Күйөрмандар күйүп-бышып... Чоң спорттогу ири жаңжалдын чордонунда калган Камила

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүРоссиялык фигурист, 15 жаштагы Камила Валиева. Архив
Россиялык фигурист, 15 жаштагы Камила Валиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Жазылуу
Таланттуу кызды каралоого аракеттер жүрүүдө. Бирок Камила спорт, болгондо да Олимпиада оюндары өзөгү күчтүү адамдар үчүн сыноо экенин түшүнүүгө тийиш.
Алексей Смирнов
Камила Валиева допинг анализ чыры боюнча дүйнөлүк көркөм муз тебүүнүн тарыхындагы ири жаңжалдын каарманына айланып барат. Ушул тапта Камила кабылган ызы-чуу дегеле акылга сыярлык эмес.
Былтыр 25-декабрда алынган тесттин тегерегиндеги чыр быйыл Пекиндеги Олимпиада оюндарындагы россиялык фигуристтердин командалык таймаштагы болуп көрбөгөндөй жеңишине да бөгөт болуп, Камиланын мындан аркы спорттук карьерасына да балта чапчудай болуп турат деп кейийт баяндамачы Алексей Смирнов. Анын өспүрүм спортчунун азыркы жагдайы туурасындагы ой толгоосу РИА Новости сайтына жарыяланган.
Мында күйөрмандарды күйгүзгөнү — спортчулар үчүн ичүүгө тыюу салынган триметазидин препараты кандайча болуп 15 жашар кыздын канынан табылганында да эмес, анализдин тыянагы чыккан мөөнөтүндө. 2021-жылдын декабрында алынып, Стокгольмдогу WADA лабораториясына жөнөтүлгөн анализдин жыйынтыгы Олимпиада башталганына кеминде эки апта калганда жарыяланышы шарт эле. Изилдөөнүн стандарттык мөөнөтү — 20 күн. Бирок аны 8-февралда, башкача айтканда россиялык фигуристтердин Пекиндеги өзгөчө өткөн командалык мелдешинин эртеси чыгарышты. Укмуштай дал келүү!
Маалыматты атайын кармап, башка спортчу менен алмаштырганга үлгүрбөсүн деп мелдешке чейин билдирбей, таймаштын жыйынтыгында бир шилтем менен россиялык спортчулардын баарын алтындан кол жуудурууну көздөө менен жасалгандай.
Эгер Камиланын допинг анализи ушундай чыкканын билишкенде, анын ордуна РФтен Елизавета Туктамышеваны алышмак. Командалык беттешке катышкан россиялык фигуристтер: Марк Кондратюк, Ксения Синицина, Никита Кацалапов, Александр Галлямов жана Анастасия Мишиналардын эбегейсиз эмгеги текке кетмек эмес.
Стокгольмдогу лабораториядагы ковиддик чектөөлөргө байланыштырып же башканы шылтоо кылса да бул окуяга – жыйынтыгын жарыялоонун атайын создуктурулганына геосаясат да, кара санатайлык да аралашканы айдан ачык.
Россиянын Көркөмдөп муз тебүүчүсү Камила Валиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2022
Валиева боюнча кырдаал. Россиянын Көркөм муз тебүү федерациясынын билдирүүсү
Себеби Камила Пекиндеги аренага ошол анализ алынгандан туура 43 күндөн кийин – 6-февралда чыкты. Маселени териштирүү үчүн бул убакыт жетмек тургай, ашмак. Спортчуларды мындай бюрократиялык кемсинтүү же кылмыштуу шалаакылык алардын чемпиондук маанайын түшүрүп, шагын сындырып коюшу мүмкүн. Бирок атайын ушундай кырдаалды пландагандар жаңылышат. Россиялыктар эч качан буга моюн сунбайт. Кайра чыйралып, күчүн, өнөрүн, чеберчилигин мурдагыдан эки эсе бийик көрсөтүшөт. Дүйнө жүзүнө кимдин мыкты экенин таанытышат. Россиялык күйөрмандар мында аларга болушунча колдоо көрсөтүп, жылуу тилектерин жолдоп турганы оң, айрыкча Камила Валиеваны чексиз колдоп, алкап, коргоп алуу абзел.
"Олимпиада – 2022" оюндарынын сүймөнчүктөрүнүн, планетанын күчтүү фигуристтеринин бири Камила Валиеванын канында бул кара жолтой триметазидин кандайча пайда болушу мүмкүн?
Олимпиада оюндарында россиялык спортчуларды өлкөсүнүн гимнин жаңыртып, туусун көтөрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан бардык допинг жаңжалдарынан соң дарыкана жана дары-дармектен дайым сактанып, жүздөгөн адистерден турган допингге каршы комиссиясыз аларга жолобой тургандай деңгээлде. Россиялык спортчулар ар бир дарынын курамы тууралуу маалыматка ээ болуп, аларды ичкендеги кесепеттерин ойлонуп, ал түгүл таңгагын да желим мээлей менен кармоо керектигин билүүгө тийиш. Анан профессионалдык спортто жети жылдан ашуун мезгилден бери тыюу салынган препарат жаш спортчунун канынан табылып жатат.
Миокардды жакшырткан, адатта бир айлык курс ичиле турган триметазидин кандайча Валиеванын турмушунда пайда болуп калган? Канча көлөмдө ичкен? Анткени башта кенедей өлчөм деп айтылганы менен Эл аралык тест агенттигинин соңку билдирүүсүндө бул тууралуу сөз да камтылган эмес. Тагдыр чечерлик суроолорго жоопту фигуристтин өзү жана командасы гана берер. Бирок азырынча алар бул боюнча пикирин билдире элек.
Спорттук юристтер тарабынан мурда айтылгандай, балким Камиланын организмине тыюу салынган зат бир жолу жана капысткан кирип калгандыр. Ушул версия үмүт жандырат. Ушундай божомол россиялык фигуристти Спорттук арбитраждык сотто коргой турган жактоочулардын негизги жүйөсү болчудай. Эл аралык олимпиада комитети жана ISU демилгеси менен жакынкы күндөрү аталган сот ыкчам тартипте Камила Валиеванын ишин карайт. Жыйын 15-февралга чейин өтөрү күтүлүүдө, анткени ушул күнү фигуристтердин жекелик мелдештери башталат.
Лондондун Вест Хэм клубунун жана Франциянын футбол боюнча курама командасынын коргоочусу Курт Зума. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2022
Мышыкты ыргыта тепкен футболчу менен иштешүүдөн Adidas компаниясы баш тартты. Видео
Эгер соттук жараян жылып калса, өспүрүм фигуристке кысым улантылып, ал кыска жана эркин программаларга ошондой оор жагдайда чыгууга аргасыз болот. Бирок бул да кооптуу эмес. Триметазидин пайдаланганы тастыкталса спортчу төрт жылга четтетилип, анализ тапшырылган күндөн кийинки бардык жыйынтыктары жокко чыгарылат. Жеке Камиланын мисалын алсак, ал Европа чемпионатындагы, Пекиндеги командалык турнирдеги алтын медалдарынан кол жууйт. Балким, Камила жашы жете элек куракта болгону үчүн спорттон четтетүү мынчалык узак болбостур, анткени сотто бул жеңилдетүүчү жагдай катары саналат. Россия чемпионатынан кийинки тесттерде спортчудан аталган препарат аныкталган эмес.
Ушундай абалда фигурист кыздын спорттогу тагдыры азыр спорттук юристтердин колунда. Камилага карата адилеттүүлүк орнойт деп ишенгибиз келет.
Камила Валиеванын өзү ушул тапта кандай сезимде экенин сөз менен жеткире албасак керек. Бороон-чапкындын дал ортосунда калгандай туюлса керек. Маалымат каражаттары жана социалдык медиа Камила тууралуу ар кандай жаңылыктарга жайнап турганда көркөм муз тебүүнүн даңазалуу өкүлдөрүнүн колдоосу абадай зарыл. Эки жолку олимпиадалык чемпион Катарина Витт да россиялык спортчуну ушундай оор кырдаалда колдогондордун арасында. Немец фигуристи Instagram баракчасына: "Көркөм муз тебүү боюнча олимпиадалык таймаштагы соңку жаңылыктар көңүлүмдү чөктүрдү.
Камила Валиева — 15 жашында эле татаал бийи жана келишкен келбети менен дүйнө жүзүн айран таң калтырган жаш жана каарман кыз. Жашы жете элек, али улуулардан көз каранды, мында аны айыптоого болбойт.
Бул жаңжал — анын жаш жана келечегинен көптү үмүттөндүргөн карьерасындагы кейиштүү бурулуш, ушул тапта жанында аны колдоп, коргоп алар жана шыктандырар адамдар арбын экенине чын дилден үмүттөнөм...
Төрт айланып секирүүнү Камила ынтаасын коюп өжөрлүк, күжүрмөндүк менен өздөштүргөн. Андайга жетүүгө эч кандай допинг көмөкчү боло албайт! Артисттик ажарын да арттыра албасы айдан ачык!.. Эл аралык көркөм муз тебүү аренасында пайда болгон жарык жылдыз катары Камилага суктанам, ал жакта калышын да каалайт элем.
Төрт айланып секирүү, комбинациялары менен ал 15 жашында аябай татаал номерди көрсөтүүдө. Бул өзгөчөлүгү үчүн талантына таазим эттим".
Камила — ажайып күчтүү талантка ээ фигурист. Чыныгы керемет, спортто сейрек кездешчү көрүнүш. Дарыканадагы эч кандай зат ага муз үстүндө бүтүндөй планета демин катып көз салган сыйкырдуу номер жаратууга жардамчы боло алмак эмес. Анын аброюн каралап, түшүрүүгө болор, бирок анын табияттан тартууланган талантын, өнөрүн өчүрө алышпайт.
Кайраттан, Камила, себеби спорт, анан калса Олимпиадалык оюндар — өтө күчтүү инсандар үчүн сыноо! Ошондой сыноолордун каардуу тарабы менен ушундай эрте куракта бет келишип турганы өкүнүчтүү. Башкысы, анын аларды кантип жеңери маанилүү. Ал эми Камиланын муз үстүндө бизди суктандыра береринен шек санап да болбойт.
Пекинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиадада россиялык фигурист Камила Валиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2022
Россиялык 15 жаштагы спортчу Валиеванын тегерегиндеги допинг чыры. Чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0