https://sputnik.kg/20220414/lbma-kyrgyzshchstan-altyn-tizme-1063640788.html
Элчи алтын экспортун калыбына келтирүү үчүн LBMA өкүлү менен жолукту
Элчи алтын экспортун калыбына келтирүү үчүн LBMA өкүлү менен жолукту
Sputnik Кыргызстан
Элчи Улан Жусупов "Кыргыз алтын" ишканасы тарабынан LBMA стандарттарына ылайык бардык талаптар аткарылып жатканын билдирди. 14.04.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-04-14T13:14+0600
2022-04-14T13:14+0600
2022-07-14T18:16+0600
кыргызстан
экономика
экспорт
кумтөр
алтын
улан жусупов
lbma
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e6/04/0e/1063640888_0:731:2048:1883_1920x0_80_0_0_9b5dacc138ddd51cce7c526c19fc6eb0.jpg
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (LBMA) аткаруучу директору Сахила Мирза менен жолугушуп, тараптар Кыргызстанга "жакшы жеткирүүчү" (Good Delivery) макамын кайтарып берүү боюнча маселенин учурдагы абалын талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.Элчи Жусупов "Кыргыз алтын" ишканасы тарабынан LBMA стандарттарына ылайык бардык талаптар аткарылып жаткандыгын белгилеген.Ал эми Сахила Мирза Кыргызстанга LBMA менен тыгыз кызматташып жаткандыгы жана аталган көйгөйдү чечүү боюнча аракети үчүн ыраазычылык билдирди.Эске салсак, Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы (LBMA) "Кыргыз алтын" ишканасын ишенимдүү жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен былтыркы жылдын сентябрь айында чыгарып салган. Анда "Кыргыз алтынга" ири каражатты мыйзамсыз чыгаруу аракети, Кумтөр кенинин активдерин мыйзамсыз басып алуу боюнча айыптар коюлган.4-апрель күнү президент Садыр Жапаров Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын карамагына өткөнүн, канадалык компания менен бардык маселелер чечилгенин жар салган.
https://sputnik.kg/20220408/mirzieev-zhaparovdu-kumtor-kuttuktady-1063493103.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/0e/1063640888_0:293:2048:1829_1920x0_80_0_0_3083c34809856a04e4204da1d3b42da0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, экспорт, кумтөр, алтын, улан жусупов, lbma, сүрөт
кыргызстан, экономика, экспорт, кумтөр, алтын, улан жусупов, lbma, сүрөт
Элчи алтын экспортун калыбына келтирүү үчүн LBMA өкүлү менен жолукту
13:14 14.04.2022 (Жаңыртылды: 18:16 14.07.2022) Элчи Улан Жусупов "Кыргыз алтын" ишканасы тарабынан LBMA стандарттарына ылайык бардык талаптар аткарылып жатканын билдирди.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (LBMA) аткаруучу директору Сахила Мирза менен жолугушуп, тараптар Кыргызстанга "жакшы жеткирүүчү" (Good Delivery) макамын кайтарып берүү боюнча маселенин учурдагы абалын талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Элчи Жусупов "Кыргыз алтын" ишканасы тарабынан LBMA стандарттарына ылайык бардык талаптар аткарылып жаткандыгын белгилеген.
"Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. компаниясы башкаруу боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салып, келишим түзүлдү. Кыргызстан документ боюнча алган милдеттенмелерин толук аткарууга даяр жана канадалык компаниядан дагы дал ошондой кадамды күтөт", — деди элчи.
Ал эми Сахила Мирза Кыргызстанга LBMA менен тыгыз кызматташып жаткандыгы жана аталган көйгөйдү чечүү боюнча аракети үчүн ыраазычылык билдирди.
"Кыргызстан Good Delivery тизмесинин ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мындан ары да олуттуу салым кошот деп ишенем", — деди ал.
Эске салсак, Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы (LBMA) "Кыргыз алтын" ишканасын ишенимдүү жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен былтыркы жылдын
сентябрь айында чыгарып салган. Анда "Кыргыз алтынга" ири каражатты мыйзамсыз чыгаруу аракети, Кумтөр кенинин активдерин мыйзамсыз басып алуу боюнча айыптар коюлган.
4-апрель күнү президент Садыр Жапаров Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын карамагына өткөнүн, канадалык компания менен
бардык маселелер чечилгенин жар салган.