https://sputnik.kg/20220315/ala-archa-okumushtuular-forum-otot-1062850317.html
"Ала-Арча" резиденциясына дүйнөнүн чар тарабынан окумуштуулар чогулат
"Ала-Арча" резиденциясына дүйнөнүн чар тарабынан окумуштуулар чогулат
Sputnik Кыргызстан
Форумдун максаты — илимдеги көйгөйлөрдү талкуулоо, коомду өнүктүрүүдө анын ролун көрсөтүү, ар кайсы өлкөнүн илимий ишмерлерин чогултуу. 15.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-15T13:05+0600
2022-03-15T13:05+0600
2022-03-15T13:10+0600
кыргызстан
форум
окумуштуулар
илим
изилдөө
пресс-борбор
https://sputnik.kg/img/102920/24/1029202453_0:261:5004:3076_1920x0_80_0_0_6765baeee9715a47c3ef34bd1968b81e.jpg
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 22-23-апрель күндөрү "Санариптик трансформация жана глобализация доорундагы дүйнөлүк илим жана заманбап чакырыктар" аттуу эл аралык форум өтөт. Бул туурасында президенттин алдындагы Улуттук аттестациялык комиссиянын төрайымы Бакыт Тыналиева Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде билдирди.Анын айтымында, мындай масштабдагы иш-чара өлкөдө биринчи ирет өтүп жатат.Форумдун максаты — илимдеги көйгөйлөрдү талкуулоо, коомду өнүктүрүүдө анын ролун көрсөтүү, окумуштуулардын аброюн көтөрүү, ар кайсы өлкөнүн илимий ишмерлерин чогултуу."Биз президентке ушундай форум өткөрүүнү сунуштап, ал макулдук берди. Уюштуруу комитетине Улуттук илимдер академиясынын, Билим берүү жана илим министрлигинин, көптөгөн жогорку окуу жайлардын, илим изилдөө институттарынын өкүлдөрү кирди", — деди Улуттук аттестациялык комиссиянын төрайымы.Илимдер академиясынын академиги Алтай Бөрүбаев бул форум кыргызстандык окумуштууларга кандай пайда алып келерин айтып берди.Ошондой эле ал форум жаш изилдөөчүлөргө мастер-класс катары пайдасы тие турганын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20220124/kyrgyzstan-forum-eek-1061478100.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102920/24/1029202453_278:0:4726:3336_1920x0_80_0_0_3c72ace43807e41eb026b5ae1a366804.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, форум, окумуштуулар, илим, изилдөө
кыргызстан, форум, окумуштуулар, илим, изилдөө
"Ала-Арча" резиденциясына дүйнөнүн чар тарабынан окумуштуулар чогулат
13:05 15.03.2022 (Жаңыртылды: 13:10 15.03.2022) Форумдун максаты — илимдеги көйгөйлөрдү талкуулоо, коомду өнүктүрүүдө анын ролун көрсөтүү, ар кайсы өлкөнүн илимий ишмерлерин чогултуу.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 22-23-апрель күндөрү "Санариптик трансформация жана глобализация доорундагы дүйнөлүк илим жана заманбап чакырыктар" аттуу эл аралык форум өтөт. Бул туурасында президенттин алдындагы Улуттук аттестациялык комиссиянын төрайымы Бакыт Тыналиева Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, мындай масштабдагы иш-чара өлкөдө биринчи ирет өтүп жатат.
"Биз форумга дээрлик бардык дүйнөдөгү окумуштууларды чакырып жатабыз. Ага: Россия, АКШ, Сингапур, Сербия, Түркия, Казакстан, Кытай, Өзбекстандын илимий ишмерлери катышат. Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт. Программада пленардык жана профилдик жогорку окуу жайларда өтүүчү беш секциялык жыйын камтылган", — деди Тыналиева.
Форумдун максаты — илимдеги көйгөйлөрдү талкуулоо, коомду өнүктүрүүдө анын ролун көрсөтүү, окумуштуулардын аброюн көтөрүү, ар кайсы өлкөнүн илимий ишмерлерин чогултуу.
"Биз президентке ушундай форум өткөрүүнү сунуштап, ал макулдук берди. Уюштуруу комитетине Улуттук илимдер академиясынын, Билим берүү жана илим министрлигинин, көптөгөн жогорку окуу жайлардын, илим изилдөө институттарынын өкүлдөрү кирди", — деди Улуттук аттестациялык комиссиянын төрайымы.
Илимдер академиясынын академиги Алтай Бөрүбаев бул форум кыргызстандык окумуштууларга кандай пайда алып келерин айтып берди.
"Биринчиден, пленардык жыйында доклад жасагандар ири көйгөйлөрдү көтөрүп, аны чечүү ыкмалары жөнүндө айтышат. Экинчиден, илимий макаланы окуп жатканда суроо бере албайсың, мында ошондой мүмкүнчүлүк жаралат. Үчүнчүдөн, конференциядан сырткары бет маңдай жолугуп сүйлөшүүгө болот. Биздин окумуштуулар белгилүү кесиптештери менен тааныша алышат", — деди Бөрүбаев.
Ошондой эле ал форум жаш изилдөөчүлөргө мастер-класс катары пайдасы тие турганын кошумчалады.