F-35 кайрадан кырсыкка учурап... АКШ истребителинин жолу неге мынча катуу?

© AP Photo / Cpl. Francisco DiazАмерикалык F-35 Lightning II истребители. Архив
Америкалык F-35 Lightning II истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
Жазылуу
Үндөн жай F-35 истребители XXI кылымдын эң ийгиликсиз америкалык долбоору болуп калды. Үндөн ыкчам ылдамдыкта учуп баратып кыйрап, өзүн авиазамбиректен атып алып, ал түгүл өзү орнотулган авиаташуучуну да иштен чыгарып коет.
Америкалык F-35 Lightning II истребители январдын аягында Түштүк Кытай деңизинде АКШ Аскер-деңиз күчтөрүнүн USS Carl Vinson авиаташуучуга конордо кырсыкка учурады. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул ирет окуянын чоо-жайына кызыгып, аталган учактын мүнөздөмөлөрүнө дагы бир ирет токтолгон.
Учкуч секирип кетүүгө үлгүргөн, 80 млн доллардан ашуун наркы бар учак деңиз түбүнө кулап, табылган жок. Кеме экипажынын жети мүчөсү жаракат алып Филиппиндеги госпиталга жеткирилген.
Окуя ошол менен бүткөн эмес. F-35C истребители менен кагылышкан соң Carl Vinson авиаташуучусунун навигация жана байланыш тутуму бузулуп, Түштүк Кытай деңизиндеги милдетин аткарууга жараксыз болуп чоң бутага айланып калган. Анын корпусунун узундугу – 331 метр, ал эми учуш палубасынын туурасы – 77 метр. Экипажы – 6000ден ашуун моряк, авиаканатында – 90 чакты учак жана тик учак, арсеналында 3 000ден ашык курал-жарак, ок-дары, анын ичинде 100 өзөктүк дүрмөт да бар.
Бул кырсык АКШ Аскер-деңиз күчтөрүнүн аброюн, тактикасын түшүрүп, эң ынанымдуу америкалык технологиялар жөнүндөгү уламыштардан шек санатат. USS Carl Vinson атомдук авиаташуучусу башында турган абадан сокку уруучу топтун 2021-жылдын биринчи жарымындагы машыгууларында биринчи ирет палубалык F-35C истребители, EA-18G Growlers радиоэлектрондук күрөш учактары, E-2D Advanced Hawkeyes ыраакка багытталган радиолокациялык аныктоо жана тескөөчү заманбап учактары интеграцияланган.
АКШ Аскер-деңиз күчтөрүнүн командачылыгы "көзгө көрүнбөс" истребителдерди радиоэлектрондук күрөштүн палубалык жана ыраакка багытталган радиолокациялык аныктоо-тескөөчү учактары сокку уруучу топту күчтөндүрүп, абадан сокку уруучу топтун жакындаганын байкаганча душмандын чалгындоо, байланыш каражаттарын жана истребителдерин талкалап кое алат деп үмүттөнүшкөн. Бирок тынч убактын реалдуулугу андай пландарды түзөтүп койду.
Эпоха модулу бар БМП. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Доордун дулдулдарынын бири. "Эпоха" модулундагы россиялык техникага мүнөздөмө
Атомдук авиаташуучу өз багытындагы кемелер менен аскер тармагы чабал өлкөлөр менен күрөштө гана ынанымдуу болуп, заманга бап деңиз операцияларында өтө алсыз. "Көзгө көрүнбөстөр" начар учуп, кулап түшкөн учурлары ого эле көп.
Түштүк Кореянын Аскер-аба күчтөрүнө таандык F-35A истребители 2022-жылдын 4-январында шассилери иштебей, боору менен конууга аргасыз болду. Былтыр 17-ноябрда британиялык Аскер-деңиз күчтөрүнүн HMS Queen Elizabeth авиаташуучусунун авиаканатынын курамындагы F-35B истребители Жер ортолук деңизине кулаган.
Декабрь айында Хоккайдодо Япониянын Коргоо күчтөрүнүн F-35A учагы учуш тилкесине тарс урунган. Андан мурун япониялык F-35A Чыгыш Кытай деңизинде радарларга көрүнбөй калган жайы болгон.
"Көзгө көрүнбөстөр" кабылган мындай учурлар Пентагондун кыжырын кайнатып, учактын массалык өндүрүшүнө уруксат берилбей келет. Ошол эле учурда дүйнөлүк рыноктогу потенциалдуу сатып алуучулардын F-35ке суроо-талабы да төмөндөдү. Мисалы, Грецияга бул учактардын наркы туура келбей калды, эске салсак бир бирдиги 80 млн доллардан ашуун каражатка сатылат. Бириккен Араб Эмирлиги F-35ти сатып алууну токтотуп, декабрда 80 даана Rafale франциялык истребителин сатып алуу келишимине кол койду.

Дат баскан кыялдар

Кошмо Штаттар F-35тин жашыруун технологияларынан (маселен, стелс менен капталышы) Кытайдын кабардар болушунан чочулайт. Деңиз түбүнөн таап чыгып, өз иштелмелерине пайдаланат деп боолголошот. Менимче, америкалыктар корко турган жагдай башка. Эмкисинде "Чагылган" B61-12 термоөзөктүк авиабомбасын палубага "түшүрүп" алышы да ыктымал. Эгер USS Carl Vinson аппаратынын үстүңкү бетине 1 000дей чакырым аралыкты багындыра алчу кытайлык Dongfeng 21D канаттуу ракетасы учуп кирсе эмне болот? Батыш маалымат каражаттары аны "авиаташуучуларды кырат" деп сыпатташкан эмеспи.
Россиялык гиперүндүү "Циркон" да 1,4 млрд долларлык кемени деңиз түбүнө "түшүрүп" коюуга жөндөмдүү. Чөгүп кеткен F-35 капталган стелс деңиз суусуна тийгенде бардык касиеттерин жоготот. Бир нече ай аралыгында "көзгө көрүнбөстөр" "Карл Винсондун" палубасында туруп эле нымдуу деңиз абасынан дат басып кеткени белгилүү. Бул америкалык учкучтарды абдан тынчсыздандырган. Дат басышы анын көзгө көрүнбөс мүнөздөмөсүн жок кылып, андай көрүнүш учактын конструкциясынын ички түйүндөрүнө да таасир этет.
Military Watch басылмасы: "F-35C модификациясындагы истребителдер иштеп чыгуу боюнча көп жылдык аракеттерден кийин 2019-жылы гана куралданууга алынган. Анткен менен деле 800дөн ашуун техникалык көйгөйү бар, мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Орто жана жогорку интенсивдүүлүктөгү кармаштарда учактар дегеле жөндөмсүз".
Anka уруучу аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2022
Казакстанга түркиялык Anka аппаратынын зарылдыгы барбы? Техникага мүнөздөмө
Ошентсе да эмки айда НАТОнун Cold Response 2022 аскердик окуулары Норвегия жана Норвегия деңизинин акваториясында өтөрүн жарыялаган. Ага абадан сокку уруучу эки топ, атап айтканда америкалык USS Harry S. Truman, британиялык HMS Prince of Wales жана коштоочу кемелер, көп сандагы палубалык учактар жана стратегиялык авиациясы (В-1В Lancer) тартылмакчы. Альянстын Норвегия деңизиндеги ушул өңдүү эле – Trident Juncture 2018 машыгуусу АКШ Аскер-деңиз күчтөрүнүн атомдук Harry S. Truman ташуучусу үчүн оңтойсуз аяктаган. Командачылык катуу бороондон улам жана палубаларга муз тоңуп калгандыктан көккө бир дагы учакты учура албай калган.
Климаты катаал Заполярье америкалык деңиз пехотачыларынын десантына жол берген эмес. "Гарри Трумэн" башында турган абадан сокку уруучу топ машыгуу районунан мөөнөтүнөн мурда кетүүгө аргасыз болгон. Cold Response 2022 аскердик окууларда F-35C "учуучу компьютерлери" быйыл да тоңуп, жогорку технологиялык курал жаатында АКШнын артта калганын жана тышкы саясатынын акылга сыйбастыгын баса белгилеп коюшу мүмкүн. "Көзгө көрүнбөстөрдүн" ашкере кымбатка түшкөн заманбапташтыруу аракеттерине карабастан анын дүйнөлүк истребителдик авиациясында F-35 Lightning IIнин үстөмдүгү жөнүндөгү аңыз кептер ашкере апыртылган.
"Чагылгандар" дүйнөгө космостук баасы жана төмөн техникалык даярдыгынын өзгөчө айкалышы менен гана таанылды. Тегин жерден америкалык адистер F-35ти "эң начар беш учактын" катарына кошуп, ал эми Конгресс декабрда АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн F-35 паркынын өлчөмүн мыйзам менен чектеп койбогондур.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Ту-160 учагы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2022
Канат күүлөшү эле айрымдардын түн уйкусун качырат. Ту-160М2ге мүнөздөмө
Жаңылыктар түрмөгү
0