00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Диетолог: арыктайм дегендер суу, көк чай, айран ичиши керек

© Photo / Pexels / Pavel DanilyukКыз айран ичип жатат. Иллюстративдик сүрөт
Кыз айран ичип жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Жазылуу
Адистер салмак таштайм дегендерге күн сайын сегиз стакан суу ичүүнү сунуштаган. Ага жалбыз менен лимонду кошсо дагы жакшы.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Ашыкча салмактан арылууга жардам берген суусундуктар тууралуу британиялык диетологдорго шилтеме кылып "Известия" жазды.
Күн сайын суу ичип туруу организмде суунун балансын кармап, арыктоого жардам берет. Суунун касиети липолиз процессинде, башкача айтканда, майды кетирүүдө маанилүү роль ойнойт.
Адистер салмак таштайм дегендерге күн сайын сегиз стакан суу ичүүнү сунуштаган. Ага жалбыз менен лимон кошсо дагы жакшы.
Андан кийин эле формада болом дегендер үчүн көк чай пайдалуу. Анын курамындагы антиоксиданттар менен катехиндер зат алмашууну тездетет.
Ошондой эле диетологдор рационго кычкыл сүттүү суусундуктарды кошууга кеңеш берет. Мисалы, айран ичеги-карындагы микрофлораны жакшыртып, сезгенүүлөрдү алдын алат. Ошондой эле май катмарларын кетирип, иммунитетти көтөрөт.
Мындан сырткары, жашылча менен жемиштен жасалган смузи менен протеин коктейлдери арыктоого жардам берип, суунун балансын кармап турат.
"Коон, дарбыз, кулпунай жана шпинаттын 90-100 пайызы суу. Банан, апельсин, алмурут, ананас, авокадо жана сабизде суунун көлөмү 70-90 пайызды түзөт. Булардан организм сууну гана эмес, керектүү витаминдерди да алат", — деген адистер.
Мындан сырткары, диетологдор антиоксиданттарга бай кара кофени сунуштаган. Бирок арыктагысы келгендер шекер, майлуу сүт, каймак жана башка зыяндуу кошулмаларды кошпошу керек.
Таразага түшүп жаткан кыз. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2022
Тез эле арыктап кеттиңизби? Эндокринолог коштоочу ооруларды тизмектеди
Жаңылыктар түрмөгү
0