Акысыз анализ, арзан дары. Медициналык камсыздандыруу полисинин артыкчылыгы

© Sputnik / Асель СыдыковаБишкек аймактык башкармалыгынын медициналык кызматтын сапатын эксперттөө секторунун башчысы Света Нуралиева. Архив
Бишкек аймактык башкармалыгынын медициналык кызматтын сапатын эксперттөө секторунун башчысы Света Нуралиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2022
Жазылуу
Медициналык жардам алууда баары эле өз укугун биле бербейт. Медициналык камсыздандыруунун айрым артыкчылыктары чөнтөктөгү каражатты бир топ үнөмдөп калууга жардам берет.
Медициналык камсыздандырылгандардын катарына кимдер кирерин, полистин кайсы учурда жардамы тиерин билчү белеңиз? Полиси жоктор аны кайдан алса болот, дегеле медицина жаатында камсыздандырылгандар үчүн мамлекет кандай жеңилдиктерди көрсөтөт? Ушул жана башка суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкек аймактык башкармалыгынын медициналык кызматтын сапатын эксперттөө секторунун башчысы Света Нуралиевадан жооп алды.

Медициналык камсыздандырылган топко кимдер кирет?

Мамлекетке салык төккөн кызматкерлер, пенсионерлер, мектеп окуучулары (18 жашка чейин), ай сайын жөлөк пул алчулар, аскер адамдары, фермерлер, 21 жашка чейинки күндүзгү бөлүмдө окуган студенттер жана жумушсуздугу боюнча каттоодо тургандар медициналык камсыздандырылгандарга кирет. Башкалары атайын полис сатып алган учурда гана бул категорияга кошулат.

Камсыздандырылбагандар полисти кайдан канчага алса болот?

Жогорудагы категорияга кирбегендер, маселен, иштебей үйдө отургандар, базар, дүкөндө салык төлөбөй иштегендер медициналык камсыздандыруу боюнча атайын полисти сатып ала алат. Баасы Кыргызстандын жарандары үчүн 12 айга 1 286 сом. Ал эми чет өлкөнүн жарандарына мындай полис алты айга 7 826 сом турат. Ал эми бир жылга 15 652 сомду түзөт.

Медициналык камсыздандыруунун артыкчылыгы кайсы, кандай жеңилдиктер каралган?

Камсыздандырылган адам же камсыздандыруу полисин сатып алгандар сөзсүз жашаган жериндеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна (ҮБДБ) каттоого турушу керек.
Адатта Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна (ҮБДБ) каттоого тургандын баары камсыздандырылса да, камсыздандырылбаса да базалык лабораториялык изилдөөлөрдү акысыз тапшыра алышат. Алсак, кан, заара, кант диабети, холестерин жана башка жалпы 11 анализ бекер. Мындан сырткары, бейтапканын ичиндеги амбулатордук шартта дарылануу, рентген, флюрография да камсыздандырылгандар үчүн акысыз экени айтылды.
Начальник управления Департамента лекарственных средств и медицинских изделий Минздрава Исабек Исмаилов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Радио
Исмаилов: элге керектүү дарылар 68 пайызга чейин арзандады

Акысыз лабораториялык изилдөөлөргө ҮБДБнын ичиндеги менчик лабораториялардын кызматы киреби?

Жок. Негизи менчик лабораторияларга барардан мурда ҮБДБдагы лабораторияда сиз тапшырчу анализ алынарын тактап алганыңыз оң. Бул учурда менчик лабораторияга кетчү акчаңыз чөнтөгүңүздө калат.

Медициналык полиси бар, бирок ҮБДБга каттоого турбаган адамдарга жеңилдик карала береби?

Жок. Сөзсүз жашаган жериндеги бейтапканага каттоого турушу шарт. Мындай учурда жок дегенде дарыгерге акысыз көрүнүп, анализдерин бекер тапшырат.

Арзан дары

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кошумча жана мамлекеттик кепилдик программалары бар. Мамлекеттик кепилдик программасы менен өнөкөт оорусу бар бейтаптар дарыны 100 пайыз акысыз ала алышат. Бул топко бронх астмасы, психикасына доо кеткендер, шизофрения, рак (акыркы стадия), талма менен жабыркагандар кирет. Алар дайыма дары ичип турушу керек. Ошол себептен аларга ушундай жеңилдик каралган. Дарыны арзан алыш үчүн алар сөзсүз ҮБДБга каттоого турушу керек.
Медициналык жактан камсыздандырылгандар жана полиси барлар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим түзгөн дарыканалардан дары-дармекти 50 пайызга чейин жеңилдетилген шартта алса болот. Бул жерде дарыгердин рецебиндеги дары ММКФ менен түзүлгөн тизмеде бар болсо, анда жарым акчасын бейтап өзү, жарымын фонд төлөп берет.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгы 28 фармацевтикалык компания менен (300дөй дарыкана) келишим түзгөн. Ал дарыканаларда ММКФ жана мамлекеттик кепилдик программасынын рецебин кабыл алабыз деп жазылып турат. Жеңилдетилген дары-дармектердин тизмесине жашоо үчүн маанилүү жана калк арасында эпидемиологиялык кырдаалда суроо-талапка ээ болгон дарылар кирген. Аларды дарыкана ээлери электрондук рецепт системасы аркылуу бейтаптын камсыздандырылгандыгы тууралуу маалымат алып, ошого жараша дары сатат.
Кош бойлуу аялды карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2022
Кыргызстанда операция менен төрөтүү акысыз! ММКФтин эскертүүсү

Кош бойлуу аялдарга көрсөтүлчү жеңилдик

Кош бойлуу аял сөзсүз жашаган жериндеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна каттоого турушу керек. Каттоого турган аялдарга ММКФ полисти акысыз берет. Бул учурда кош бойлуу кыз-келиндерди дарыгер акы албай көрүп, лабораториялык изилдөөлөр бекер жүргүзүлөт. Полисти алгандарга орто эсеп менен 50 пайыз жеңилдетилген негизде дары-дармек (темир, йод, фолий кислотасы жана башка препараттар) алганга мүмкүчүлүк берилет. Анализдер да акысыз жүргүзүлөт. Төрөт, операция жолу менен төрөтүүгө кош бойлуу бир дагы сом төлөбөйт. Төрөттөн кийинки 10 жуманын ичинде дагы медиктер жаңы төрөгөн аялды акысыз көрүп, дарылайт.

Стационарда жатып дарыланууда кандай жеңилдиктер бар?

Мамлекеттик кепилдик программасы боюнча коронавирус, кургак учук, рак, кант диабети, төрөт, төрөт алдындагы коркунуч сыяктуу 17 медициналык көрсөтмө боюнча (башка да оорулар бар) бейтаптар акысыз дарыланышат.
Ал эми социалдык жаатта 30 көрсөтмө боюнча жеңилдик каралган. Алардын арасында эң негизгилери — алты жашка чейинки бөбөктөр, 70 жаш жана андан жогору курактагы адамдар, баатыр энелер, майыптыгы барлар жана башкалар. Булардын ичинен балдар гана бир жылда канча жолу жатса да бекер дарыланат. Калгандарына пландуу түрдө эки гана жолку дарылануусу акысыз деген чектөө бар. Эгер пландуу түрдө үчүнчү ирет жатса, анда акы төлөйт. Адистер ооруканага жатар же барар алдында үй-бүлөлүк дарыгерден багыттама жаздырып алууну сунуштаган.

Стоматологиялык кызматтар

Бишкек шаары боюнча беш стоматологиялык бейтапкана бар. Ал жакта 10 жашка чейинки балдар, пенсионерлер жана кош бойлуу аялдарга айрым кызматтар акысыз. Мындай кызматтын ичине дарыгердин консультациясы, тиш жулуу (дарысы ичинде), пломба коюу бекер. Адистер жеңилдетилген медициналык жардам алуу үчүн ар бир адам өзүнүн ПИН номерин билиши керектигин эскертти.
Компьютердик томография өткөрүп жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2022
Кыргызстандыктар кайсы учурда Россиядан бекер медициналык кызмат ала алат
Жаңылыктар түрмөгү
0