Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Киев тараптан провокация башталды. Кремль Донбасстагы кырдаал тууралуу

© AP Photo / Vadim GhirdaУкраина аскери
Украина аскери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Жазылуу
Россия президентинин маалымат катчысынын айтымында, Кремль элдик республикалардагы кырдаалга байкоо салып турат.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Донбасстагы маалыматтар тынч эмес, Киев тараптан провокациялар башталды. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Донецк жана Луганск элдик республикаларынын өкүлдөрү бейшемби күнү эртең менен Украинанын куралдуу күчтөрү аларга карата ок чыгарганын билдиришкен.
Песковдун айтымында, орус бийлиги Украинанын куралдуу күчтөрүнүн чектеш линияга болгон ашыкча көзөмөлү провокация менен коштолгондо чоң коркунуч жаратышы мүмкүндүгүн бир нече ирет эскертип келген.

"Мына азыр провокация болуп жатканын көрүп турабыз. Элдик республикалардын өкүлдөрүнүн маалыматтарына караганда, тараптар бири-бирине сокку уруп жатат. Биринчи сокку Украина тараптан жасалган. Бул кооптуу маалымат. Кырдаалга көз салып турабыз", — деп Песков билдиргенин РИА Новости жазды.

Путиндин маалымат катчысы кырдаал улам курчуп баратат деп эсептейт. Анткен менен Батыш Украинанын куралдуу күчтөрүнүн сокку уруу потенциалы жогору экени боюнча үн катпай отурат. Мунун баары өтө коркунучтуу кырдаалды жаратышы мүмкүн.
"Кремлдин Киев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча планы жок. Донбасстагы абал өтө тынчсыздандырууда", — деди Песков.
Кремлдин өкүлү “Россия баланчанчы күнү кол салат" деген маалыматтар жалган экенин белгиледи.
Песков ошондой эле Россия аскерлердин өзүнүн аймагындагы кыймыл-аракети боюнча сын пикирлерди кабыл албай турганын, себеби бул нерсе анын суверендүү укугу экенин белгиледи. Анын айтымында, РФ аскерлерин кадимки ордунан бир күндө кайтаруу мүмкүн эмес. Бул үчүн убакыт керек жана Коргоо министрлигинин өзүнүн так графиги бар.
Акыркы айларда АКШ менен НАТО Россияны Украинага "кол салууга" даярдык көрүп жатат деп айыптап, өзүнүн күчтөрүн Чыгыш Европага топтоп жатат.
Ал эми Москва бардык айыптоолорду четке кагып, аскерлери өзүнүн аймагында жүргөнүн белгиледи. Ошондой эле Украинанын ички ишине кийлигишпегенин, Минск макулдашууларын бузган Киевге караганда келишимдерди бузбаганын эскертти.
Документте чектеш линиядан атышууну токтотуп, оор техниканы чыгарып кетүү каралган. Бирок учурда Украинанын бийлиги Донбасс жана Луганск элдик республикаларынын чек арасына армия курамынын жарымынан көбүн коюп, ок чыгарып, тыюу салынган техникаларды колдонууда.
РФ президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина жагдайы: дүрбөлөң салган медиа, өлкөдөн чыгып кеткен "каймактар"
Жаңылыктар түрмөгү
0