00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цифровая накладная вместо бумаги: как ЕАЭС меняет правила грузоперевозок
08:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
09:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Аарычылыкты өнүктүрүү билимсиз жана илимий изилдөөлөрсүз мүмкүн эмес». Тармактын жетишкендиктери жана келечеги кандай?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Снести нельзя оставить: по каким правилам в Бишкеке убирают самовольные постройки
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
13:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
15:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Декларация до 1 мая: кому сдавать, что писать и как не нарваться на штраф
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Ушактын таасири: мамилеге дарыбы же коркунучпу?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Ата мурасы — элге кызмат: Жаманбаев тууралуу кызынын баяны
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Фрунзе думал о розе ветров, Бишкек - о прибыли: разговор об агломерации и земле
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
21:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сайтты 2 айга жаап салат. Жалган маалымат тараткандарды жазалоо жобосу чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековНоутбука иштеп жаткан адам. Архив
Ноутбука иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2022
Жазылуу
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги интернет айдыңында фейк маалымат тараткандарды жазалоо жобосун иштеп чыкты. Ал былтыр чуу менен кабыл алынган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамдын алкагында даярдалган.
Бул документ менен сайтты же ал сайттын соцтармактагы баракчасы аркылуу адамдын ар-намысына жана ишкердик беделине шек келтирген жалган маалыматтарды тараткандарга колдонулчу чаралар жол-жоболоштурулган. Ошондой эле даттанууларды кабыл алуу тартиби бекитилген. Белгилей кетсек, мында соцтармак колдонуучулары тууралуу жазылган эмес.
Аталган жобо жарандардын жана юридикалык тараптардын укуктары менен эркиндигин коргоо максатында иштелип чыкканы жазылат. Ага ылайык, фейк маалымат боюнча арыз түшсө бийлик соттун чечимисиз эле сайтты жаап салат.

Кимге арызданат?

Даттанууларды Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы кабыл алат. Арыздануучу тарап ар-намысына жана ишкердик беделине шек келтирген маалымат тууралуу сайтты же сайттын баракчасын жабуу өтүнүчү менен кайрылат. Бирок алгач ал сайттын ээсинен маалыматты өчүрүшүн талап кылышы шарт. Эгер баш тартса, 24 сааттын ичинде бийлик органына кайрылууга укуктуу.

Сайтты кантип жаап салат?

Арызды кабыл алган мамлекеттик орган 10 жумушчу күндүн ичинде интернет-провайдерге (байланыш оператору жана уюлдук байланыш оператору) сайтты же анын баракчасын эки айлык мөөнөткө жабуу тууралуу кат жөнөтөт.
Интернет-провайдер берилген тапшырманы үч күндүн аралыгында аткарууга милдеттүү. Андан соң сайттын ишин токтоткону тууралуу Байланыш тармактарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына кабар берет.
Жазага тартылган сайт ишин чектелген мөөнөтү бүткөндөн кийин уланта алат. Анда дагы чыгарган жалган маалыматын өчүрүшү керек деген шарт коюлган. Ошол эле учурда сайт соттун чечими менен ишин мөөнөтүнөн мурда жандантууга укуктуу.
Сайттын же баракчанын ээси кемчилигин мойнуна алып анык эмес маалыматты өчүрө турган болсо, мамлекеттик органдын макулдугу менен интернет-провайдерлер сайтка коюлган чектөөнү алып салат.
Министрлик мындай норманы "Электр жана почта байланыштары жөнүндө" мыйзамынын 40-беренесине таянып киргизгенин эске салган. Анда минтип жазылат: байланыш каражаттарын мамлекеттин коопсуздугуна карама-каршы келген, коомдук тартипти бузуу, жарандардын абийирине жана ар-намысына шек келтирүү, ошондой эле экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу максаттарында пайдаланууга тыюу салынат.

Чуулуу мыйзамдын тарыхы

Алгач "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова демилгелеп, Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган. Бул маселе коомчулуктун кескин сынына кабылып, чуу жараткан. Кийинчерээк ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам долбооруна вето коюп, артка кайтарган. Анда пикир билдирүүнүн жана маалыматтын эркиндиги — өлкөнүн Баш мыйзамында, бир катар эл аралык келишимдерде кепилдик кылынган адам укуктарынын бири болуп эсептелинип жана демократиялык коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойноору айтылган.
Кийин ал мыйзам долбоору макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыгып, аталышы "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" деп өзгөртүлгөн. 2021-жылдын 28-июлунда аталган мыйзамды ЖК депутаттары колдоп, ал эми 23-августта президент Садыр Жапаров кол койгон.
Депутат Надира Нарматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2022
Депутат Нарматова: бейөкмөт уюмдарга "чет элдик агент" макамын бериш керек
Жаңылыктар түрмөгү
0