Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Жабык Кара деңиз: Россиянын машыгуусу — опуза эмес, эскертүү

© Sputnik / Сергей Забежайло / Медиабанкка өтүү636.3 долбоорундагы суу түбүнө ылайыкталган алты "Варшавянка" дизель-электрдик суу астындагы кайыгы. Архив
636.3 долбоорундагы суу түбүнө ылайыкталган алты Варшавянка дизель-электрдик суу астындагы кайыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Жазылуу
Кара деңиздеги россиялык аскердик окуулар — РФтин Аскер-деңиз флотунун Дүйнөлүк океандагы кеңири масштабдагы машыгууларынын аймактык бөлүгү. Ошол эле учурда европалык "өнөктөштөрүнө" өлкөнүн аскерий мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү.
Кара деңиз акваториясында жана Азов деңизине чектеш райондордо Россиянын Аскер-деңиз флотунун кеме тактикалык тобу кечээ аскердик окууларды баштады. Машыгуулар 19-февралга дейре уланат. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко кезектеги макаласында ушул аскерий иш-чарага даярдык жана жүрүшүнөн кеп салган.
Кара деңиз флотунун трал менен жабдылган согуштук кемелери фарватерлерди (суудагы кеме жүрүүчү бөлүк) тазалап, шарттуу деңиз миналарын зыянсыздандырып, абадан коргонуу ыкмаларын өздөштүрүштү. Кемеге каршы коргонуучу жээктеги "Бастион" комплекстери (40 бирдиктен ашуун) Крым жана Краснодар крайында деңиз буталарына ракета атыла турган райондорго карай жылышты. Кара деңиз флотунун кеме, субмарина жана жээктеги комплекстердин жалпы ракеталык курал-жарагы 200дөн ашуун, комплекстерди кайра кубаттагыча жеткидей санда.
636.3 долбоорундагы суу түбүнө ылайыкталган алты "Варшавянка" дизель-электрдик кайыгы 24 даана "Калибр" ракетасы менен бир убакта тымызын соккуну уюштура алат. Дал ушунча канаттуу ракета да буталарына 11356Р долбоорунун үч фрегатын бир жөнөтүүгө жөндөмдүү.
21631 долбоорундагы төрт "Буян-М" чакан ракеталык кемеси Кара деңиз флотунун залпын дагы 32 даана "Калибр", ал эми жээктеги "Бал" жана "Бастион" комплекстери деңиз жана жер бетиндеги буталарына таамай тийчү 130 ракета менен толуктайт. РФтин европалык тарабында мобилдик "Искандер" ыкчам-тактикалык ракеталык комплекстери менен ракеталык бригадалардын алгачкы залпында 270: кадимки же өзөктүк (50 килотоннага чейин) курал камтылганын айтпай деле койсок болот. Кара деңиз флотунун күч жана каражаттары менен биргелешип аракет эткен РФтин Түштүк аскер округуна таандык Су-34түн экипажы 11-февралда стратосферадагы шарттуу буталарын жок кылды. Шарттуу душмандын болушунча жапыз учкан – 100 чакты метр бийиктиктеги абадан коргонуу каражаттарынан буйтоого машыгышты.
Кара деңиз флотунун негизги аскер-деңиз базаларында атайын багыттагы 200дөн жоокердин катышуусунда диверсияга каршы комплекстүү окуу өттү. Ага учкучсуз аппараттар, суу түбүндөгү чалгындоо каражаттары жана суу бетиндеги кемелер тартылган.
Россия бийлиги NOTAM системасына окуулар маалында деңиздин ушул району жана анын үстүндөгү аба мейкиндиги жабык болоорун билдирген. Кремль да: "Кара деңиз акваториясында россиялык кемелердин аскердик машыгуулары эл аралык деңиз укугуна ылайык" - деп билдирди. Ошентсе да бул НАТОнун HMS Defender британ эсминецинин стилиндеги чагымчылдыктар болбойт деп кесе айтууга кепилдик эмес. РФке карата агрессивдүү ниетте Кара деңизге сүзүп кирген бардык флот заматта жок кылынат.
Россиянын аскер кызматкери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2022
Эки бөлөк чечкиндүүлүк. Эки ири өлкөнүн аскердик машыгууларына сереп

Одесса десантты күтүүдө

Россия Аскер-деңиз флотунун ири десанттык кемелеринин отряды Балтикадан Кара деңизге карай 7000 миль сүзүп келди. Севастополго 10-февралда Балтика флотунун курамынан "Королев", "Минск", "Калининград", ал эми Түндүк флоттон "Петр Моргунов", "Георгий Победоносец", "Оленегорский горняк" чоң десанттык кемелери келди. Алар запасты толуктап, экипаждары аскер даярдыктарынын милдеттерин аткарууда. Ушуга байланыштуу Киев Украина Куралдуу күчтөрүн Одессада деңиз десантынын мизин кайтарууга даяр болууга чакырды.
Россиянын Аскер-деңиз флотунун операциялык мүмкүнчүлүктөрүнүн өрчүшүндө чоң десанттык кемелердин мааниси улам артууда. Россиялык аскерлердин Сириядагы тажрыйбасы да жоокерлерди жана аскерий техниканы кыйла ыраак аралыкка бачым жеткире алчу заманбап десанттык ири кемелердин зарылдыгын тастыктаган.
11711 долбоорунун алгачкы сериялык кемеси "Петр Моргунов" 2015-жылдын июнь айында чыйырын баштаган. Аталган долбоордун алкагындагы акыркы үлгүдөгү десанттык кемелер бортуна 300 деңиз пехотачысын, 13 танк же 36 пехота машинасын, ар кандай айкалыштагы үч башка адистешкен эки тик учакты жүктөй алат.
Кара деңиздеги алты ири десанттык кеме болжолдуу душмандын ракета-артиллериялык ок менен "тазаланган" жээгине деңиз пехотасынын бригадасын, 80 чакты танк жана 200 пехота машинасын бир жеткирүүгө жөндөмдүү. 11711 долбоорунун десанттык кемелеринин негизги куралы – "Ласка" радиолокациялык системасы бар 30 мм калибрдеги АК-630М алты стволдуу эки артиллериялык орнотмосу. Жакынкы зонада 4000 метрге чейин ракетага каршы коргоп, мүнөтүнө 10 миң ирет ок атат. Бортуна 40 футтук контейнерлерди ракеталык курал да жайгаштырылат.
Ошентсе да киевдик режимдин коркунучтары мезгилсиз. Украинанын НАТОго кабыл алынышына же альянстын аскерлери украиналык аймакка аяк басышына дейре Одесса тынч күн өткөрө берсе болот. Чыгыш Европанын жай турмушуна "россиялык коркунуч" деген ойдон чыгарылган шылтоо менен НАТО блогу гана бүлүк салууда.

Drang nach Osten 2022

Бир жыл аралыгында Кара деңиз чөлкөмүндө түндүк атлантикалык альянстын чет өлкөлүк аскерлеринин жайгашуусу 60%га өсүп, блоктун башкы катчысы Йенс Столтенберг мурдагы күнү Украинага байланыштуу дагы 1000дин тегерегиндеги америкалык аскерди жайгаштыруу жөнүндө билдирген. Жума аягында Румыния президенти Клаус Йоханнис менен Констанцедеги "Михаил Когэлничану" аскер базасын көрүп чыгышты. Бул жагдай аталган республика менен чектешкен Молдова үчүн жакшы жагдай эмес.
Пентагондун 82-аба-десанттык дивизиясынын бөлүктөрү дале Польшага жеткирилип жатат. Киев менен Варшава польшалык жоокерлерди украиналык территорияга, атап айтканда Ковел, Луцк, Стрыя жана Мукачевого жайгаштырууга макулдашууда. Ошондой эле Украина, Польша жана Улуу Британиянын "чакан биримдигин" түзүү ниети да талкууга түшкөн.
Кемелердин сыйымдуулугун жана Кара деңиз акваториясында НАТОнун бул чөлкөмгө чоочун өлкөлөрүнүн согуштук кемелеринин сүзүү мөөнөтүн олуттуу түрдө чектеген Монтрё конвенциясы Батышка чындап жолтоо болууда. Аймакты бардык эрежелерден арылтуу – америкалыктардан абалтан берки кыялы, бирок конвенциядан буйтап же аны жокко чыгара албай келет.
Америкалык F-35 Lightning II истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
F-35 кайрадан кырсыкка учурап... АКШ истребителинин жолу неге мынча катуу?
Альянс аймакка жик салуу үчүн болгон аракетин көрөрү белгилүү. Жакында Украина Аскер-деңиз күчтөрү кемеге каршы коргонуучу ракеталарын Британиядан алат. Мурда колдонулса да, чагымчылдык жасоого жарайт. Согуштук шарттарда сынала элек америкалык курал-жарак да Киевге көп ташылууда.
Донбасска карата аскердик риторика да күчөгөндөн күчөп барат. Вашингтондун көрсөтмөсү менен киевдик режим Минск келишимдеринин аткарылышын ачык эле үзгүлтүккө учуратууда. Норманд форматындагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасынан да эч кандай майнап чыкпады.
РФтин Тышкы чалгындоо кызматынын жетекчиси Сергей Нарышкиндин маалыматына таянсак, Киев козголоң чыккан аймактарды күч менен басуу планын иштеп чыгууда. Украина Куралдуу күчтөрү, Коопсуздук кызматы, чет өлкөлүк жалданма аскерлер жана жихадчылардын отряды чабуулга камынууда.
Донбасста Россиянын 720 миңден ашуун жараны жашайт. Жай калкты кырууга аракет жасала турган болсо, Москва чара көрбөй койбойт. Тегин жерден Мамлекеттик департамент АКШ жарандарын Украинадан чыгып кетүүнү кайрадан талап кылбагандыр. Ал эми РФ Мамлекеттик думасында фракциялар Донбасс жана Луганск эл республикаларын таануу жана аскердик жабдуу жөнүндө талкуулап жатышат. Украинанын чыгышындагы кырдаалдын ырбап кетүү коркунучун ЖККУ да баамдап турат.

Европаны сактап калуу

РФ эски дүйнө аймагынан АКШны сүрүп чыгарып, бул менен европалыктарды термоөзөктүк согуш азабынан куткарып калууга умтулат. Россия Аскер-деңиз флотунун Жер ортолук деңиздеги үч кубаттуу ракеталык крейсеринин топтолушу – америкалык "өнөктөштөрүнө" катуу эскертүү. Москва текши коопсуздук талаптарынан баш тартпай, Европадагы ар бир атылган окко жооп берет.
РФ коргоо министри Сергей Шойгу Жер ортолук деңизде машыгуулар дайым өткөрүлүп турарын билдирген. 140 согуштук кеме жана 10 миң чакты жоокер тартылган Аскер-деңиз флотунун окуулары Түндүк жана Охота деңизи, Атлантикалык жана Тынч океан аймактарында өтүүдө.
Москва эч кимди опузалабайт, антсе да НАТОнун аскердик активдүүлүгү күч алып, кеңейе берсе, бул – Россия менен согушка кептейт. Жамааттык Батыш менен Россия Федерациясынын ортосундагы жаңжал бүтүндөй планета үчүн өтө кооптуу.
АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн Европадагы командачысы генерал Жеффри Харригян 10-февралда россиялык агрессияга карата НАТОдогу союздаштарды коргоону пландоо жүрүп, каражаттар жеткирилип жатканын, Рамштайн авиабазасы РФ менен күтүүсүз кырдаалга камынып, бирок "эң кооптуу сценарийге" даяр эместигин билдирди.
The Nation басылмасына Нобель сыйлыгынын лауреаты, медициналык илимдин доктору Айра Хелфанд: "Жаңжал Украинанын чек арасынан чыгып кете турган болсо НАТО согуштук аракеттерге кирип, өзөктүк куралдуу күчтөр аралашкан ири согуш тутанат" деген ой камтылган макаласын чыгарды. Окумуштуу эгер РФ 3500 өзөктүк куралынын 300үн эле колдонсо, алгачкы жарым саатта Кошмо Штаттарда 78 миллион курмандык болорун болжогон. Илимпоздун жоромолунда, андай согуштун натыйжасында бүтүндөй америкалык инфраструктура кыйрайт. Бир нече айдын аралыгында АКШ калкынын басымдуу бөлүгү ачарчылыктан, нурлануу жана эпидемиялык илдеттерден каза табат.
Канада, европалык өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө да ушундай эле жоготуулар болушу ыктымал. Башка улуттарга залал келтирүү менен "улуттардын НАТОдо өз тагдырын өзү чечүү укугун" ишке ашыруу ушундай курмандыктарга арзыйбы?! Собол жоопсуз бойдон.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Украина аскерлери АКШ жана НАТО өлкөлөрү менен биргелешкен аскердик машыгууда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
НАТОго жик түшүп, ындыны өчүп турабы? Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0