00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Оң рулдуу автоунааларды өлкөгө бир шарт менен киргизүү сунушталды. Долбоор

© AFP / JUSTIN SULLIVANToyota автоунаалары. Архив
Toyota автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
Жазылуу
Мыйзам долбоордо оң рулдуу автоунаалардын техникалык абалы эң мыкты деңгээлде экени белгиленген. Алардын көбү сапат менен ыңгайды биринчи орунга койгон Япониядан чыгары кошумчаланган.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды киргизүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
Муну менен 2015-жылы аталган машиналарды өлкөгө киргизүүгө тыюу салган норманы жокко чыгаруу сунушталууда. Мыйзамдын долбоору ЖКнын сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылды.
Документте мындай автоунааларга "озуп өтүүдө" керек болчу монитору бар камераларды сөзсүз түрдө орнотуу талабы коюлган.
Долбоордун негиздемесинде оң рулдуу автоунааларды жарандардын коопсуздугу үчүн өлкөгө киргизбөө чечими кабыл алынганы белгиленген.
"Анткен менен технологиянын өнүгүшү бир орунда турган жок. Оң рулдуу автоунаалар жүргөн кээ бир мамлекеттерде озуп өтүү үчүн колдонулган монитору бар камераларды пайдаланып жатышат. Бул адегенде башка унаадан ашып өтүүдө алды жактагы жол бош же бош эместигин көрсөтүп, кырсыктарды алдын алат", — деди депутат.
Мыйзам долбоордо оң рулдуу автоунаалардын техникалык абалы эң мыкты деңгээлде экени белгиленген. Алардын көбү сапат менен ыңгайды биринчи орунга койгон Япониядан чыгары кошумчаланган.
"Чыккан жылы жана башка техникалык көрсөткүчтөрү биздин рынокко келип жаткан сол рулдуу машиналарга караганда алда канча жакшы. Мындан тышкары, жаңыраак автоунаалар келсе экологияга дагы терс таасири аз болот", — деп айтылат документте.
Ушул себептерден улам Кыргызстанга кайрадан оң рулдуу автоунааларды алып келүүгө уруксат берүү сунушталууда.
Буга чейин ЖК депутат Чолпон Султанбекова жарандардын кайрылуусу боюнча парламенттеги депутаттардын тобу оң рулдуу автоунааларды алып келүүгө коюлган чектөөнү алып салуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатканын билдирген. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси Азамат Исраилов мындай унаалардын айынан жол кырсыктары көбөйүп кеткенине байланыштуу демилгеге каршы экенин айткан болчу.
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы каршы пикирин айтты.
Айдоочунун күбөлүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
Кайсы эрежени бузган айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылат? ИИМдин сунушу
Жаңылыктар түрмөгү
0