Камилага бут тосуу ириде Россиянын жолун тороо. Ой толгоо

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРоссиялык көркөм муз тебүүнүн ханбийкеси Камила Валиева
Россиялык көркөм муз тебүүнүн ханбийкеси Камила Валиева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2022
Жазылуу
Учурда көркөм муз тебүүнүн ханбийкеси – он беш жашар Камила Валиева Олимпиадада аялдар арасындагы жекелик мелдеште алдыда келе жатат.
Спорттук арбитраждык соттун көчмө жараянынын чечимине нааразы болгонун жашырбаган Эл аралык олимпиада комитети таймаштарда россиялык бул чемпион кандай медалга татыса да сыйлоо салтанаты болбостугун билдирүүгө ашыкты. Дүйнөлүк спорттогу кырдаалга РИА Новости баам салды.
Али он алтыга толо элек кызга "эгер мыкты үчтүккө кире турган болсо, ушул багыттагы олимпиадалык сыйлыктардын тапшырылбай калышына жоопкерчилик анда болорун" эскерткени этикага канчалык сыят? Маңызында бул ташкындаган талант ээсинен аренада толук күчүңдү көрсөтпө дегенди туюндурат эмеспи. Булардын баары Эл аралык олимпиада комитети тарабынан уюштурулган оюн экенин РФ дароо түшүндү. Себеби Батыштын Россия менен гибриддик согушунун бул бөлүгүндө купуя сыр деле калбады го.
"Таза спорттогу" мындай тирештер, ыкмалар менен олимпиадалык кыймылдан РФти жана анын спортчуларын сүрүп чыгарууга тырышат. Мындай көрүнүштөр бүгүн башталган жок, эртең да аяктары арсар. Бирок эң ириде өзүбүз үчүн тактап, териштирип алганыбыз оң. Олимпиадада көркөм муз тебүүнү алдыга сүрөгөндөр дал орустар экени талашсыз. 46 жыл илгери көркөм муз тебүү спорттук мелдеш катары киргизилип калышына ошол жылкы россиялык чемпиондор Людмила Пахомова менен Александр Горшковдун көз жоосун алган номерлери себеп болгон. Советтик жуптар аренага чыгып өз чеберчилигин (андай деңгээлден алигүнчө эч ким аша элек) гана эмес, көркөм муз тебүүнүн советтик мектебинин өкүлдөрү дагы далай жыл бул багытта алдыга эч кимди салдырбастыгын көрсөтүшкөн.
Россиялык спортчуларга тыюу салынган заттарды колдонуунун зарылдыгы жок, анткени алар көшөрүп машыгып, ийгиликтерине маңдай тери менен жетишет. РФти эл аралык спорт аренасында желекти желбиретип, гимнди жаңыртуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан Эл аралык олимпиада комитети, WADA жана башка алардын шыкактоочулары бул ирет россиялык спортчуларды тайманбас мүнөзүнөн тайдырууга бел байлашкан сыяктуу. Бирок алардын мындай тилегин таш кабат.
Бүтүндөй өлкө муз аянтчасынын жаш ханбийкесин колдоп турат, спортчу кыз да аренада ал өзү жалгыз эмес, аркасында калың калк бар экенин билет. Таланттуу фигурист кыз муз аянтчасында гана тургай, анын тышында да бардык кысым, оор сыноодон татыктуу өтө ала тургандай өзөгү күчтүү жан экенин айгинелеп турат. Эл аралык олимпиада комитети анын дарегине кандай коркутууларды жолдосо да баарын көтөрүп кете алат. Башкысы ушундай жагдайда жеңишти багындыра алсын.
Россиялык фигурист, 15 жаштагы Камила Валиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Күйөрмандар күйүп-бышып... Чоң спорттогу ири жаңжалдын чордонунда калган Камила
Церемония открытия XXIV Олимпийских игр в Пекине - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2022
Суктанткан ирмемдер. Пекиндеги Олимпиаданын ачылышынан 21 сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0