https://sputnik.kg/20210506/bilim-ber-ministri-bolotbek-kupeshovdin-omur-bayany-1052401168.html
Жаңы билим берүү министри Болотбек Купешев туурасында эмне белгилүү
Жаңы билим берүү министри Болотбек Купешев туурасында эмне белгилүү
Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Бейшеналиевдин фамилиясы министрлер кабинетинин жаңы курамында жок болуп чыкты. Ал 2020-жылдын октябрынан бери Билим берүү министрлигин башкарып... 06.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-06T09:49+0600
2021-05-06T09:49+0600
2021-12-15T22:53+0600
таржымал
министр
болотбек купешев
кыргызстан
https://sputnik.kg/img/104168/79/1041687910_0:0:4001:2251_1920x0_80_0_0_b17e78a0bbd614eea60b6638c7789f2f.jpg
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин ордуна Болотбек Купешев дайындалды. Бул министрлер кабинетинин жаңы курамын жарыялаганда белгилүү болду.Президент Садыр Жапаров кечээ, 5-майда, Конституциянын жаңы редакциясына кол койду. Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын күчүнө кириши менен министрлер кабинетин өзгөртүштү. Тагыраагы, өкмөттүн төрагасынын дагы эки орун басары пайда болду.Бейшеналиев 2020-жылдын октябрынан бери Билим берүү министрлигин башкарып келген.Ачык маалыматтар боюнча, Купешев 2004-жылдын октябрь айына чейин Бишкек шаарындагы Герман Гмайнер атындагы мектептин директору болгон.2004-жылдын 6-октябрынан 2005-жылдын апрель айына чейин Октябрь районунун акими болуп иштеген. Ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаты да болгон.2008-жылы Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районун жетектеп, аким жана акимдин орун басарлыгын аркалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104168/79/1041687910_350:0:3621:2453_1920x0_80_0_0_32ff31aa11b810f692eb198e605e4816.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
таржымал, министр, болотбек купешев, кыргызстан
таржымал, министр, болотбек купешев, кыргызстан
Жаңы билим берүү министри Болотбек Купешев туурасында эмне белгилүү
09:49 06.05.2021 (Жаңыртылды: 22:53 15.12.2021) Алмазбек Бейшеналиевдин фамилиясы министрлер кабинетинин жаңы курамында жок болуп чыкты. Ал 2020-жылдын октябрынан бери Билим берүү министрлигин башкарып келген.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин ордуна Болотбек Купешев дайындалды. Бул министрлер кабинетинин жаңы курамын жарыялаганда белгилүү болду.
Президент Садыр Жапаров кечээ, 5-майда, Конституциянын жаңы редакциясына кол койду. Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын күчүнө кириши менен министрлер кабинетин өзгөртүштү. Тагыраагы, өкмөттүн төрагасынын дагы эки орун басары пайда болду.
Бейшеналиев 2020-жылдын октябрынан бери Билим берүү министрлигин башкарып келген.
Ачык маалыматтар боюнча, Купешев 2004-жылдын октябрь айына чейин Бишкек шаарындагы Герман Гмайнер атындагы мектептин директору болгон.
2004-жылдын 6-октябрынан 2005-жылдын апрель айына чейин Октябрь районунун акими болуп иштеген. Ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаты да болгон.
2008-жылы Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районун жетектеп, аким жана акимдин орун басарлыгын аркалаган.