсыздоого сөз беришкен. Киевдик режимди куралдандыруу менен НАТОнун айрым өлкөлөрү иш жүзүндө Россия менен куралдуу жаңжалдын бир тарабына айланып, чоң тобокелге барышууда.
Украинага курал-жарактын мынчалык агымы – саны бар, бирок сапат менен күчү жоктугун даана көрсөтүүдө. Сактоо же жарактуу мөөнөтү аяктап калган курал жана ок-дарылар берилүүдө. Технологиялык деңгээли да начар.
Bloomberg агенттиги Германияны мисалга алып курал менен камсыздоо принцибин түшүндүрдү. Аталган мамлекет салыштырмалуу заманга ылайык танктарды Чыгыш Европага берип, алар СССР убагынан калган сооттолгон техниканы киевдик режимге жөнөтүшөт. Мындан тышкары, Чехия Украина Куралдуу күчтөрүнүн бузулган техникасын Czechoslovak Group мекемесинде оңдоп берүүгө макулдугун берди. Албетте, акысыз болбойт.
Киевдик режим алпурушкан сайын НАТОнун европалык өлкөлөрү эски куралдарынан ошончолук бачым арылып, Пентагон жарактан чыккан аскердик техникасынан кутулуп, АКШнын аскер-өнөр жай комплекси жаңы буюртмалардан бир топ киреше табат. Киев (эгер Украина мамлекеттүүлүгүн сактап калса) НАТОнун "жардамы" жана АКШнын ленд-лизин он жылдап төлөөгө мажбур болот.
НАТОнун тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун жаңы стратегиялык концепциясы. Альянстын саммитине аскердик сереп
Пентагон 19-апрелде Украина сокку уруучу учак жана запастык бөлүктөрдү жөнөткөнүн моюнга алды. Украинага 11 МиГ-29АС истребителинин берилишин (бул машиналардын абалы канааттандырарлык болбосо да) Словакия өкмөтү сынга алды.
Румыния да Украинага "түбөлүк" МиГ-21 Lancer истребителдерин сатууну убадалаган. Украина абадан коргонуу тутуму март айынын башында жаңылыштык менен ушундай бир учакты атып түшүргөн эле. Ошол окуянын чоо-жайы туурасындагы макала Sputnik сайтына жарыяланган.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн адистери румыниялык МиГ-21 истребителинин аскердик потенциалы жокко эсе деп баалашканы менен акча жана курал-жарак агымын башка кишилер тейлээрин белгилей кетели. Варшава макулдашуусу кабыл алынгандан берки ок өткөрбөс техниканын технологиялык деңгээлин да мурдагы макалалардын биринде талдаган элек.
Киевдик режим Батыштан жакындан текшерүүгө "арзый" турган курал үлгүлөрүн да алууда. Маселен, британиялыктар Украинанын абадан коргонуу тутумун 1980-жылдардын аягында чынжырлуу FV4333 Stormer зооттолгон транспортёрунун негизинде жасалган Starstreak (Stormer Air Defence) зениттик ракеталык комплекси менен бекемдөөгө белсенет.
Жар салынган мүнөздөмөлөрүнө ылайык, мындай аппарат абадагы буталарын 5000 метрге чейинки бийиктикте 300дөн 6000 метрге чейинки аралыктан жабырката алат. Анткен менен согуштук шарттарда бул текшерилген эмес. ESD RA-20S радиолокациялык станциясы Stormer Air Defence комплексине душмандын истребителин электрондук-оптикалык тутуму аркылуу мээлөө менен 7000 м аралыктан коштой алат. Ракета бутасынан 6000 метрге чейинки алыстыкта старт алып, 4000 метрлик аралыкта кагылышат, бирок истребитель-бомбалоочулар мынчалык жапыз учушпайт. Иш жүзүндө Stormer Air Defence – бул чынжырлуу Stinger көчмө зениттик ракеталык комплексинин аналогу.
Экипаж реактивдүү (артиллериялык) дүрмөттөр тургай, россиялык зооттолгон техниканын 30 мм автоматтык замбирегинин огунан да корголгон эмес. Ондогон Stormer Air Defence да украиналык согуштук аракеттер театрында жагдайды өзгөртүп жибере албайт.
"Украинанын суверенитетин коргоо үчүн" Норвегиянын коргоо министрлиги Украина Куралдуу күчтөрүнө франциялык өндүрүштөгү "Mistral" зениттик ракеталык комплексинен жүздөгөн бирдик тапшырды. Аталган комплекс жапыз учкан учак жана тик учактарды атып түшүрүүгө ылайыкталган. Норвегиялык армияда "Мистралдар" эбак куралдануудан алып салынган.
Mistral ракетасынын өзү мээлөөчү учу реактивдүү учактарды 6 чакырым, ал эми тик учактарды 4 чакырымдык аралыктан кармап жана коштой алат. Бутасын 5тен 3000 метрге чейинки бийиктиктен кыйратып, башкача айтканда, бул мобилдик зениттик ракеталык комплекс "Бук" же С-300 түгүл Stinger көчмө зениттик ракеталык комплексинин мүнөздөмөлөрүнө караандай да албайт.
Россиянын аскер кызматкерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун Украинадагы "темир агымын" басаңдатуу. Россиянын максаты жана каражаты
Ошондой эле Норвегия өкмөтү Украинага 4000 танкка каршы ракета жана коргонуу каражаттарынын бир нече түрүн берген. Технологиялык жактан эскирген курал-жарак жана техникасын киевдик режимге Швеция, Дания, Финляндия, Нидерланд, Германия жана Балтика өлкөлөрү да тапшырууда. Алардын арасында советтик "Точка-У" ыкчам-тактикалык ракеталык комплексинин аналогу – 300 чакырымга чейинки аралыкка ылайыкталган америкалык M142 HIMARS (High Mobility Artillery Rocket System) мобилдик комплекси айырмаланып турат. Бирок анын берилиши азырынча арсар. Бул техниканы өздөштүрүү татаал, Украинада ал россиялык күчтөрдүн артыкчылык берилген бутасына айланары ырас, ал эми америкалык ракеталар менен россиялык инфраструктурага сокку урулса, андай жагдай Үчүнчү дүйнөлүк согушка себеп болуп калышы ыктымал.
Украиналык территорияда арсеналдардын күн сайын жок кылынышы РФтин Батыштагы "өнөктөштөрүнүн" көңүлүн чөгөртүүдө. Пентагондун маалыматына ылайык, Россия Куралдуу күчтөрү атайын операция башталгандан тарта Украина Куралдуу күчтөрүнүн объектилерине 1700гө чукул ракетаны (суткасына 30дан ашуун) пайдаланды. Ал эми баллистикалык жана канаттуу ракеталардын корунун азайганы туурасында кеп жок.
18-апрелде Львовдогу аскердик кампаларга урулган россиялык ракеталык соккудан улам Украина Куралдуу күчтөрү америкалык, германиялык жана британиялык Javelin, PanzerFaust жана NLAW танкка каршы ракеталарынын эбегейсиз корунан (ондогон тонна) кол жууду. Украиналык жоокерлерге бул арсенал бир айлык активдүү согуштук аракеттерге жетмек.
20-апрелге оогон түнү Россиянын ыкчам-тактикалык жана армиялык авиациясы Украинанын 73 аскердик объектисин, анын ичинде төрт башкаруу пунктун, жоокер жана техникасы топтолгон 57 түйүндү, жети таяныч бекетин жана ок-дары сакталган төрт кампаны жок кылды. РФтин ракеталык күчтөрү жана артиллериясы Украина Куралдуу күчтөрүнүн 1053 объектисине сокку урду.
Атайын операциянын 55 суткасынын ичинде россиялык күчтөр 140 учак, 496 учкучсуз учуучу аппарат, 253 зениттик ракеталык комплекс, 2388 танк жана башка зооттолгон аскердик машина, залптык октун реактивдүү тутумунун 256 түзүлүшүн, 1029 талаа артиллерия куралы жана миномёт, ошондой эле атайын аскердик автомобилдик техниканын 2232 бирдигин "демилитаризациялаган". Улутчул киевдик режимди жоюу аракети уланууда. Россия Куралдуу күчтөрүнүн Донбасстагы чабуулу ийгиликтүү жүрүүдө.
Дагы бир жагынан АКШ жана НАТО Украинага берилген куралдын дал кайда кеткенинен кабары жок. Украина Куралдуу күчтөрү ушундай ири жоготууларга дуушар болуп жатканда эмнегедир Африка өлкөлөрүнө ашыкча "куралдардын экспортунун" көлөмү өсүүдө. Украина мыйзамдарында артыкбаш курал-жаракты согуш маалында да сатууга негиз каралган. Коргоо министрлиги танк, ок өтпөс автомобиль, автомат, винтовка, граната жана чарайна (алдынкы катарда өздөрүнө тартыш) камтылган "ассортиментти" сатуу боюнча 970 беттик документ даярдаган.
Оптимизация максатында украиналык Башкы штаб Батыш Украинанын территориялык коргоо отряддарын куралсыздандырууну, блокпосттордо коюлган Javelin, NLAW, Stinger ракеталык комплекстерин алып коюуну талап кылды.
Башкы штабдын маалыматы боюнча, жалпы Jаvelin танкка каршы комплекстеринин 15 пайызы территориялык коргоо отряддарында. Мындан тышкары, NLAW 25%дан кем эмеси жана Stinger көчмө зениттик-ракеталык комплексинин он пайызга жакыны алардын колунда. Бирок Галицияны куралсыздандыруу мүмкүн болбой калды. Себеби батыш украиналык "партизандардын" жетекчилери андай мүлктүн жоктугун расмий түрдө билдиришти. Чарайна, каска жана башка аскердик мүлктөрдү сатуунун схемасы түзүлгөнү мурдатан айтылып келген эмеспи.
"Украиналык долбоордон" майнап чыкпай баратканда германиялык канцлер Олаф Шольцтун россиялык армиянын жеңишине жол бербөөгө үндөгөнү куру чакырык сымал. АКШ менен НАТОнун агрессивдүү геосаясий кыялдары алардын мүмкүнчүлүктөрүнө шайкеш келбегени айдан ачык.
РФтин "өнөктөштөрү" Россияны жана көп полярдуу дүйнөнү өз кызыкчылыктарына ыңгайлаштыра алышпайт. Ушул аптада Плесецк космодромунан "Сармат" континенттер аралык баллистикалык ракетасынын учурулушу Россиянын технологиялык жана коргоо артыкчылыгын Батышка дагы бир ирет эскертет. "Сармат" – 18 миң чакырым аралыкты багындырып, 10 миң тоннанын тегерегинде пайдалуу жүк (ар бири 800 тонналык ок) ташый алчу дүйнөдөгү эң күчтүү ракета.
Тарыхтын сабагы ушул экен: планетадагы агрессивдүү коңшулардын жоопкерчилиги жана эпке келиши алардын жазасыз калышына чек коюлганда башталат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
 Сармат баллистикалык ракетасынын сыноо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2022
Мизи кайтарылгыс табылга. Россиянын "Сарматы" айрымдарды санаага салчудай
Жаңылыктар түрмөгү
0