Элиталык спецназ. 28 жыл толгон "Скорпион" тууралуу фактылар

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Скорпион" атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн жоокерлери. Архив
Скорпион атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2022
Жазылуу
КР Куралдуу күчтөрүнүн "Скорпион" атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн түзүлгөнүнө 28 жыл толду.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги белгилүү аскер бөлүк тууралуу фактыларды топтоду.

Түндүк командачылыгына карайт

52806 аскер бөлүгү — "Скорпион" спецназы Чүйдүн Токмок шаарында жайгашкан. Ал 28 жылдык тарыхында атайын даярдыктагы рота, отряд, батальон, бригада, андан кийин аскер бөлүк болуп аталып келет.
Бул бөлүк түптөлгөнүнө бир жыл болгондон кийин эле АКШга барып машыгуудан өтүп келген. Андан кийинки тажрыйбаны Тажикстан менен Афганистандан алган.
"Скорпиондун" мыкты даярдыгы, тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткара билиши, техникалык жактан жетиштүү камсыздалышы, аскерлердин экипировкасы жана эл аралык окууларда өлкө намысын татыктуу коргошу аны элиталык бөлүккө айланткан.
© Sputnik / Табылды КадырбековАтайын багыттагы аскер бөлүктүн жоокерлери Кытай, Россия, Казакстан, Индия жана башка мамлекеттерде өткөн эл аралык окуу-машыгууларга ар дайым катышып келишет
Антитеррористические учения ШОС Мирная миссия — 2016 на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2022
Атайын багыттагы аскер бөлүктүн жоокерлери Кытай, Россия, Казакстан, Индия жана башка мамлекеттерде өткөн эл аралык окуу-машыгууларга ар дайым катышып келишет

Негизги милдеттери

Күжүрмөн даярдыкты жогорку деңгээлде кармоо, өлкөнүн ички жана сырткы коопсуздугун камсыздоо, чалгындоо иштерин жүргүзүү, ошондой эле террордук коркунучтарга жана мыйзамсыз түзүлгөн эл аралык куралдуу топторду жок кылууга ыкчам чараларды көрүү.

Баткен окуясы: ийгиликтер, алгачкы жоготуулар

"Скорпиондун" спецназдары көп жылдык тарыхында бир топ ишке салым кошкон. Бирок алардын белгилүүлүгүн арттырган ири тапшырмаларын санап берүүнү туура көрдүк.
Атайын багыттагы аскер бөлүк 1999-жылы Баткен жергесиндеги эл аралык диний экстремисттердин тобун жок кылуу операцияларына активдүү катышып, согушкерлердин жоон тобун жок кылган. Анда катардагы жоокер Улан Муканбек уулу менен кенже лейтенант Шаирбек Эрмеков душмандардын колунан курман болгон. Бул аскер бөлүктүн тарыхында алгачкы жоготуу эле. Мекен үчүн жанын бергендерге жана 30га чукул жоокерге мамлекет тарабынан сыйлыктар жана медалдар тапшырылган.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Скорпион" дене бойго жана тактикалык даярдыкка бөтөнчө көңүл бурат. Жоокерлердин эрки күчтүү, акылы тунук жана зирек болуп, түрдүү кырдаалдан чыгууга даяр болушу шарт.
Испытание среди бойцов спецназа Скорпион на получение зеленого берета - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2022
"Скорпион" дене бойго жана тактикалык даярдыкка бөтөнчө көңүл бурат. Жоокерлердин эрки күчтүү, акылы тунук жана зирек болуп, түрдүү кырдаалдан чыгууга даяр болушу шарт.

Июнь окуясында коопсуздукту камсыздаган

"Скорпион" 2010-жылы июнь айында түштүк жергесиндеги кагылышууда коопсуздукту жөнгө салуу максатында күжүрмөн тапшырмаларды аткарган. Кызматтык милдетин аткаруу убагында сержант Азамат Сурантаев каза болгон. Ага кийин Эрдик медалы ыйгарылган.

Быйыл Казакстандагы башаламандыкта жөнөтүлгөн

2022-жылы коңшу өлкөдө митингдер болгону маалым. ЖККУ президент Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунун негизинде тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. Кыргызстандын аскерлерди жөнөтүүгө макулдугун берип, ал жакка "Скорпиондун" аскерлери, 8 соотолгон техника жана 11 аскердик автоунаа жөнөтүлгөн. Жоокерлер негизинен стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга жардам берери айтылып, кийинчерээк кыргызстандык аскерлер Алматыдагы маанилүү стратегиялык объект катары эсептелген ТЭЦ-2ни кайтарып жатканы белгилүү болгон.
© Sputnik / Табылды КадырбековӨздүк курам бекитилген пландын негизинде күн сайын даярдыктын ар кандай түрлөрүнөн өтөт
Испытание среди бойцов спецназа Скорпион на получение зеленого берета - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2022
Өздүк курам бекитилген пландын негизинде күн сайын даярдыктын ар кандай түрлөрүнөн өтөт

Даярдыгы, жетишкендиктери

Атайын багыттагы аскер бөлүктүн жоокерлери Кытай, Россия, Казакстан жана башка мамлекеттерде өткөн эл аралык окуу-машыгууларга ар дайым катышып келишет. Жакында эле Индияга "Канжар — IХ 2022" аталышындагы машыгууга жөнөтүлгөн.
"Скорпион" дене бойго жана тактикалык даярдыкка бөтөнчө көңүл бурат. Мындан тышкары, жоокерлердин эрки күчтүү, акылы тунук жана зирек болуп, түрдүү кырдаалдан чыгууга даяр болушу шарт. Өздүк курам бекитилген пландын негизинде күн сайын даярдыктын ар кандай түрлөрүнөн өтөт. Мисалга алсак, тактикалык, аба-десанттык, чалгындоо, суу алдында жүрүү, тоо шартындагы даярдык, ок атуу, инженердик, дене тарбиялык жана башка тапшырмаларды аткарышат. Анын ичинде кол уруш (рукопашный бой) боюнча дагы чеберчиликтерин жогорулатышат. Ошондой эле аскердик техниканын бардык түрүн башкарганды өздөштүрүшөт.
"Скорпионго" 2003-жылы КРдин президенти — Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы тарабынан күжүрмөн байрак тапшырылган. Ошондой эле мыкты даярдыкта ийгиликтерге жетишкендиги үчүн Коргоо министрлигинин Вымпели менен сыйланган.
2004-жылы Куралдуу күчтөрдүн аскер бөлүктөрүнүн ичинен күжүрмөн даярдыгы боюнча биринчи орунга ээ болуп, КРдин президенти — КК башкы командачысы тарабынан "Аскердик каармандык" Вымпели менен сыйланган.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Скорпиондун" аскерлери заманбап курал-жарак, техникага ээ, ошондой эле алардын кийим-кечектери мыкты
Военные учения в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2022
"Скорпиондун" аскерлери заманбап курал-жарак, техникага ээ, ошондой эле алардын кийим-кечектери мыкты

Техникалык жактан камсыздалышы

"Скорпиондун" аскерлери заманбап курал-жарак, техникага ээ. Алардын куржунунда ар кандай үлгүдөгү мылтыктар, тапанчалар, снайпердик винтовкалар, пулемёттор, гранатомёттор, снаряддар, күнү-түнү байкоо жүргүзүп, оптикалык жана оптоэлектрикалык тутумдарды аныктоочу шаймандар бар. Ошондой эле парашют, лыжа, сноуборд, квадроцикл, параплан, байланыш каражаттар жана башка көптөгөн нерселер менен камсыздалган. Мындан тышкары, жогорку ылдамдыктагы аскер техникасы, автоунаалар, жолтандабастар, сооттолгон транспорт менен камсыз болушкан. Белгилей кетсек, жоокерлер дагы сапаттуу, универсалдуу тактикалык кийим-кече жана экипировкага ээ.
© Sputnik / Табылды КадырбековАскерлер "Скорпиондун" чыныгы жоокери болуу үчүн эмблема катары чаяндын сүрөтү түшүрүлгөн жашыл беретти алганга аракет кылышат
Испытание среди бойцов спецназа Скорпион на получение зеленого берета - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2022
Аскерлер "Скорпиондун" чыныгы жоокери болуу үчүн эмблема катары чаяндын сүрөтү түшүрүлгөн жашыл беретти алганга аракет кылышат

Ардактуу жашыл берет

"Скорпиондун" чыныгы жоокери болуу үчүн эмблема катары чаяндын сүрөтү түшүрүлгөн жашыл беретти алганга аракет кылуу керек. Баш кийимди кийүү сынагына аскер бөлүктө бир жылдан ашуун кызмат өтөгөн, өзүн тартиптүү, үлгүлүү алып жүргөн, оор тапшырмаларга күжүрмөн даярдыгы жогорку аскерлер катыша алат.
Сыноо үч этап менен өтөт. Талапкер ар бирин "жакшы" жана "эң жакшы" деген баага тапшырышы керек. Алгач дене бой даярдыгын көрсөтүшөт. Кийинки баскычта аскердик негизги сабактардан (теориялык, практикалык) профессионалдык билими бааланат. Берилген суроолорго туура жооп берсе үчүнчү этапка өтөт.
Акыркысы эң кыйыны жана кызыктуусу болуп эсептелинет. Бул учурда жоокердин дене тарбиялык жана психологиялык чыдамдуулугу айкалышы керек. Тапшырмада аскер куралы, противогаз жана 10-15 килограммдык аскердик буюм-тайымдары менен кошо белгиленген аралыкка көрсөтүлгөн убакытта чуркап өтүшү керек. Бул чуркоодо ар кандай тоскоолдуктардан өтүү каралган. Маселен, курал менен бутага тийгизе атып, аны көз ачып жумганча чачып жана кайра чогултушу зарыл. Ошондой эле парашютун ачып, кайра жыйнайт. Аскердик тосмолордон чеберчилик менен өтүп, уу чачылган жерден противогаз кийип өтүшү керек. Андан сырткары, радиобайланыш менен тиешелүү маалыматтарды берип турууну көрсөтүшөт.
Сыноодон татыктуу өткөн жоокерлерге салтанаттуу түрдө эңсеген жашыл берет тапшырылат.
© Sputnik / Табылды КадырбековАтайын дайындоодогу аскер бөлүк быйыл жакында эле 28 жылдыгын белгиледи
Празднование 30-летия Дня независимости Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2022
Атайын дайындоодогу аскер бөлүк быйыл жакында эле 28 жылдыгын белгиледи

Талапкерлерге талаптар

"Скорпиондун" катарына кошулам дегендер моралдык-психологиялык жактан төп келип, дене бой даярдыгы мыкты болгондон тышкары каалоосу күч болушу керек.
Атайын багыттагы аскер бөлүктөргө кызмат өтөө үчүн КРдин жараны, соттолбогон, ата-энеси бар, ден соолугу чың, спорттук разряддарга ээ, терс сапаттардан алыс (чылым чегүү, аракечтик) болушу кажет. Ал эми билими орто билимден жогору болуусу абзел. Жаш курагы 18 жаштан 30 жашка чейин, бою 175 сантиметрден жогору болушу шарт.
"Скорпиондон" сырткары Кыргызстандын Күч түзүмдөрү менен Куралдуу күчтөрүндө спецназдын канча түрү бар, алардын милдеттери, аткарган тапшырмалары, күжүрмөн даярдыгы, техникалык жактан камсыздалышы жана кандидаттарга талаптары тууралуу Sputnik даярдаган лонгридден окуңуздар.
Асмандагы спецназ. Бишкектен парашют менен секирген жоокерлердин 14 сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2022
Асмандагы спецназ. Бишкектен парашют менен секирген жоокерлердин 14 сүрөтү
Альфа, Шумкар, Скорпион”… Эң сырдуу кызматтар тууралуу баяндайбыз  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2020
"Альфа", "Шумкар", "Скорпион”… Эң сырдуу кызматтар тууралуу баян
Жаңылыктар түрмөгү
0