00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
06:31
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Труд без рабства: как защищают трудящихся в Кыргызстане
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
1-май — Эмгек майрамы. Өлкөдө эмгек мыйзамдары жумушчулардын укугун канчалык деңгээлде коргоп жатат?
09:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Максимальный репост
Как решить проблему смога: что мешает чистому воздуху в Кыргызстане?
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мамлекеттик социалдык заказ программасынын бюджети көтөрүлдү — быйыл кандай долбоорлор ишке ашырылат?
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ЕАЭС прибавил в темпах: как рост ВВП скажется на жизни людей
12:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстан Ислам университети — салттуу ислам түшүнүгү, исламдык диний билим берүүнү реформалоо кандай?
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Первомай по-новому: права работников и их ошибки
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Личный интерес
Первомай по-новому: права работников и их ошибки
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
Редкие инструменты и большая душа: интервью с лидером этно-группы «Рунара»
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чет элдиктер Аксы жаратылышын чагылдырып калды. Жапаровдун кайрылуусу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Жазылуу
Мамлекет башчы Кыргызстандын бүтүндүгү жана элдин эркиндиги үчүн өз жанын аябаган аксылыктардын эрдигине таазим кылган.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Аксы окуясынын 20 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1/4

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Аксы окуясынын 20 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду

Анда Кыргызстандын эгемен мезгилдеги тарыхында орчундуу орунду ээлеген, коомдук аң-сезимдин багытын белгилүү нукка бурган окуялардын бири — 2002-жылдагы Аксы окуясы экени белгиленет. Ошол учурда бийлик бутактарында карама-каршылык күчөп, реформалар үзүрүн бербей, жеке кызыкчылыктар үстөмдүк кылып турганын, эл өз түйшүгүн өзү тартып, аткаминерлер элден бир топ эле четтеп калганын айткан.
"Натыйжада мамлекеттеги абал курчуп, бийликтин бардык бутактарында Акаевдин үй-бүлөсүнүн жосунсуз жоруктары чектен ашкан. Социалдык-экономикалык абал оорлоп, саясий кырдаал кризиске кабылган. Аксы районунун тургундары эл байлыгын талоонго алууга, өлкөнүн улуттук байлыгын сатууга макул болбогон азаматтарды кысымга алган текебер бийликке жалтанбастан каршы чыгышкан. Авторитардык жана коррупцияга чырмалган режимге каршы чечкиндүүлүк, каармандык менен күрөшкөн. Келечекке кайдыгер карабаган аксылыктар өз кызыкчылыгынан эл кызыкчылыгын жогору койгон", — деген президент.
Жапаров эгемен Кыргызстандын тарыхында бир нече төңкөрүш орун алганын, алар демократия жолундагы, таза, эркин, өнүккөн мамлекет куруу сапарындагы эң оор, мааниси терең тарыхый окуялар экенин, ал эми өкүнүчтүүсү, бул тарыхый төңкөрүштөр карапайым жарандардын өмүрүн алганын белгилеген.
"Аксы трагедиясында курман болгон атуулдарыбыз биздин эсибизде түбөлүккө сакталат. Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн, элдин эркиндиги үчүн өз жанын аябаган аксылыктардын эрдигине таазим кылам! Эгер 20 жыл мурда Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн изилдөөчүлөр, журналисттер ушул кайгылуу окуяны чагылдырганы келишсе, эми Аксынын мээнеткеч жана меймандос калкын, Сары-Челек, Падыша-Ата сыяктуу керемет жерлерин, адам буту баса элек чытырман токойлорун, айтылуу кара өрүк бактарын көргөнү келип жатышат. Аксы жергеси жыл өткөн сайын өзгөрүүдө", — деген өлкө башчы.
Жапаров бүгүнкү күндө калыстыкты туу туткан элдин эркине каршы келген буга чейинки жагымсыз окуялардан, урунттуу учурлардан сабак алып, демократиялык өлкө катары өнүгүүгө, бакубат жашоого умтулуу башкы мүдөө экенин белгилеген.
Мамлекет башчы кайрылуунун соңунда элди ынтымакта болууга чакырып, өлкөгө тынчтык каалаган.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылы 17-мартта жергиликтүү эл нааразычылык акциясына чыккан. Алар Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун камалышына каршы чогулган. Ошондой эле Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө талабын коюшкан. Аларды токтотуу үчүн Боспиекте тартип коргоо кызматкерлери күч колдонуп, ок чыгарып, анын кесепетинен алты адам каза болуп, бир нечеси ур-токмокко алынган. Бул боюнча тартип коргоо органдары тарабынан атайын "Тайфун" операциясы жүргөн.
Ошондой эле мамлекет башчы "Ала-Тоо" аянтында Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.
Апрель революциясынын катышуучлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Тарых музейинде Апрель окуясы чагылдырылбай калганбы? Жетекчиликтин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0