Мартта кыргызстандыктар кошумча эки күн эс алат

© Sputnik / Табылды КадырбековНоорузду Ала-Тоо аянтында майрамдоо. Архивдик сүрөт
Ноорузду Ала-Тоо аянтында майрамдоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Жазылуу
Бул айда эки майрам бар. Ошол эле учурда ишембинин бири иш күн болуп саналат.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Март айында кыргызстандыктар кошумча эки күн эс алары 2022-жылдын календарында көрсөтүлгөн.
Календарь боюнча, 8-март  — Аялдардын эл аралык күнү шейшембиге туш келет. Ал эми Нооруз майрамы (21-март) дүйшөмбүгө туура келип, бул күнү да кыргызстандыктар эс алат. Ошол эле учурда 26-март, ишемби, иш күн. Себеби 26-марттын эсебинен 6-январь эс алуу күнү деп жарыяланган. Жалпысынан марттын тогуз күнү дем алыш болуп эсептелип калат.
Бардык майрам, эс алуу күндөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин 2022-жылга даярдаган материалынан окуй аласыздар.
Бишкек шаарындагы турак үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Күн жылыйбы? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0