Бостериде суу түтүгү соруп кеткен 18 жаштагы уландын өлүмү боюнча иш токтотулду

© Sputnik / Михаил ДудинЫсык-Көлдүн Бостери айылындагы аквапарк. Архив
Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы аквапарк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2022
Жазылуу
Тараптардын элдешип алышынын негизинде сот чечими чыккан.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы аквапаркта 18 жаштагы уланды суу түтүгү соруп кетип каза болушу боюнча кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, өткөн жылдын 20-декабрында Ысык-Көл райондук соту тарабынын тараптардын элдешип алышынын негизинде айыпталып жаткан Т.А.Б. аттуу жарандын иши токтотулган.

"Айыпталуучу менен жабырлануучу тарап элдешкен. Ысык-Көл райондук сотунун чечимине каршы жогорку инстацияга даттанышкан жок", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, былтыр 27-июль күнү Ысык-Көлгө эс алууга барган 18 жаштагы уланды Бостери айылындагы аквапаркта суу түтүгү соруп кетип каза болгон.
Жолдогу бара жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2022
Бишкекте айдоочу сүзүп кетип көз жумган кыздын аты-жөнү такталды
Жаңылыктар түрмөгү
0