Билим берүү министри Болотбек Купешов кызматынан бошотулду

Болотбек Купешов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Жазылуу
Купешов бул кызматка өткөн жылдын май айында дайындалган.
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, Купешов 2021-жылдын 5-майында Алмазбек Бейшеналиевдин ордуна билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0