Бишкектин эки округу боюнча ЖК шайлоосунун алдын ала жыйынтыгы. Кол менен саноо

Результаты выборов обложка
Результаты выборов обложка - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Жазылуу
Борбор калаада Биринчи май, Свердлов шайлоо округдары боюнча ЖКга шайлоо өттү. Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан добуштардын кол менен саналган алдын ала жыйынтыгын көрө аласыз.
Бишкектин эки — Биринчи май, Свердлов шайлоо округу боюнча ЖК шайлоосунун алдын ала жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет.
Инфографикадагы добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы шайлоонун расмий жыйынтыгы болуп эсептелбейт. БШК эки округ боюнча берилген добуштардын акыркы жыйынтыгын 12-мартта чыгарат. Буга чейин аталган орган автоматтык түрдө санаган урналардын (АСУ) жыйынтыгына таянып добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялаган. Жаңы келип түшкөн маалыматтарга карата добуштарды кол менен саноонун жыйынтыгы жаңыланып турат. Такталып чыккан добуштардын пайыздык көрсөткүчүнө көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Эске салсак, башында БШК 53 талапкерди каттаган: алардын 28и Биринчи май, 25и Свердлов округунан болгон. Бирок добуш берүү күнүнө чейин саны кыскарып 50гө түштү. Ошентип эки округда тең 25тен талапкер ат салышты. Шайлоо күнү шаарда 120 шайлоо тилкеси ачылды. Ар бир округда 60тан болду. Жалпысынан 219 654 шайлоочу, тагыраагы, № 27 Биринчи май округунан — 113 105, ал эми № 29 Свердлов округунда 106 549 шайлоочу тандоо укугуна ээ болду.
Эске салсак, жаңы шайлоо системасынын негизинде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен 2021-жылдын ноябрында Бишкектеги бир мандаттуу шайлоо боюнча эки — Биринчи май жана Свердлов округдарында элдин басымдуу бөлүгү бардык талапкерлерге каршы добуш берип, эч ким парламентке өткөн эмес.
Бул себептен улам аталган округдарда кайра шайлоо дайындалган.
Шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2022
Бишкектин эки округунда имараттан сырткары 1 111 шайлоочу добуш берди
Жаңылыктар түрмөгү
0