00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Рамазан — ыкластуулуктун айы. Орозого кантип туура даярдык көрүү керек?
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Что делать если второй родитель уклоняется от уплаты алиментов
12:05
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2026-жылы кайсы акцияларга инвестиция кылыш керек — алтын, балуу кагаздар, криптовалюта
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как сохранить здоровье стоп и ногтей — беседа с подологом
14:05
60 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Төрөттөн кийинки калыбына келүү: тренддер жана чыныгы пайдалуу ыкмалар
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Оползни и паводки: как в МЧС готовятся к самому опасному сезону года
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Госдолг Кыргызстана: безопасный уровень или скрытая угроза для экономики?
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мугалимди мазактагандарга айып салып, камоо мыйзам долбоору сунушталды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМугалим. Архив
Мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Жазылуу
Демилгечилер мугалимдерди сыйлабагандык билим берүүнүн төмөндөшүнө алып келерин белгилеген.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Мугалимдерди мазактап, кагып-силккен окуучулар менен ата-энелерге айып салуу жана беш суткага чейин камоо жазасын берүү сунушталды.
Мындай мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Самыйкожо менен Аманкан Кенжебаев иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.
Максаты — педагогикалык кызматкерлерге карата мазактоо, жаман сөздөр, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү жана адепсиз жаңсоолорду (белгилерди) көрсөтүү түрүндө билдирилген сыйлабаган мамиле үчүн жоопкерчилик киргизүү.
"Окуучулар же жашы жете элек балдардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) тарабынан кесиптик ишин жүзөгө ашырууда педагогикалык кызматкерлерди мазактоо, атүгүл кол салуу окуяларынын көбөйүшү билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнүн олуттуу төмөндөшүнө алып келет. Ал эле эмес Конституция, "Мугалимдин статусу жөнүндө" жана "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдар менен таанылган, кепилденген мугалимдердин коомдогу өзгөчө укуктук статусунун ылдыйлашына кептейт", — деп жазылган долбоордо.
Мындан улам Укук бузуулар кодекси аркылуу төмөнкүдөй жазаларды киргизүү сунушталды:
Окуучу же ата-эне (мыйзамдуу өкүл) тарабынан мугалимге карата сыйлабастык мамиле (мазактоо, жаман сөздөр, адепсиз жаңсоолор көрсөтүү) жасалса 3000 сом айып пул салынат. 12 жаштан 16 жашка чейинки балдарга 2000 сом;
Ушундай эле укук бузуу бир жыл ичинде кайра кайталанса 5000 сом өлчөмүндө айып пул же үчтөн беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алынат. 12 жаштан 16 жашка чейинки балдар 4000 сомдук айыпка жыгылат.
Мындай санкциялар жашы жете элек окуучунун ата-энесинин бирине, эгерде ал эрезеге жеткен болсо окуучунун өзүнө колдонулат.
Жогоруда белгиленген укук бузуулар тууралуу ишти кароо, айып чараларын колдонуу ички иштер органдарына жүктөлөт.
Торжественное открытие средней школы в селе Орок Сокулукского района Чуйской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2022
Жапаров: мугалимдерге маяна төлөө системасы кайра каралат
Жаңылыктар түрмөгү
0