Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдураимов: өлкөдө электромобилдик таксопарктарды түзүү пландалууда

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Кыргызиндустрия" ААКнын президенти Жарасул Абдураимов
Кыргызиндустрия ААКнын президенти Жарасул Абдураимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Жазылуу
"Кыргызиндустрия" ААКнын президенти Жарасул Абдураимов тез арада иштеп кете турган ишканаларды кайрадан жандандыруу мерчемделип жатканын белгиледи.
Майлуу-Суудагы электр лампасын чыгарган заводдон айнек буюмдарды чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу Жарасул Абдураимов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Абдураимов: өлкөдө электромобилдик таксопарктарды түзүү пландалууда
Анын айтымында, учурда аталган заводду өкмөт кайтарып алып, "Кыргызиндустрия" ААКсына өткөрүп берүүнү көздөөдө.
"Өлкөдөгү өндүрүштү өстүрүү үчүн тез арада иштеп кете турган ишканаларды жандандыруу каралууда. Мисалы, Майлуу-Суудагы электр лампасын чыгарган заводду өкмөт өзүнө кайтарууда. Учурда карызын эсептөө иштери жүрүп жатат. Бул иштер жыйынтыкталса завод "Кыргызиндустрия" ААКнын карамагына өткөрүлөт. Анын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча бизнес-пландар түзүлдү. Ага ылайык, заводдон вольфрамдын негизинде жасалган, энергияны үнөмдөгөн лампочкаларды чыгарып ассортиментти көбөйтүү пландалууда. Мындан тышкары, кварц кумдарын эритип, фермерлер үчүн айнек буюмдарды жасоо мерчемделүүдө. Ушу тапта кыргыз балы дүйнөдө жакшы бааланып жатат, буга байланыштуу тармактагы өндүрүштүн деңгээлине жеткирүү үчүн атайын ишкана түзүү зарылдыгы турат. Балчылар колдонуучу буюмдарды жасаган ишкана жана Ош менен Бишкекте балчылардын үйүн түзүү максатталууда. Буга утурлай эле экологиялык көйгөйдү эске алуу менен Бишкек, Балыкчыда электромобилдик таксопарктарды түзүү боюнча программалар бар", — деди Абдураимов.
Ошондой эле ал агрардык тармактагы өндүрүш дагы колго алынарын кошумчалады.
Эске салсак, мамлекеттин 100 пайыз үлүшү менен "Кыргызиндустрия" ААКсы түзүлгөн. Ал өлкөдөгү өндүрүштү жандандырып, кайрадан жолго салууну көздөйт. Аталган ишкананын уставдык капиталы бир миллиард сомду түзөрү кабарланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0