Садыр Жапаров өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салган жарлык чыгарды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров
Мамлекет башчы Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Жазылуу
Президент тун уулу каза болгон учурду мисал келтирип, анда мал союлбаганын белгилеген.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салган жарлык чыгарганын Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
"Кыргызстандыктардын баарына, колунда бар-жогуна карабастан өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салынат. Мен бүгүн ушундай жарлык чыгаруу чечимин кабыл алдым. Илгертен бери өлүм чыккан үйдө той болуп жаткандай сезилет. Колунда жоктору бир бодо, колунда барлары бештен чоң мал сойгон учурлар бүгүн дагы уланып келет. Жыйынтыгында азыр дагы колунда жок үй-бүлөлөр колунда барларга атаандашып (куру намыска алдырып), саап ичип олтурган жалгыз уюн союп жакынын акыркы сапарга узатып, натыйжада эч нерсеси жок отуруп калууда. Ошондуктан баарыңарды жалпы эрежеге баш ийүүгө чакырам. Антпесек өлүм чыккан үйдө аза күтүүнүн ордуна казан-казан эт кайнап, табак-табак эт тартылып, той сыяктуу көрүнүштөр болууда", — деп жазган Жапаров.
Президент бул жарлыкка каршы чыккандар болгонун айтып, бирок андайлар азчылыкты түзөрүн белгилеген.
Сурамжылоо
Адам каза болгондо мал сойбош керек деген тыюуга макулсузбу?
"Эмне үчүн менин атам 90го чыгып каза болуп жатса аны акыркы сапарга бир жылкы союп узатпашым керек" дегендер чыкты. Бирок мындай жарандарыбыз азчылыкты гана түзөрүнө ишенем. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. Өзүмдүн башымдан өткөн бир мисалды айта кетейин. 2019-жылы тун уулум Дастан каза болгондо айылдан бир туугандарым чалып, "үч бодо даярдадык, жетеби" деп сурашты. Мен "кереги жок, тоок дагы сойбойсуңар" деп эч нерсе сойдурбай койдум. Алар "алыстан көп киши келет, ачка кетиребизби, сөз кылат, сөзгө калабыз" деп мени ынандырганга аракет кылышты. "Сөз кылса, мени сөз кылышсын, мен той берип жаткан жокмун, мен аза күтүп жатам" деп караманча каршы болдум. Жыйынтыгында он миңдей адам келип топурак салып кеткен. Эч ким эч кандай сөз деле кылган жок. Тескерисинче, көбү "ушул туура эле болот экен" деп кеткен. Ошондуктан бардык кыргызстандыктардан колдоп бериңиздер деп суранат элем. Баарыбыз бай-кедей дебей бирдей эрежеге өтөлү", — деген президент.
Жапаров жарлыктын аткарылышын көзөмөлгө алууну жергиликтүү бийликтегилерден Ак үйдөгүлөргө чейин тапшырарын белгилеген. Жергиликтүү бийликке мектеп директору, участкалык милиция, айыл өкмөт, райондук мекемелердин жетекчилери, райондун акими, президенттин өкүлү кирет. Президент булар элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жакындары же туугандары каза болгон үйдү катуу көзөмөлгө аларын айткан. Ошондой эле бул иш боюнча ар бири жооп бере турганын эскерткен.
Той өткөзүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Той-ашты чектөө мыйзам долбоору өзгөрдү. Парламенттик угууга катышыңыз
Жаңылыктар түрмөгү
0