Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Киев Дубайга айланып бара жатканда

© REUTERS / VALENTYN OGIRENKOКиев шаары, Украина. Архив
Киев шаары, Украина. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Жазылуу
Киев Украинада "демилитаризация жана денацификация" аскердик атайын операциянын башталышынан бери бир нече күндү башынан өткөрдү. Кырдаал чыңалып, калаада белгисиздик өкүм сүрдү.
Аталган аймактагы абалга абай салган россиялык журналист, колумнист Валерий Михайловдун макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Киев башка жерлерден айырмаланып, бир топ эле тынч болду, ал эми шаарга жана анын тургундарына негизги көйгөйдү жергиликтүү жана башкы бийлик түздү. Эвакуация (Киевде эле эмес, тирешүүлөр жүрүп жаткан эл жашаган бир топ жайлар) баштала элек, көрүнгөн кишиге эле автоматты кармата бермей, билип туруп эле жасалган диверсанттык мания, коменданттык сааттын узактыгы боюнча түшүнүксүз чечим, айтор, айта берсе тизме дагы уланат.
24-февралда кирип баргандан кийинки шоктон жана россиялык десантчылардын Гостомелдеги аэродромду (Киевдин чет жакасынан 10 чакырымга жакын аралык) кармап турганынан соң 26-27-февралда киевдиктерде жакын арада "агрессорлордун" үстүнөн "жеңиш" болот деген ишеним кайтып келе баштады.
Муну бир нече кырдаал-жагдай шарттады.
Биринчиден, мамлекеттик кубаттуу пропаганда.
Экинчиден, ККМПБдин (акыркы сегиз жылда "батыш өнөктөштөрү" жакшы эле "сүйрөп" келген Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматтык-психологиялык бөлүктөрү) сансыз фейктерди коё берип, агрессорлор болуп көрбөгөндөй жоготууга учурады жана тынч жашаган элге жырткычтык мамиле жасап жатат деп жаздырткан иши. Тактап айтканда, украиналык "Бук" ЗРК ракетасынын Киевдеги көп кабаттуу үйгө барып түшкөнү, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн РСЗО системасынан залп менен Харьковдун чет жакасындагы эл турган районду аткылоосу жана дагы бир топ кылыктары россиялык армиянын аракеттеринен кийин автоматтык түрдө чыгып кашкайып көрүнүп калды. Эл, албетте, буга дароо ишенди.
Үчүнчүдөн, көпчүлүктүн аркы-беркини салмактап ой жүгүртпөгөнү болду. Украиналык аскерлер Гостомель аба майданын тартып алганын мамлекеттик пропаганда 25-февралда эки ирет кабарлады. Бирок россиялык күчтөрдүн андан кийин да ал жерде болгону публиканы ойлонткон деле жок.
Змеиный аралында Россиялык аскер-деңиз флот (АДФ) колго түшүрүп жатканда аягына чейин туруп, кашык каны калгыча салгылашып, "курман болду" деген 13 чек арачы боюнча эпизод аягында өздөрүн өтө эле уят кылды. Зеленский өзүнүн кайрылуусунда аларга "көзү өттү" деп кийин Украина Баатыры наамын ыйгарып жиберген. "Курман болгон" чек арачыларды (алардын саны 13 эмес, 82 болуп чыкты) россиялык АДФ багынып берди деп кабарлаганда Зеленский эмнеге аларды тирүүлөй эле "көөмп" койгонуна бирөө-жарым кызыкты дейсизби? Жок! Себеби кээ бирөөлөр Владимир Путин алгач Зеленскийди аталган маселеде алдап, адаштырып жатат деп ойлоду, андыктан, президенттин өзүн осол кылган, жогорудагыдай чечим кабыл алып жибергенине шарт түздү. Алар тирүү турса деле соңку версия Киевде ооздон-оозго өтүп айтылып, тарап жатты.
Тилекке каршы, видеодогу туткундарга жасалган татыксыз мамиле көп жарандар үчүн башка көз карашты жаратты, андыктан кааласа да, каалабаса да денацификация маселесине алып келет.
Бул "жеңиштүү" толкундун эпкини менен Киевде агрессорду бурчка такап коёру (бул жакын арада болчу иш дешти) менен Украинаны Евробиримдикке, НАТОго кабыл алып тим болбостон, инвестицияга көмүп салышарын сөз кыла башташты. Бир аз чыдасак эле жашоо Дубайдагыдай болот деген ишенимде болушту.
С-400 Триумф ракеталык сокку комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина Беларуска ракеталык сокку урушу мүмкүн. Лукашенко Путинден С-400 сурады
Эң кызыгы, жакында жарк эте турган бакыт туурасындагы ишеним тууралуу азык-түлүк дүкөнүнүн алдында турган узун кезекте, иштебеген дарыканаларды айланчыктап турганда кеп болуп жаткандыгы.
Киевде ошол кезде согуштук аракеттер болбосо да, бир жарым суткалык коменданттык саат жарыялап, 26-февраль кечки саат бештен 28-февраль эртең мененки саат сегизге чейин шаардык бийлик эмнегедир элди үйгө камап койду. Киевде элдин үчтөн эки бөлүгүнөн көп киши калбаса да, үйдөн узак убакытка чейин чыкпай, суу, нан сатып алуу чектелгендиктен кыштын соңку күнү аягы көрүнбөгөн кезектер жаралды. Дүкөндөрдүн текчесинен азык-түлүк жоголгон эмес, бирок нан менен сүт боюнча тартыштык жаралып, баалар өстү. Дары-дармек да азайып бара жатат.
Шаар бийлиги элдин эсинен чыгарбай, абадан кооптуулук жаралууда деген эскертүүлөрдү байма-бай жарыялап жатат. Шаардын өзүнөн оор артиллерия түндүктү карай – баягы биз сөз кылган Гостомель тарапты жана анын жака-белиндеги эл жашаган аймакты көздөй аткылагандыктан, кыязы, жыйынтыгында эч нерсе деле калбайт өңдөнөт. Андыктан Донецк менен Горловка аймагындагы эл турган жерлерге курал мээленбейт деп айтууга болбойт. Ок Киевдин жан-жакасы боюнча да учуп жатат. Андыктан Зеленский өз сөзүндө айткан "Мриянын" жок кылынышы азыр Гостомелди ээлеп тургандардын колунан келген "декоммунизация" эместиги айкын иш.
Киевдиктерге тартууланган дагы бир нерсе – бийликтин билип туруп эле жасаган диверсантоманиясы болду. Бийлик тараткан он миңдеген автоматтардын "бактылуу" ээлеринин биринчи огу 25-февралда жаңырды. Андан кийин "автоматчандар" арасында "диверсанттарга" жасалган аңчылык арбый баштап, жазасыз калган бир нечелеген өлтүрүү менен коштолду. Ошентип, муну да бийлик "жолго салып" берди. Маселен, шаар мэри Кличко, коменданттык саат учурунда ким рулга отурса, андан кийин коомдук транспорттун тилкесине чыккандардын баары диверсант деп жарыялады. Албетте, аларга карата ок чыгарууга уруксат да кылды. Айтмакчы, мындай мүмкүнчүлүктү Кличко эле эмес, башка шаар башчылары да беришти. Бул окуялардын фонунда "диверсанттар" калтырып кеткен белгилерди издөө, телефондордун геолокациясын өчүрүү тууралуу ИИМинин жарыя берип да жибергенин шоктук катары кабылдоого болот.
Киевде россиялык аскерлерди, жумшартып айтканда, кучак жайып күтүп отурушкан жок, жашоочуларга мурдатан "тиешелүү" маалыматтар берилген. Бирок белгилей турган нерсе, чыгыш аймактарда башка мамиле болушу мүмкүн, бирок ал байкала элек. Көп маселе эртең камкордуксуз, коргоосуз таштап койбойбу деген жүрөксүүдө турат. 2014-жылы майданда чыгып сүйлөгөндөр куугунтукка гана кабылбастан, өмүрүнөн ажырап же темир тордун ары жагына киргизилген. Коркутуп-үркүтүүлөр токтой элек: шаар чарбасын иштетүү үчүн россиялык армия менен кызматташканы үчүн мэр Купянскиге каршы кылмыш иши козголгону буга айкын далил. Абал Донецк жана Луганск облустарында башкараак. Бул аталган жакта башка адамдар жашаганы үчүн эмес. Бул ДЭР менен ЛЭРдин өз алдынчалыгын тааныгандыктан жашоочулардын үйүн бир-эки айдан кийин өрттөп жибербегендикке, жарандык пикирин айткандыгы үчүн тирүүлөй көмүлүп калбай турганына кепилдик берилгендигинен улам болууда. Кепилдиги жок башка аймактагы адамдар тобокелдикке барып, ашыкча чыга бербейт.
АКШнын Коргоо министрлигинин штаб-квартирасы - Пентагон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон: НАТО Украинанын үстүнөн учууларга тыюу салчу зона түзүүнү талкуулабайт
Жаңылыктар түрмөгү
0