00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

24-мартта нагыз элдик революция жасалган. Садыр Жапаровдун элге кайрылуусу

© AP Photo / Misha Japaridze"Жоогазын" революциясында кишилер. Архив
Жоогазын революциясында кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2022
Жазылуу
Жапаров 2005-жылы 24-мартта коом адилетсиздикке жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы нагыз элдик революция жасаганын, ал өз максатына канчалык жеткен-жетпегени башка кеп экенин белгилеген.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта, Элдик революция күнүндө кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчы кайрылуусунда соңку жылдагы ыңкылаптар бийлик үчүн чоң сабак алуучу тарыхый фактылар экенин белгилеп, алдыда элдин үмүтүн актап, тилектерин орундатуу милдети турганын белгилеген.
Ошондой эле учурда дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланышкан экономикалык оор абалды эл бекем ынтымак менен жеңип чыгарына ишеним артып, бул үчүн бийлик аракет көрүп жатканын айткан.
Президенттин кайрылуусун толугу менен беребиз.
"Урматтуу мекендештер!
Кыргыз эли — эзелтен азаттыгы үчүн жан аябай күрөшүп келген баатыр эл, эркиндикти туу туткан, калыстыгы жок бийлик менен келише албаган кайраттуу калк. Ошол улуу көчмөндөрдүн урпактары катары азыркы кыргыз коомчулугу дагы адам укуктарын басмырлоого жол бербеген, сөз эркиндигин жогору койгон, улуттук ар-намыс үчүн тайманбай күрөшкөн жаратман эл экенин дүйнө элине көрсөтө алды.
2005-жылдын 24-мартында коомубуз адилетсиздикке жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы нагыз элдик революция жасады. Ал өз максатына канчалык жеткен-жетпегени башка кеп.
Мамлекет тагдырында бурулуш окуя катары бааланган парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондуктан өлкөнүн булуң-бурчунда элдик толкундоолор күч алып, акыры анын үнүн укпаган, текебер мамиле менен элдин эркине каршы чечимдерди кабыл алган бийлик кулатылган.
Кечээ жакында эле белгиленген Аксы коогалаңы, андан берки ыңкылаптар — бири-бирине тыгыз байланыштуу окуялар. Алар Кыргызстандын соңку тарыхындагы кайсыл гана бийлик болбосун чоң сабак алуучу тарыхый фактылардан болуп калды.
Алдыбызда демократия жолунда өнүгүүгө умтулган элибиздин үмүтүн актап, тилектерин орундатуу милдети турат. Ал үчүн ар кандай келечектүү багыттарда өзгөрүүлөрдү жасап, реформаларды жүзөгө ашырабыз деген мүдөө-максаттарыбыз бар.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Элибиз башка түшкөн кыйынчылыктар менен сыноолорду ынтымак, биримдик аркылуу жеңип, бүгүнкү күнгө чейин эгемендигин сактап келе жатат. Ата-баба жолун аздектеп келген кыргыз калкы мындан ары дагы эркиндик, азаттык, акыйкаттык деминен эч качан жанбастыгына бекем ишенем.
Далай чоң сыноолорду башынан кечирген элибиз бүгүнкү күндө дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланышкан экономикадагы оор абалды дагы бекем ынтымакка, бузулгус биримдикке таянып жеңип чыгарын бөркүмдөй көрөм. Ал үчүн туруктуулукту сактап, экономикалык өсүү ыргагын камсыздоо үчүн күч үрөп жатабыз.
Кыргызстаныбызда тынчтык, кыргыз коомчулугунда урагыс ынтымак болсун!".
Март революциясы
Бүгүн, 24-мартта, "жоогазын ыңкылабы" деп аталган ири саясий окуяга 17 жыл толду. Элдик толкундоолор 2005-жылы 11-мартта Жалал-Абадда башталып, ал Кыргызстандын бардык аймактарына жайылган. 24-мартта оппозиция өкмөт үйүн басып алган. Ал эми кечинде Бишкекте мародерлук башталган.
Ошол учурдагы президент Аскар Акаев үй-бүлөсү менен Россияга чыгып кетип, ошондон бери ал жакта жашайт. Жаңы мамлекет башчысы болуп Курманбек Бакиев шайланган. Ал дагы беш жылдан кийин, 2010-жылы апрелде, бийликтен кулатылган. Бакиевдин учурунда 24-март — Элдик революция күнү деп майрам катары белгиленип келген. 2012-жылы бул дата майрам деп белгиленбей, бирок 2016-жылы эскерүү күн катары жарыяланган.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Аксы окуясына 20 жыл. Элдин аң-сезимин өзгөрткөн каргашадагы ирмемдер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Аксы окуясына 20 жыл. Элдин аң-сезимин өзгөрткөн каргашадагы ирмемдер
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Чет элдиктер Аксы жаратылышын чагылдырып калды. Жапаровдун кайрылуусу
Жаңылыктар түрмөгү
0