Эки бөлөк чечкиндүүлүк. Эки ири өлкөнүн аскердик машыгууларына сереп

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүРоссиянын аскер кызматкери машыгуу учурунда. Архив
Россиянын аскер кызматкери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2022
Жазылуу
Беларусь жана Россиянын аскерлеринин биргелешкен машыгуулары тышкы агрессиянын мизин кайтарууга багытталып, эки союздаш мамлекеттин биринин аймагында кечээ старт алды.
Ал эми "Атлантикалык чечкиндүүлүк" окууларынын андан чоң айырмасы бар. Анткени ал чоочун аймакта, Чыгыш Европа өлкөлөрүндө өтөт. Анан да бул миссия быйыл Беларусь же Украинадагы согуштук аракеттерге АКШ армиясын аралаштырууну көздөйт.
"Союздук чечкиндүүлүк – 2022" — Вашингтондун агрессивдүү жана акылга сыйбаган тышкы саясатына Минск жана Москванын түз жообу. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул сапар аталган аскердик окууларга, алардын даярдыгы жана жүрүшүнө баам салган.
Беларустук-россиялык биргелешкен аскердик окуунун активдүү фазасы быйыл 10-20-февраль аралыгында Беларусь Республикасынын аймагындагы беш полигон жана төрт аскердик аэродромдо өтмөкчү.
Коргонуу тематикасын машыгуунун негизги баскычы жана эпизоддору (чек араны бекемдөө, "душмандын" диверсиялык-чалгындоо тобун бөгөттөө жана жок кылуу, аймакта жаңжалдан соңку жөнгө салуу) чагылдырат.
Эки өлкөнүн бириккен аскердик тобунун мүмкүнчүлүктөрү машыгуунун милдеттерин ишенимдүү аткарууга мүмкүндүк берет. Эске салсак, февраль айындагы ар кыл даражадагы аскердик иш-чараларга Беларусь Куралдуу күчтөрү дээрлик толук, башкача айтканда, 45 миңдин тегерегиндеги жоокер катышат. Мындан тышкары, 600 танк, аскердик пехота машинасы жана зооттолгон транспортерлордон 1 500 бирдик, 900 артиллериялык жана ракеталык орнотмо тартылган.
7-февралда Россия президенти Владимир Путин машыгуу аяктаганда 30 миң россиялык аскерди Беларустан чыгарып кетүүнү Франция президенти Эммануэль Макронго убада кылды. РФ тараптан окуунун ар кыл баскычында 70 миңден ашуун катышуучу, ошондой эле курал жана аскердик техника келет.
Россиянын Чыгыш аскердик округунун адистеринен сырткары Беларуска С-400 "Триумф" зениттик-ракеталык системалары, кыска аралыкка ылайыкталган "Панцирь-С" абадан коргонуучу аскердик комплекстери, "Искандер" ыкчам-тактикалык ракеталык комплекстери, сокку уруучу Су-35 жана Су-25СМ учактары да жеткирилген. Беларусь Республикасынын аба мейкиндигин иш-чара алкагында Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн Ту-22М3 бомбалоочу-ракета ташуучу учактары күзөтөт.
Талибан кыймылынын мүчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
НАТОнун Афганистандагы курал-жарагы Борбор Азияга дале кооптуулук жаратууда
Беларусь жергесине НАТОнун спутниктерин, радио аныктоо жана тескөөчү учактарын, F-16 жана F-35 истребителдерин, 10 метрден жогорку бийиктикке ылайык учкучсуздар жана башка борттук радиолокациялык системаларды ташуучуларды 300 чакырымдык радиустан токтотуп, кыйратып кое ала турган радиоэлектрондук күрөштүн "Красуха-4" алыска атуучу тутумдары жайгаштырылган. Дүйнөдө булардын теңдеши жок. Эске салсак, 2015-жылы Сириядагы согуштук шарттарда "Красуха" комплекси "Томагавк" америкалык ракеталарынын бир даарын буталарынан четтеткен.
Беларусь менен Россиянын "Союздук чечкиндүүлүк" биргелешкен машыгуусу ыкчам-стратегиялык максаты, технологиялык деңгээли, аскердик дарамети жана географиялык масштабы боюнча АКШ Армиясынын Европадагы "Атлантикалык чечкиндүүлүк" окууларынын параметрлеринен кыйла айырмаланат.
АКШ армиясынын "Атлантикалык чечкиндүүлүк" миссиясынын формалдуу милдети – Россияны "ооздуктоо" (европалык союздаштарынын бейпилдиги үчүн деген тейде). Анткен менен 2014-жылы дал Вашингтон адатынча өзүн карманбастан Киевде куралдуу төңкөрүш уюштуруп жиберген. Натыйжада Украинада жарандык согуш тутанып, Крым РФтин курамына кайткан.
Пентагондун "чечкиндүүлүгү" жыл сайын Донбасстан ыраак Балтика, Польша, Румыния жана ондогон башка республикаларда байкалат. Көктөмдө Atlantic Resolve 2022 тогузунчу миссиясы өтөт. Европада АКШ армиясынын 4-пехоталык дивизиясынын зооттолгон танк боюнча 3-бригадасынын тобу катышат.
Жаңы контингент – 1 800дөй жоокер, 50 тик учак, 1 800 техника жана жабдуу бирдиги ушул айдын аягында деңиз аркылуу Франциянын Дюнкерк жана Грециянын Александруполис портторуна жеткирилет. Латвия, Польша жана Румыниянын аскерлери басымдуулук кылган негизги күчтөр Германияга жайгаштырылат. Ротация апрелде жыйынтыкталат.
Эки тараптуу жана көп улуттук Atlantic Resolve окуулары союздук жана өнөктөштүк аскердик күчтөрдү айкалыштырчудай болгону менен мында америкалык зооттолгон техниканын, авиация, колдоо көрсөтүүчү ыкчам топтун кыймылы басымдуулук кылат. Жалпысынан "Атлантикалык чечкиндүүлүк" гитлердик "Барбаросс" планына пародияны эске салат: Түндүк Америкадан жөнөтүлгөн зооттолгон техника Батыш Европанын портторуна түшүрүлүп, чыгышка карай бет алат. Бирок жоокерлердин саны жана сапаты Вашингтондун катаал декларацияларына дегеле дал келбейт. Мурунураак Европага АКШ армиясынын Канзас штатында жайгашкан 1-пехоталык дивизиясынын зооттолгон танк бригадасы жиберилген. Анын курамында болжол менен 3 800 жоокер, 80 танк, Bradley үлгүсүндөгү 130 аскердик машина, 15 Paladin гаубицасы, дөңгөлөктүү унаадан 1 500 машина жана ар кыл багытта 85 тик учак бар. Бригада көбүнесе Польшада жайгашып, Болгария, Венгрия, Германия, Грузия, Румыния, Словакия жана Балтика өлкөлөрүндө аракет этет.
Америкалык F-35 Lightning II истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
F-35 кайрадан кырсыкка учурап... АКШ истребителинин жолу неге мынча катуу?
Согуштук аракеттердин европалык театрына АКШ армиясынын зооттолгон танк бригадасы анчейин коошпой турат. Анткени ал 20 чакырымдан ашпаган кеңдиктеги фронттун коргоо тутумуна ылайыкталган. Ал эми НАТОнун Чыгыш фронту Түндүктөн түштүккө карай 1 500 чакырымга жетиши ыктымал. Эң эле көп дегенде Кошмо Штаттардын танк дивизиясы 350 танк жана 670 зооттолгон транспортерго ээ. Кокус куралдуу жаңжал тутанып кетсе, бир нече миң америкалык аскер, 80ге чукул M-1 Abrams 80 танкы жана 100 Bradley машинасы менен да бригаданын аскердик тобу керекке жарабай калышы мүмкүн. Натыйжада РФтин "өнөктөштөрү" дагы бир жолу Дюнкерк – 1940 же Кабул – 2021 сыяктуу кейиштүү эвакуация менен аякташы ажеп эмес.
Пентагон "күчүнө толуп" турган кезинде 49 өлкөдөн союздаш жана өнөктөштөрдүн 20 миңдик корпусунун колдоосу менен да америкалык терең чалгындоо бөлүгүнүн 100 миңден ашуун аскери афган талибдерин жеңе алышкан эмес.
АКШнын Куралдуу күчтөрү бүгүнкү күндө сандык жана сапаттык жагынан да абадан коргонуу тутуму өрчүтүлгөн, сокку уруучу авиациясы заманга бап, гипер үндүү ракеталар жана өзөктүк курал-жарагы бар жогорку технологиялык душманына каршы кеңири масштабдагы согуштук аракеттерди жүргүзө албайт.
Россия менен тиреште АКШ жана НАТОнун Аскер-аба күчтөрү жердеги күчтөрүн абадан коргоону камсыздай албайт. Алар авиациядан 80 пайызга көз каранды. Ал эми "Искандер" жана "Триумфтар" альянстын аэродром жана учактарын жүздөгөн чакырым аралыктан кыйрата алат. Ушундай жагдайда да америкалык аскер жетекчилери кансыз согуштун шаблондору менен ой жүгүртүүнү улантып, бүтүндөй "атлантикалык чечкиндүүлүгү" менен Беларусь Республикасынын аймагындагы россиялык аскерлерге туруштук берүүгө чамынууда.
Глобалдык коопсуздукка кам көрбөстөн "өнөктөштөр" өзүн-өзү жок кылууга умтулуп жатышкандай. Экинчи жагынан Минск жана Москва бул процессти тездетүүгө, күч жана каражаттарынын артыкчылыгын он эсе жогорулатуу менен бир нече саат ичинде касташкан тараптын таш талканын чыгарып коюуга жөндөмдүү. Ошол себептен Atlantic Resolve миссиясы аскерлердин даярдыгын гана көрсөтүмүш этсе, "Союздук чечкиндүүлүк – 2022" машыгуусу жамааттык Батыштын технологиялык жана геосаясий ордун так көрсөтүп, тынчтыкка мажбурлоонун бир формасы боло алат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Украина аскерлери АКШ жана НАТО өлкөлөрү менен биргелешкен аскердик машыгууда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
НАТОго жик түшүп, ындыны өчүп турабы? Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0