Сызга отуруп калбагай эле... Россиядан титан жөнөтүлбөсө Airbus эмне болот?

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүAirbus A320 учагы. Архив
Airbus A320 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Жазылуу
Россияны учаксыз калтырууну көздөгөн Европа өзү кыйын абалда калганы турат. Кезектеги санкциялар авиакосмос тармагы үчүн негизги сырьё — титандын импортуна эмбарго коюшу мүмкүн.
Эгер чектөөлөр ишке аша турган болсо өндүрүштү кыскартып, колдо бар учактарды пайдаланууга туура келет. Boeing россиялык сырьёсуз эле жашап кетерин жар салды. Бирок Airbus океандын ары жагындагы атаандашынын ойлонулбаган кадамын кайталоого даяр эмес. Наталья Дембинскаянын макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.

Кайдан табыш керек

Россиялык "ВСМПО-Ависма" Boeing компаниясынын титанга болгон муктаждыгынын үчтөн бир бөлүгүн, Airbus компаниясынын 60 пайызын, ал эми бразилиялык Embraer компаниясын толугу менен камсыздайт. Марттын башында Boeing Россия менен соодасын токтотуп, дүйнө жүзү боюнча товар менен камсыздоочуларды топтоп алгандыктан запасы мол экенин айткан.
Бирок Airbus компаниясынын сатуу боюнча Европадагы директору Воутер Ван Верш компания өндүрүштү мурдагыдай эле 2023-жылдын ортосуна чейин күчөтүү ниетинде экенин билдирди. Бул айына A320 түрүндөгү 65 учак дегенди түшүндүрөт. Эмбаргонун тийгизчү кесепетинен улам европалыктар Boeing компаниясын кайталоодон баш тартты.
Airbus башкы директору Гийом Форинин айтымында, эгер эмбарго күчүнө кирсе, запас көпкө жетпейт. Мындан улам европалык өндүрүшчү саясатчыларды санкцияга этият мамиле жасоого чакырды.
Airbus "ВСМПО-Ависма" менен 1990-жылдардан бери кызматташып келет. Алгач чийки зат гана сатып алчу. Кийинчерээк металлургиялык жарым фабрикаттар кошулду. Бул штампталып механикалык иштөөдөн өткөн толук кандуу продукция.
Титан — абдан бышык жана жеңил металл. Андан учактын шасси, лонжерон сыяктуу маанилүү түйүндөрү жасалат. Авиациялык кыймылдаткычтын башка деталдары ысыкка туруштук берген титан эритмесинен даярдалат.
Газ компрессордук станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Франциялык экономист: РФке каршы санкциялар Европада тополоңду шарттайт

Алмаштыра турган эч нерсе жок

Америкалык Boeing АКШ, Япония, Кытай жана Казакстандагы өндүрүүчүлөргө таянууда. Япониянын Toho Titanium жана Osaka Titanium компаниялары "ВСМПО-Ависмадан" кийинки экинчи орунда турган ири өндүрүшчү. Toho дефициттен улам өндүрүштү күчөтүп жатканын жар салды. Буйрутмаларынын саны 20 пайызга көбөйүп кеткен.
Анткен менен европалыктар үчүн альтернативдүү мүмкүнчүлүктөр чектелүү.
"Мисалы, Казакстан менен Япония прокат (титандын негизинде даярдалган эритмеден жасалган жарым фабрикат) эмес, болгону титан губкасы менен куймасын гана сунуштоодо. Америкалыктар, кытайлыктар Boeing, Bombardier жана башкалар менен түзүлгөн келишимди аткаруу үчүн европалык авиакурулуштун муктаждыгын толугу менен канааттандыра албайт", — деди өнөр жай боюнча көз карандысыз эксперт Леонид Хазанов.
Россиянын титанына коюлган эмбарго учак чыгаргандар үчүн да, аларды камсыздагандар үчүн да сокку урат. Мындан SpaceX менен кызматташкан испаниялык Aernnova Aerospace компаниясы, Airbus өнөктөшү Safran компаниясы катуу жабыр тартат. Евробиримдиктин авиакуруучулары буйрутмаларын үзгүлтүккө учуратып, ишканалардын темпи жайлайт, демек жумушчуларды кыскартууга туура келет.

Сөз бойдон калат

Байкоочулардын айтымында, ошол эле катуу кеткен Boeing деле акыры Россиянын титанына кайтып келет. Москва кандай болгон күндө да утулбайт.
"Металл кампада сакталып турат, бул газ же нефть эмес да. Анын үстүнө ага Россиянын аскердик өнөр жай комплекси тарабынан суроо-талап күч. Жарандык авиацияда өндүрүш кыскарат", — деди көз карандысыз авиаэксперт Дмитрий Адаминов.
Анын айтымында, америкалык корпорация чынында жалпы экономикалык абалдан улам ушундай чечимге келген. Анткени учактарга заказ өтө эле эрте жасалат, ал эми дүйнөлүк экономика антироссиялык санкциялардан жабыркап турган маалда суроо-талап анча болбойт. Мындан улам Boeing чындап эле колдо бар запасы менен күн көрө алат. Бирок Адамидов кырдаал калыбына келгенде Boeing Россия менен кызматташуусун кайрадан жанданта турганын белгиледи.
"Титан эмбаргосу европалык авиаөнөр жайын кыйратышы мүмкүн. Санкциялар ушуну менен токтосо керек, болбосо Брюсселдин аткаминерлери авиаишканалардын кызматкерлери менен араздашышы мүмкүн", — деди Хазанов.
Ал эми Россиянын титан индустриясы кеме куруу, атом энергетикасы, химия өнөр жайы сыяктуу тармактарга көңүлүн бура алат.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2022
Путин: Россия санкциялык басымга туруштук бере алды
Жаңылыктар түрмөгү
0