Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Жалгыз уулубуз эле... Украинада курман болгон Зарифулиндин атасы видеодо

© Sputnik / Табылды КадырбековУкраинадагы атайын операция учурунда курман болгон теги кыргызстандык Рустам Зарифулиндин сөөгү бүгүн Кара-Балтада жерге берилди.
Украинадагы атайын операция учурунда курман болгон теги кыргызстандык Рустам Зарифулиндин сөөгү бүгүн Кара-Балтада жерге берилди. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Жазылуу
Украинадагы атайын операция учурунда курман болгон теги кыргызстандык Рустам Зарифулиндин сөөгү бүгүн Кара-Балтада жерге берилди.
Жоокерди акыркы сапарга узатуу зыйнатына РФ менен КРдин аскер кызматкерлери катышты. Аскер бөлүктө аны жоопкерчилиги жана командирлик сапаттары үчүн сыйлашчу.
 
"Экономика жана укук техникумуна тапшырып, бизде окуган. Бокс боюнча спорттун кандидаты жана чебери болгон. Республикалык жана эл аралык турнирлердин бир нече жолку чемпиону эле. Абдан так, олуттуу, жакшы жигит болчу. Жаңы нерселерди үйрөнүүгө аракет кылчу. 2017-жылы техникумду аяктап, Россиядагы аскердик колледжге тапшырган. Бир жыл кызмат өтөп, контракт боюнча калып калган", - деди маркумдун Адыл аттуу жакын досу.
Сержанттын атасы Равиль Зарифулин уулу декабрь айынын соңунда Кыргызстанга келип кеткенин билдирди.
"Ал өргүүгө чыгып, эс алганы келген. Жаңы жылды тосуп, Бишкектеги туугандарга барганбыз. Кыш деген кыш да, ары-бери жакка чыга алган эмеспиз. Тоодо өзүбүз жакшы көрүп эс алган жерибиз бар. Шаркыратма агып турат. Ал жерде апасы, уулум үчөөбүз шиш кебек бышырчубуз. Келген сайын кой сойчубуз, мага жардам берер эле. Жанымда болгонуна сүйүнчүмүн, андан соң досторуна барчу. 25-январда эки тарапка билет алып, 26сында учуп кеткен. Апасы экөөбүз аны узатып ыйлаганбыз... Жалгыз уулубуз эле. Бир чети сыймыктанабыз", - деди атасы.
Зарифулин кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнүн офицеринин айтымында, Рустам Зарифулин жетектеген бөлүк өз тапшырмасын аткаруу учурунда аткылоого кабылып, аскерлер жаракат алган, бирок ага карабай өз милдеттерин аткарууну улантышкан. Рустам алган жараатынан улам көз жумган. Ал көрсөткөн каармандыгы үчүн Россиянын Эрдик ордени менен сыйланган.
Рустам Зарифулин 18 жашында Россиянын жарандыгын алгандан кийин өзү аскер комиссариатына барып аскерге чакыруусун суранган. Андан соң ал Куралдуу күчтөргө келишимдик негизде кызмат өтөөгө которулган. Аны менен катар эле офицер болуп, өмүрүн аскердик жашоого арноо үчүн жогорку окуу жайга тапшырган.
Украинада курман болгон Рустам Зарифулиндин тажиясынан сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада курман болгон Рустам Зарифулиндин тажиясынан сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0