Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Байден НАТОнун Украинадагы кырдаалга кийлигишүүсүнө жол берди

© REUTERS / Elizabeth FrantzАКШнын президенти Жозеф Байден. Архив
АКШнын президенти Жозеф Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Жазылуу
АКШ президенти эгерде Россия Украинага каршы химиялык курал колдонууну чечсе, жооп кайтара турганын айтып коркутту.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Америка президенти Жозеф Байден АКШ жана анын НАТОдогу союздаштары эгерде Россия Украинага каршы химиялык курал колдонууну чечсе, "жооп кайтара турганын" билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биздин кадамдын мүнөзү жасалган аракетке жараша болот", — деген Байден Брюсселдеги НАТОнун кезексиз саммитинде.
Буга чейин Байден Россия бийлиги химиялык жана биологиялык куралга ээ экенин, аны АКШ менен Украинага каршы колдонууну карап жатканын айтып чыкканын билдирген. РФтин тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков бул билдирүүнү кара өзгөйлүк жана жалаа катары баалап, өлкөдө жогорудагы куралдардын бирөө дагы жок экенин белгилеген.
Ошол эле маалда Пентагон Россия химиялык жана биологиялык куралды колдонот деген маалыматы жок экенин айткан.
Буга чейин Россиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков украин улутчулдары уулуу заттарды колдонуу менен чагымчылдык жасап, бул аракеттерин орус аскерлерине түртө салышы мүмкүн экенин эскерткен. Мындан тышкары, Россиянын Вашингтондогу элчилиги "Украинанын радикалдык топтору Американын атайын кызматтарынын көзөмөлү менен карапайым калкка каршы чагым жасоо үчүн уулуу химикаттарды колдонуунун бир нече сценарийин даярдашканы" Москвага маалым экенин белгилеген.
Дипломатиялык өкүлчүлүк АКШ азыркыга чейин аскер тармагында колдонулчу уулуу заттардын запасын жок кылбаганын эске салган.
Россия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирген. Тилекке каршы, эки тараптан тең адам курмандыктары бар.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
АКШ президенти Жозеф Байдендин уулу Хантер Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2022
Жо Байдендин уулунун Украинада биолабораторияларды каржылоого катышканы айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0