Түндүк-түштүк трассасында көпүрөнүн тосмосу уурдалган. Чыгымдын көлөмү

© Sputnik / Акылбек БатырбековТүндүк-түштүк трассасында көпүрө. Архив
Түндүк-түштүк трассасында көпүрө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2022
Жазылуу
Сузак ИИБине жол салып жаткан China Road компаниясынын өкүлү кайрылган.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Түндүк-түштүк трассасында көпүрөнүн темир тосмосун уурдап кеткен факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул туурасында Жалал-Абад облусунун маалымат кызматынан кабарлашты.
18-январь күнү Сузак райондук милициясына жол салып жаткан China Road компаниясынын өкүлү кайрылган.

"Ал Сузак районундагы Курманбек айылынын аймагында Балыкчы — Жалал-Абад жолун куруп жаткан учурда, 10-ноябрдан 12-ноябрда чейинки аралыкта Кырчын жайлоосу аркылуу өткөн көпүрөнүн темир рельстери уурдалганын билдирди", — деп айтылган маалыматта.

Бул уурулуктун кесепетинен компания 200 миң сомдук чыгым тарткан. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин ("Уурулук") негизинде катталып, айылдын жашоочулары сурак берип жатканы кабарланды. Милиция кылмыштын бетин ачуу үчүн иликтөө иштери жүрүп, тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы билдирди.
Көк-Арттагы тоннелдин курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2022
Буюрса, ачылды! Көк-Арттагы тоннелди эки жагынан казган куруучулар жолуккан видео
Кишенчен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2022
Жалал-Абад облустук ооруканасына ууруга кирген үч киши кармалды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0