Той-ашты чектөө мыйзам долбоору өзгөрдү. Парламенттик угууга катышыңыз

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТой өткөзүү. Архивдик сүрөт
Той өткөзүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2022
Жазылуу
Талкууну Социалдык саясат боюнча комитет 28-февраль күнү саат 10:00дө Жогорку Кеңештин (1-кабат) күн батыш залында өткөрөт.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстанда той-топур, тажия жана куран окутуу өткөрүүнү чектеген демилге боюнча парламенттик угуу өтөт.
Мыйзам долбоору "Үлпөт той, маараке-салтанаттарын, көмүү ырым-жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" деп аталат. Демилгечи — депутат Улугбек Ормонов.
Талкууну Социалдык саясат боюнча комитет 28-февраль күнү саат 10:00дө Жогорку Кеңештин (1-кабат) күн батыш залында өткөрөт.
Ага мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ЖМК өкүлдөрү катышат. Алдын ала каттоо же кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефон номерлерге кайрылууга болот: 0312 63-86-09, 63-88-07; 0705/887-955.
Сунушталган талаптар:
Мекемелердин жана уюмдардын түзүлгөн күнүн, эмгек сиӊирген адамдарды эскерүү күндөрүн мамлекеттик деӊгээлде майрамдоо министрлер кабинетинин тарабынан белгиленген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат;
Үй-бүлөлүк салтанаттарга (туулган күн, тушоо кесүү, бешик той, сүннөт той) 200дөн ашпаган адам чакырылат;
Үйлөнүү тойлор 300гө чейинки адамга банкет менен бир күндүн ичинде өткөрүлөт;
Никелешүүнү мамлекеттик каттоо салтанаты үчтөн ашык эмес жеӊил автоунааны колдонуу менен өткөрүлөт;
Маркумду акыркы сапарга узатууга катышуучулардын саны чектөөсүз. Бирок ири мүйүздүү мал жана жылкы союлбайт;
Маркумдун элесине арналган иш-чараларды 100дөн 300гө чейин адамды чакыруу менен өткөрүлөт;
Үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттар эс алуу күндөрү саат 8:00дөн 23:00гө чейин, жумушчу күндөрү саат 18:00дөн 22:00гө чейин болушу шарт.
Жогоруда белгиленген талаптар үйдө өтчү иш-чараларга дагы тиешелүү.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жана алардын балдары бул мыйзамды бузган учурда кызматтан бошотулат.
Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү бийлик органдары тарабынан комиссия түзүлөт.
Ошондой эле чектөөлөргө баш ийбегендерге айып пул салуу каралган, бирок анын суммасы азырынча белгисиз.
Эскерте кетсек, мыйзам долбоору былтыр коомдук талкууга коюлган, андан кийин дагы толуктоолор киргизилгени байкалды. Мисалы, мурда үйлөнүү тойго чакырылгандардын саны 200дөн ашпасын деген талап коюлган болчу. Ал эми ажылык зыяраттан келишинин урматына өткөрүлгөн салтанаттарды чектөө нормасы алып салынган.
КР эл артисти Келдибек Ниязов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Пресс-борбор
Келдибек Ниязов: той-аш боюнча мыйзамды кыргыз түшүнгүдөй кылып жазгыла
Жаңылыктар түрмөгү
0