Россиялык 15 жаштагы спортчу Валиеванын тегерегиндеги допинг чыры. Чоо-жайы

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүПекинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиадада россиялык фигурист Камила Валиева
Пекинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиадада россиялык фигурист Камила Валиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2022
Жазылуу
Спортчунун мурдагы допинг анализинен (25-декабрда тапшырылган) тыюу салынган препарат табылган. Россиянын олимпиада комитети анализди текшерүү мөөнөтү чоң түкшүмөл жаратарын билдирген.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Пекинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиадада россиялык фигурист, 15 жаштагы Камила Валиеванын допинг анализи боюнча талаш чыкты. 25-декабрда тапшырылган тесттик үлгүдөн триметазидин заты табылганы кечээ бышыкталды.
15 жаштагы спортчу Россиянын курама командасына кирип, командалык турнирге катышып, алар Олимпиада-2022де алтын медалын уткан. Допинг чырынан улам россиялык спортчулар алтындан кол жууп калуу коркунучунда турат.
Валиева чоңдор арасында көркөмдөп муз тебүүнүн алгачкы сезонун өткөрүп, мелдештердин эч биринде утулган эмес. Ал Европа жана Россия чемпионаттарында да ийгилик жараткан, эки программада тең жана алардын жыйынтык суммасында дүйнөлүк рекорддор да ага таандык.

Чыр эмнеден чыкты?

Россиялык фигуристтер 7-февралда командалдык таймаштарда алтынга татыган. Курама командадан жуптар Анастасия Мишина менен Александр Галлямов, Виктория Синицина менен Никита Кацалапов, жекелик бийде – эркектер арасында – Марк Кондратюк, ал эми кыз-келиндер арасында Камила Валиева чыккан.
Сыйлоо аземи дүйшөмбү күнү, 7-февралда, өтмөк. Күтүүсүздөн Эл аралык олимпиада комитети иш-чараны кийинки күнгө жылдырган. Шейшембиде да өтпөй калып, анда "бүгүн Коньки тебүүчүлөрдүн эл аралык биримдиги менен тезинен юридикалык консультацияны талап кылган жагдай жаралды" деп маалымдаган Эл аралык олимпиада комитетинин басма сөз кызматы. Натыйжада сыйлык тапшыруу салтанаты белгисиз мөөнөткө калтырылган. Себебин да расмий түрдө аташкан эмес.

Маалымат айдыңындагы ар кыл версиялар

Адегенде Inside The Games басылмасы маалымат булагын атабастан, иш-чаранын жылдырылышы “Россия олимпиада комитети жана допингге каршы эл аралык жөнгө салуучулардын айланасындагы кырдаалга” байланыштуу болушу мүмкүн деп боолгологон.
Кийинчерээк британиялык маалымат каражаттары ар кандай маалымат булактарга шилтеме кылуу менен россиялык спортчулардын биринин тест-үлгүсүнөн тыюу салынган зат табылганын кабарлай башташты. Бирок андай маалымат ал убакта расмий ырасталган эмес эле.
Бейшембидеги брифингде да Эл аралык олимпиада комитетинин өкүлдөрү бул тууралуу сөз кылуудан баш тартышкан.
Кийинчерээк ар кыл басылмалар сыйлык тапшыруу аземинин улам кармалып жатышы Камила Валиеванын допинг анализине байланыштуу экенин жазып чыгышты.
© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүПекинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиадада россиялык фигурист Камила Валиева
Олимпиада-2022. Фигурное катание. Командный турнир - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2022
Пекинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиадада россиялык фигурист Камила Валиева

Эски анализ

Анализде триметазидин заты аныкталганын кечээ Эл аралык тест агенттиги тастыктады. Аталган агенттиктин билдирүүсүндө Валиеванын канында препараттын аз өлчөмү аныкталган. Бул каражатты 2014-жылдан бери мелдеш маалында жана анын тышында ичүүгө тыюу салынган. Препарат организмди кычкылтекке каныктырып, күч келтиргенден кийин калыптандырууга көмөкчү болот. Адатта триметазидин жүрөк ооруларын дарылоодо колдонулат.
"Валиеванын 2021-жылдын 25-декабрында Көркөмдөп муз тебүү боюнча Санкт-Петербургда өткөн Россия чемпионатында тапшырылган допинг анализинде тыюу салынган триметазидин заты табылды. Жыйынтыгы 8-февралда Стокгольмдогу допингге каршы WADA лабораториясы тарабынан кабарланган. Ушундан кийин спортчу Россиялык допингге каршы агенттик тарабынан мелдештен шарттуу четтетилген", — деп айтылат расмий билдирүүдө.
Россиянын олимпиада комитети Валиеванын башка тесттеринде маселе жоктугун билдирди. Анда январдагы Европа чемпионаты, Пекиндеги Олимпиада оюндарындагы допинг анализдери таза экени белгиленген.
"Анализди текшерүү мөөнөтү: 25-декабрда Санкт-Петербургдан алынып, 8-февралда жыйынтыкталганы шек туудурат. WADA лабораториялары үчүн эл аралык стандарт боюнча анализ үлгү алынгандан 20 күн аралыгында текшерилет. Санкт-Петербургдан Стокгольмго чейин бул үлгү бир айда жеткирилген. Бул олуттуу түкшүмөл туудурат. Фигуристтердин мелдеши аяктаганча бул үлгүнү кимдир бирөө атайын эле кармап тургандай. Спортчу катары миң жолу болбосо да жүздөгөн тесттерди тапшыргам. Тажрыйбамда анализдин жыйынтыгы ушунчалык узак чыгарылганын эстей албай турам. Жетекчи катары да тесттер кантип тапшырылганын далай ирет көргөм. Бирок бир жарым айга созулганын... Эмне үчүн мындай болгонуна так жоопторду алгыбыз келет", — деп билдирет РФ олимпиада комитетинин башчысы Станислав Поздняков.
© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүПекинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиадада россиялык фигурист Камила Валиева
Олимпиада-2022. Тренировка фигуристки К. Валиевой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2022
Пекинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиадада россиялык фигурист Камила Валиева

Россия бийлиги бул окуяны жаңылыштык катары көрөт

РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бир жаңылыштык кеткенин айтып, териштирүүнүн жыйынтыгын күтүүнү өтүндү.
"Бул тууралуу эч нерсе айткыбыз келбейт. Териштирүүнүн аякташын күтөлү. Биз Камила Валиеваны колдойбуз, баарын аны колдоого үндөйбүз. Камилага айтарыбыз: жер караба, жүзүңдү катпа, сен россиялыксың, кайда болсо башыңды көтөрүп сыймыктанып жүр. Эң башкысы — бийлей бер, жеңишке жете бер. Биздин спорттук жетекчилерибиздин анализди текшерүү мөөнөтү боюнча так суроолору бар", — деди Песков.
Жагдайга карабастан россиялык спортчу кыз Пекинде штаттык режимде машыгууларын улантууда. Журналисттердин суроолоруна жооп берген Камиланын машыктыруучусу Этери Тутберидзе “ушак-айыңдар менен алектенбей” турганын билдирген.
Ошондой эле Валиева мелдештен четтетүү чечими боюнча кайрылып, талашта жеңип чыкканы үчүн Олимпиада-2022 оюндарына катышуусун расмий түрдө уланта алары белгилүү болду. Спортчу кыз жекелик мелдешке катышат. Анын алкагындагы Валиева муз үстүндө чеберчилигин кыска программа менен 15-февралда, ал эми эркин программасын 17-февралда көрсөтмөкчү.
Суктандырган, керемет көрүнүш. Пекиндеги олимпиада салютунун видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2022
Суктандырган, керемет көрүнүш. Пекиндеги олимпиада салютунун видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0