Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Террорчудан ашып түштү..." Украиналык күч органдары эмнеси менен айырмаланды?

© AP Photo / Vadim GhirdaУкраинанын аскерлери
Украинанын аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2022
Жазылуу
Кыйнап, кордоп, психологиялык жактан мазактап, жазалап... Желеде украиналык күч органдарынын туткунга түшкөн аскерлерге жасаган дегеле адамгерчиликке сыйбаган мамилесине улам жаңы далилдер жарыяланууда.
Украина Куралдуу күчтөрү жана улутчул батальондор жүздөрүн жашырып да койбостон колго түшкөн россиялык жоокерлерди аткылап, майып кылып жаткандарын камерага тартып, интернетке өздөрү чыгарышат.
Расмий Киев ооз учунан мындай окуяларды айыптаганы менен жөн гана көз жуумп коюуда. Иш жүзүндө улутчулар каалагандай мыкаачылык аракеттерге барууга карт-бланш алгандай эле болду. РИА Новости сайтына серепчи Андрей Коцтун ушул туурасындагы макаласын жарыялаган.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн жакындагы эле видеосунда асфальтта Россиянын Аба-десанттык күчтөрүнүн канга боелгон төрт жоокери жатат. Бирөө тирүү калыптыр, кыймылдап, киркиреп жатат. Бирок эч ким ага жардам бергенге ашыккан жок. Тескерисинче, украиналык күч органдарынын өкүлү анын жанына келип, автоматы менен камырабастан үч ирет атып өлтүрдү. "Мына булар, коргоочулар, мына россиялык армия", — деп кубаттайт оператор.
Аскерлердин сөөгү жерде тизилип жатат, ар бири бир жолу башка атылганы байкалат. Бирөөсүнүн колдору артка байланган. Кийинчерээк бул видеодо 30-мартта россиялык күчтөр Киев облусунан чыгып баратканда кармалган жоокерлер тартылганы белгилүү болду. Аскердик десанттык машина буктурмага тушуккан.
"Украина Куралдуу күчтөрүнүн аскерлеринин, украиналык аскердик түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн аракеттери согуш туткундарына карата мамиле жөнүндөгү Женева конвенциясын одоно түрдө бузуп жатканын", — билдиришти Россиянын Тергөө комитети.
Аталган комитеттин төрагасы кылмыш ишин козгоп, болгон окуялардын жагдайын кылдат изилдеп, улутчулдардын кимдигин аныктап, кылмыштарына далилдерди каттоону тапшырды. Социалдык медиадан ошол тасманын айрым "каармандарын" бачым эле аныктап коюшту. Болжол менен бири – "Грузиялык легиондун" согушкери Теймураз Хизанишвили, экинчиси – киевдик Алексей Антонюк. Булар Донбасста иш сапар менен көп ирет болуп, согуштук тажрыйбалары бир топ.
Туткундагыларды кыйнап, кордогон алгачкы тасма интернетке 27-мартта жарыяланды. Анда улутчулдар жарадар болгон россиялык жоокерлерди мазакташкандары чагылдырылат. Сурак маалында алардын бири үзүлгөндөй болду. Калган үчөөнү да бутка атышат. Андай жараат менен медициналык жардам көрсөтүлбөсө, адам тез эле кансырайт эмеспи. Ошол эле күнү андан да мыкаачылык чагылдырылган ролик чыкты. Улутчул киши колу-буту байланган аскерди бычак менен аеосуз өлтүрөт. Россиялык тергөөнүн маалыматы боюнча, ошол мыкаачылыкка 28 жаштагы Сергей Величко жана 26 жашар Константин Немичев катышкан. Экөө тең — ультраоңчул идеологиянын жактоочулары, "Азов" полкунун "Кракен" бөлүгүнүн командалык курамына киришет. РФ Тергөө комитети аларга да кылмыш ишин козгоду.
Брюсселдеги Европарламенттин имаратынын алдында адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Азыркы жагдайда Европанын күткөнү эмне? Ой толгоо
Туткундарды кордогондордун жосундары адатта Украинадагы улутчулдарды көз жаздымда калтырчу батыш журналисттеринин да үрөйүн учуруп катуу таң калтырды. Маалымат каражаттарынын бир даары Киевди согуш жүргүзүүнүн эрежелерин бузууга айыптады. Ошондо гана бир чара көрүүгө түрткү болду окшойт.
Президенттин кеңешчиси Алексей Арестович аскер туткундарына мындай мамиле кылмыш экенин мойнуна алып, күнөөлүүлөрдү жазалоого чакырды. Ушундай эле ойду марттын аягында Стамбулдагы жолугушууда да украиналык өкүлдөр россиялык делегацияга айтышкан. Анткен менен Величкону да, Немичевди да кармашкан жок.
Киев андай видеолорду жарыялоого ( кыйноого эмес, элге көрсөтүүгө) гана тыюу салды. Бирок улутчулдар ал тыюуну деле тоготушкан жок. Жакында эле Россия Коргоо министрлиги алмашуу боюнча украиналык туткундан келген аскерлер менен маектешкен. Жоокерлер аларды аеосуз сабап, муздак жайларда кармап, азык да бербегенин айтышкан.
Тынымсыз мазактап, психологиялык кысымга алышп, аларды кантип өлтүрүшөрүн аларга угуза талкуулашкан. Айрыкча учкучтарга кыйын болуптур, түнү бою кыйнап-сабап, майып кылып салышарын айтып коркутушкан.
Аларга салыштырмалуу багынып берген украиналыктар кармалган шарттар санаторийди эске салат. Республикалык оорукана, госпиталда дарылап, армиялык азыктар менен багып, туугандарына телефон чалууга да уруксат беришүүдө.
"Алардан бир гана өтүнгөнүбүз – камера алдында аскер жолдошторун куралдарын таштоого чакыруу, — дейт Донецк Эл Республикасынын армиясынын офицерлеринин бири. — Душмандын туткундагы аскерин кыйнап жана атып салууга абийирибиз жол бербейт. Согуш аяктап, туткундагылар алмашылат. Ал эми аскердик кылмышка баргандар, айрыкча улутчулдар жоопко тартылат. Кастарын тиккендерге адамгерчиликтүү мамиле — биздин туткунга жакшы жарнама болот. Жакында эле Мариуполдо 250дөн ашуун деңиз пехотачысы багынып берди. Эгер бизде туткун тозок болсо, алар буга даай алышмак эмес".
Украиналык күч органдарынын россиялык жоокерлерге жасаган мамилеси "Ислам мамлекетинин"* согушкерлеринин же мексикалык баңгизат картелдеринин мыкаачылыгын эске салат.
* Кыргызстан, Россия жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюм.
Танктын алдында Украина жоокери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мизинцев: Украина жай тургундарды жапырт ууландыра турган чагым уюштурду
Украинадагы Буча шаарынын тургуну - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Калп айтат". Батыш Геббельстин ыкмаларын кайталап жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0