Буюрса, ачылды! Көк-Арттагы тоннелди эки жагынан казган куруучулар жолуккан видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк-Арттагы тоннелдин курулушу. Архив
Көк-Арттагы тоннелдин курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2022
Жазылуу
Жалпы тоннелдин курулушун бүткөрүү 2022-жылдын соңунда аяктоо пландалууда.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун Көк-Арт ашуусу аркылуу өтө турган тоннелдеги штольнянын өтмөгү казылып бүтүп, ал эми негизги тоннель боюнча иштер улантылууда. Аны 2022-жылдын соңунда аяктоо пландалып жатат. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.
"30-январда тоннелдеги штольнянын өтмөгү казылып бүттү. Азыр негизги тоннель боюнча иштер уланып жатат. Түндүк-Түштүк альтернативалык жолдогу тоннель менен катар эле бийиктиги төрт метр болгон штольнянын өтмөгү казылып жаткан. Ал чукул кырдаал жаралган учурда элди жана автоунааны эвакуация кылганга мүмкүнчүлүк түзөт", — деп билдиришти аталган министрликтен.
Ал арада социалдык тармакка штольнянын өтмөгүн тоннелдин эки тарабынан казып келип, ортосуна жеткенде жолуккан куруучулардын видеолору тарады. Алар бири-бирин куттуктап, каалоо-тилектерин айтып жаткандыгын угууга болот.
"Экономиканы алдыга көтөргөн, элдин ынтымагын арттырган, бизди алдыга сүйрөгөн ак жолтой жол болсун!" — деген ошол жердеги ачык маанай менен кубанып турган адистердин бири.
Бир катарлары кубанычын жашыра албай кыйкырып, шоола түшкөн аркы четтегилерди да куттуктап, "ачылды буюрса" деп жатканы да кадрдан көрүнүп турат.
Тоннелдин узундугу 3 890 метр, туурасы 10 метрди, ал эми бийиктиги 9 метрди түзөт. Бул эки тилкелүү кыймылга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Салыштыруу иретинде айтсак, Төө-Ашуудагы Көлбаев атындагы тоннелдин туурасы 6,2, ал эми узундугу 4,5 метрди түзөт.
Министрликтин маалыматында долбоор Кытайдын "Эксимбанкы" берген каражатка China Road And Bridge Corporation компаниясынын жардамы менен ишке ашууда. Ал Кыргызстандагы курулуш боюнча бир канча долбоорлорго катышып келет. Курулушка "Кыргыз жол транспорт долбоор" долбоордук институту көзөмөл жүргүзүп, кеп-кеңеш берери айтылды.
Курулуш иштери күчөп турган маалда 550гө чукул адам, 400 курулуш техникасы иштейт. Учурда 116 чакырымга асфальт төшөлүп, Көк-Арттагы тоннелде иштер кызуу жүрүп жатат.
Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2021
Өз убагында бүтүргүлө! Жапаров ири туннелдин курулушун барып көрдү. Сүрөт
Көпүрөнүн дрондон тартылган көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Тоолордун кучагында... Жаңы жолдогу эң чоң көпүрөнүн курулушунан ажайып сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0