Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Путин рыноктон кетип жаткан компанияларга тышкы башкаруу киргизүү идеясын колдоду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүИКЕА дүкөнү. Архив
ИКЕА дүкөнү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2022
Жазылуу
Президент Россияда калган жана Россияда иштеп жаткан чет элдик инвесторлордун укугу сакталышы керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Владимир Путин өкмөттүн Россия рыногунан кете турганын билдирген компанияларга тышкы башкаруу киргизүү идеясын колдоду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Президенттин өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу жыйынында премьер-министр Михаил Мишустин азыркы тапта көпчүлүк чет өлкөлүк компаниялар жумуш орду жана айлык акыны сактоо менен ишин убактылуу токтотуу тууралуу билдирип жатканын айткан.
Мишустин бийлик өндүрүштү жабууну алдын алууга багытталган мыйзам долбоорун даярдаганын кошумчалаган.
"Эгер чет өлкөлүк компаниялар себепсиз ишин токтотсо, анда өкмөт тышкы администрация киргизүүнү сунуштайт. Ишкананын андан аркы тагдыры компания ээсинин чечиминен көз каранды болот. Ошол эле учурда башкы максат уюмдун ишмердүүлүгүн жана жумуш орундарын сактап калуу", — деген Мишустин.
Бул сунушка жооп берип жатып Путин Россиянын эшиги баарына ачык экенин айтып, бардык чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иштешүүгө даяр экенин кошумчалаган.
"Россияда калган жана Россияда иштеп жаткан чет элдик инвесторлордун укугу сакталышы керек. Өкмөттөн буга жакшылап көңүл бурууну суранам. Ал эми өндүрүшүн жабам деп жаткандар боюнча чечкиндүү иш алып баруу зарыл. Өкмөт башчы сунуштагандай, тышкы башкаруу киргизип кийин бул ишканаларды иштегиси келип жаткандарга бериш керек", — деген РФ башчысы.
Владимир Путин мыйзамдуу рыноктук инструменттер өлкөдө жетиштүү экенин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0