Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы Ала-Тоо аянты. Архив
Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Жазылуу
Тоолуу аймактарда жолдор тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Шаршембиде Баткен жана Ош облустарында жаан, тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн. Республиканын калган бөлүктөрүндө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Тоолуу аймактарда жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +10...+15, Талас жергесинде +9...+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +11...+16, Ысык-Көл чөлкөмүндө +2...+7, Нарында -3...+2 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +12...+14 болсо, Ошто +14...+16 градуска жетет.
Ноорузду Ала-Тоо аянтында майрамдоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Мартта кыргызстандыктар кошумча эки күн эс алат
Жаңылыктар түрмөгү
0