Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Аткылоого алынып, эл качып... Донецк жана Луганскиде түндө эмне болду

© Sputnik / Олеся Потапова / Медиабанкка өтүүЛуганскта жарылуу болгон жер
Луганскта жарылуу болгон жер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2022
Жазылуу
Россиянын аймактары Донецк жана Луганск эл республикаларынын качкындарын кабыл алууга даяр экендиктерин билдирди. Ал арада украиналык күч түзүмдөрү калк жашаган жерлерди аткылоосун улантып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. 18-февралдын кечинде Донецк эл республикасынын өкмөт үйүнөн бир нече метр алыстыкта ири жарылуу болду. Луганск менен Донецкиден эл түнү менен коопсуз жайга чыгып кетүүдө. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Мурдараак Донецк жана Луганск республикаларынын өкүлдөрү Украинанын куралдуу күчтөрү алардын позициясына ок ачкандыгын кабарлашкан. Мындай кырдаалдан улам жергиликтүү элди Россиянын аймагына эвакуациялоо чечими кабыл алынган.
Таңкы маалыматтарда Ростов облусунда Донбасс менен болгон чек арада 15 көзөмөл өткөрүү жайлары иштеп жаткандыгы айтылды. Биринчи иретте балдарды, кары-картаңдарды жана аялдарды эвакуациялоо жүрүп жатканын кабарлашты.
"Бүгүнкү күндө Ростов облусунун аймагында алты автоунаа, эки темир жол жана жети жөө өтүп кетүүчү жайлар иштеп жатат", — деп билдиришкен.
Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова көзөмөл өткөрүү жайларында кош бойлуу аялдардын, майыптардын жана эмчектеги балдардын эсебин алуу иштерин уюштурууну айтты. Бул маселе саналган категорияларга өзгөчө шарт түзүү максатында көтөрүлүп жатканын белгиледи.
Ростов облусуна Донбасстан келген качкындарга төлөп берүү үчүн 5 миллиард рубль бөлүндү.
Россия лидери Владимир Путиндин тапшырмасы менен бул каражат ар бир качкынга 10 миң рублден төлөп берилери айтылган.
Түндө Россиянын ӨКМ башчысы Александр Чуприян аталган облуска Донбасстан келгендерди жайгаштыруу маселелерин көзөмөлдөө үчүн Москвадан учуп келгени айтылды.
Соңку маалыматтарга караганда, Луганскинин 25 миңге чукул жашоочусу Россиянын чек арасынан өткөн. Ал эми Донецк облусунан 6,6 миң адам эвакуация кылынганы айтылды.
Россиянын Ростов облусунан сырткары дагы кайсы аймактар качкындарды кабыл алары туурасында маселе каралып жаткандыгын РИА Новости жазды. Учурда Оренбург облусу качкындарды кабыл алууга даярданып жаткандыгын аймактын губернатору Паслер кабарлаган.
18-февралдан 19-февралга караган түнү элди эвакуациялоодон сырткары эл жашаган Васильевка, Докучаев, Первомай аймактары каршылаш тараптан аткылоого алынганы айтылды.
Луганск өкүлү түндө аймак 31 ирет аткылоого алынганы туурасында РИА Новости жазды.
Ал эми жума күнү АКШнын президенти Жо Байден Украинада чатак ырбаса, өз аскерлери ал жакка жиберилбейт деген билдирүү кылды.
Ал аталган өлкөнүн аскерлери Украинага согушуу үчүн барбайт деп, бирок Украинага жана анын элине "колдоо көрсөтүүнү улантышарын" айткан.
Байден АКШнын азыркы администрациясы Украинанын коргонуу жөндөмүн бекемдөө үчүн рекорддук суммадагы колдоо көрсөткөнүн кошумчалаган.
Ал Донбасстагы согуш отунун жанданып жатканына Донецк жана Луганскини "каршылашууну токтотуу боюнча эрежени аткарбай жатат" деп күнөөлөдү.
Буга чейин Донбасстагы республикалар аймактагы кырдаал курчуп жатканын билдирип, Киев буга чейин жетишилген бардык келишимдерди бузуп жатканын кабарлаган. Ал эми Украина көйгөйдү саясий-дипломатиялык жол менен гана чече турганын айтууда.
Украинанын чыгышындагы конфликт дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет. БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миң адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.
Украина аскери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киев тараптан провокация башталды. Кремль Донбасстагы кырдаал тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0