Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Исмаилов: элге керектүү дарылар 68 пайызга чейин арзандады

© Sputnik / Асель СыдыковаНачальник управления Департамента лекарственных средств и медицинских изделий Минздрава Исабек Исмаилов
Начальник управления Департамента лекарственных средств и медицинских изделий Минздрава Исабек Исмаилов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов дары-дармектин 500дөй түрү арзандаганын айтты.
Калк үчүн арзандатууну камсыз кылуу жана дары-дармектин баасын жөнгө салуу максатында фармацевтикалык компаниялар менен биргеликте дары-дармек менен камсыздоо чөйрөсүндөгү абалды талдоо боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлүп, маанилүү дарылардын баасы төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Исабек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Исмаилов: элге керектүү дарылар 68 пайызга чейин арзандады
Анын айтымында, ири дарыканалардагы дүң жана чекене баалар мурунку наркынан 10 пайыздан 68 пайызга чейин азайды.
"Мамлекеттин дары каражаттарынын бааларын көзөмөлгө салуу саясатынын негизинде УКМК, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, ошондой эле саламаттык сактоо министри, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары баш болуп чогуу иш алып бардык. Ири фармацевтикалык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Жыйынтыгында биринчи этапта ар кандай өндүрүүчүлөрдүн 500дөн ашык аталыштагы препараттарынын тизмеси бекиди. Алар жашоо үчүн маанилүү жана калктын арасында эпидемиологиялык кырдаалда суроо-талапка ээ болгон дарылар. Учурда дарыканалардагы дүң жана чекене баалар мурунку наркынан 10 пайыздан 68 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Азыркы учурда дары-дармектин жеткиликтүүлүгүнө баа берүү үчүн импорттук, дүң жана чекене баалар боюнча активдүү мониторинг жүргүзүлүүдө. Медикаменттердин бааларын жөнгө салуу министрлер кабинетинин "Дары-дармек каражаттарына болгон бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомунун негизинде жүргүзүлөт. Бул токтомдун негизинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу китепчесиндеги, мамлекеттик кепилдик программасындагы жана Саламаттык сактоо министрлигинин №5 протоколундагы 56 эл аралык аталыштагы дарылардын баасын жогорулатууга чектөө киргизилди", — деди Исмаилов.
Ал кыргызстандыктар өлкө аймагындагы дарыканага кирип, кайсы дарылар канча баада сатылышы керектиги боюнча тизмени окуп (же pharm.kg сайтындагы каталогдон), арзандатылган дары каражатын ала аларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0