Кремлдеги "Борбор Азия эл достугу" мекендештерди колдоп-сүрөөгө арналды. Маек

© Sputnik / Максим БлиновКонцерттеги көрүүчүлөр. Архив
Концерттеги көрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Жазылуу
Жакында эле Москвада "Борбор Азия эл достугу" деген аталыштагы ири долбоор ийгиликтүү аяктады. Максаты — Россиядагы мекендештердин маданий-экономикалык абалын чыңдоо жана эл аралык достукту бекемдөө.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде аталган долбоордун уюштуруучулары, "Эмарк групп" курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов жана Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Акжол Келгенбаев маек курду.
Бул иш-чаранын алкагында бизнес-форум өтүп, 28 улуттук бренд өз продукциясынын көргөзмөсүн уюштурган.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Эмарк групп" курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов
Директор строительной компании Эмарк групп Чолпонбек Акматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
"Эмарк групп" курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов
— Алгач долбоордун максаты, кантип уюштурулуп калгандыгы тууралуу айтып берсеңиздер?
Чолпонбек Акматов: — Россияда да ишибизди улантсак деп жүргөндө Акжол менен таанышып калдык. Ал бизге Москвадан юридикалык кеңсе ачып, жакшы юрист жалдап, айлыгын төлөп берсеңиздер деген өтүнүчүн билдирди. Анткени азыр Россияда эмгектенип жүргөн кыргыз мигранттарынын саны бир миллионго жетип калыптыр. Көбү юридикалык жактан сабатсыз болгондуктан документке, мыйзамдуу укугуна байланышкан турмуштук көйгөйлөрү арбын экен. Мисалы, жумуштан акысын ала албай алданып, документин алдырып же эч күнөөсү жок эле камалып кеткендер арбын. Чоң мегаполиске барганда баары эле дароо ордун таап кете алышпайт эмеспи.
Ошондуктан алгач мигранттардын башын бириктирип, алдыга карай умтулууга дем берүү менен бир мыкты долбоор уюштурууну чечтик. Анын аркасында продюсер Ислам Сатаров аркылуу россиялык продюсерлер менен байланышып Кремлдин залында концерт коюп калдык. Уюштуруу иштерине эки жарым ай убакыт кетти. "Борбор Азия эл достугу" деп атаганыбыздын себеби улуттар аралык ынтымак болсо деген ниет. Анткени акыркы учурда кыргыз, өзбек, тажик мигранттарынын арасында уруш-жаңжал, атаандаштык болуп жатканын көп байкап жатабыз. Анын үстүнө бөтөн элде жүргөндөн кийин улут катары өзүбүздүн маданиятыбызды, тарбиябызды көрсөтүшүбүз керек.
© Фото / Надыр Мурас

Жакында эле Москвада "Борбор Азия эл достугу" деген аталыштагы ири долбоор ийгиликтүү аяктады

Жакында эле Москвада "Борбор Азия эл достугу" деген аталыштагы ири долбоор ийгиликтүү аяктады - Sputnik Кыргызстан
1/2

Жакында эле Москвада "Борбор Азия эл достугу" деген аталыштагы ири долбоор ийгиликтүү аяктады

© Sputnik / Надыр Мурас

Максаты — Россиядагы мекендештердин маданий-экономикалык абалын чыңдоо жана эл аралык достукту бекемдөө.

Максаты — Россиядагы мекендештердин маданий-экономикалык абалын чыңдоо жана эл аралык достукту бекемдөө. - Sputnik Кыргызстан
2/2

Максаты — Россиядагы мекендештердин маданий-экономикалык абалын чыңдоо жана эл аралык достукту бекемдөө.

1/2

Жакында эле Москвада "Борбор Азия эл достугу" деген аталыштагы ири долбоор ийгиликтүү аяктады

2/2

Максаты — Россиядагы мекендештердин маданий-экономикалык абалын чыңдоо жана эл аралык достукту бекемдөө.

— Аталган долбоордо концерттен тышкары да бизнес-форум өткөндүгү айтылды эле...
Ч.А.: — Бул концерт "Азия дауысы" сыяктуу жыл сайын өткөрүлүп турса, анын алкагында бизнес-форумдар болушу керек дейбиз. Анткени биз азыр мамлекеттер аралык товар жүгүртүүдө каалаган деңгээлге жете элекпиз. Чет жерде иштеп жүргөн мекендештердин арасында өз ордун таппай бөтөн жерде жылдап жүрө бергендер бар. Азыр жакшы жагы, карапайым кыргыз мигранттары акырындан көчө шыпыргандын деңгээлинен көтөрүлүп такси, тейлөө кызматтарын аркалап жатышат. Арасында жеке ишкерлигин баштагандар да бар. Аталган концерттин эртеси Россияда жүргөн мекендештердин катышуусунда алдыда бизнес баштоого чоң мотивация, түрткү берүүчү эки ири иш-чара өткөрүлдү. Кыргызстандык ишкерлер рыногу кенен өлкөлөрдө бизнесин түптөсө деген тилек бар. Ошол себептен ар тармактан ийгилик жараткан Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Эдуард Кубатов, "Шоро" компаниясын жетектеген Жумадыл Эгембердиев, эл аралык деңгээлдеги коуч Асел Сыдыкова жана Сайкал Асылбекова өңдүү кыргыздын белгилүү инсандарын алып бардык. Форумда жаңыдан бизнес ачууга белсенген мекендештер ар бир ишкердин, коучтун сөзүнөн тимеле көздөрү күйүп, мотивация алып жатты. Биз да кыздарыбыздын Москвада чоң-чоң сулуулук салондорду ачканын көрүп абдан сүйүндүк.
Негизи мигранттардын көбү акча таап эле Кыргызстанга туугандарына жиберип жатышат. Ошол себептен "Айыл банк" менен сүйлөшүп, мигранттарга жеңилдетилген шартта батир алууга жана бизнес ачууга насыя берүү меморандумуна кол коюлду. Алар да буга атайын программасын даярдап, жакынкы күндөрү тартуулаганы жатышат. Россияда эмгектенип жаткан миллионго жакын мигранттын ар бири "Айыл банкка" ай сайын депозит катары бир-эки жылдык мөөнөткө 500 доллардан салып турса, бир жылда бир миллиард долларга чейин чогултуп койсо болчудай экен. Мунун баары экономикага, анын ичинде 30 жылда өлкөгө эң көп инвестиция тартып келген курулуш тармагына жумшалмак. Мында чет жерден инвестиция тартып да кереги жок болмок.
Курьер Нурбол Кайрат уулу, снявшийся в фильме На близком расстоянии  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Россияда киного тартылган мигрант Нурбол: режиссёр Добрыгин мени окутарын айтты
— Бизден кийин Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн бири бул долбоорду улантат деп жатасыздар. Алардын тиешелүү мамлекеттик органдары менен макулдашуулар болдубу же бул жагы божомолбу?
Ч.А.: — Россиядагы коңшу өлкөлөрдүн диаспораларынын жана элчиликтеринин өкүлдөрүн да долбоорго катышууга чакырдык. Азыр бул иш боюнча продюсерибиз Ислам Сатаров иштеп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Казакстан өткөрүү ниетин айтып жатат. Бирок долбоорду Кыргызстандын атына патенттөөгө кагаздарды даярдап жатабыз, кайсы өлкө өткөрсө да долбоор Кыргызстандыкы болуп калат. Концерттин алдында Кыргызстандан барган 28 компания франшиза көргөзмөсүн уюштуруп, ага россиялык ишкерлер келип таанышып кетишкен эле. Эми Россия-Кыргызстан бизнес-форуму да өтөт деп турабыз.
— Мунун максаты кыргызстандык компаниялардын филиалын Россияда да ачуубу?
Ч.А.: — Ооба, анткени бизнести өнүктүрүү керек. Биздин рынок кичинекей, ошондуктан түзүлүп калган бизнестин франшизасын берсек Россиядагы мекендештер кызыгып, андан ары алып кетсе дейбиз. Азырынча алгачкылары өнөктөштөрүн тапканын айтып жатышат. Ушулардын ичинен бешөө эле россиялык рыноктон ордун таап кетсе жакшы болмок. Чындыгында "Борбор Азия эл достугу" жакшы долбоор, ага Россия элдеринин ассамблеясынын өкүлдөрү да келип кызыгып кетишти. Азыр алар абдан жактырып колдоп жатышат, себеби мамлекеттердин башын маданият жана спорт бириктирет эмеспи.
© Sputnik / Табылды КадырбековМосквадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Акжол Келгенбаев
Представитель кыргызыской диаспоры в Москве Акжол Келгенбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Акжол Келгенбаев
— Концертке элдин келиши, кабыл алуу кандай болду? Башка улуттардын өкүлдөрүнөн да келдиби?
Акжол Келгенбаев: — Бизде негизи мигранттар үчүн маданий иш-чаралар көп эле өтөт. Буга чейинки концерттерде көрүүчүлөрдүн арасында тазалыкты сактабагандык, анча-мынча тартип бузуулар катталчу. Азыр андай эмес. Бул жолкусунда, кудайга шүгүр, өзүбүздүн маданияттуулугубузду көргөздүк. Башка өлкөдөн да ырчылар келгендиктен алардын күйөрмандары да болду. Кремль сарайы негизинен алты миң орундуу, өкүнүчтүүсү, пандемияга байланыштуу бизге 4 070 эле орунга уруксат берип, залдын 70 пайызы толду. Билет катарына жана орундугуна жараша 1 500 рублден 10 000 рублге чейин сатылды.
Эл абдан жакшы маанайда тарады. Жогоруда айткандай, концерт эле эмес, аталган долбоордун алкагында төрт иш-чара өттү. Уюштуруучулар кеңешип долбоорго IT-адистерди да алып барууну пландадык. Анткени дүйнө азыр технология заманына, санариптештирүүгө өтүп жатат. Ушул багытта да бир топ идеялар, кеңештер айтылды. Асел Сыдыкова өңдүү дүйнөгө белгилүү коуч жана ишкерлер башынан өткөндөрүн айтып, ийгилик сырлары менен бөлүшүкөн тренингдер жана акырында чоң форум болуп жыйынтыкталды. Могадан, Якутиядан бери ишкерлер, активисттер жана диаспора жетекчилери келип, баары ыраазычылыгын айтышты. Чынында көчө шыпыруу эч уят эмес, бирок барган сайын алдыга умтулуу керек. Анан мигранттар арасында материалдык жагын эле ойлобой, маданиятты кошо ала жүрсөк деген тилек болду.
— Концертке чет мамлекеттен, Европадан белгилүү ырчылар келишпедиби. Алардын иш графиги бир жыл мурун жазылып калат. Уюштурууда бул жагынан кыйынчылык жаралган жокпу?
А.К.: — Башка залда уюштурсак ушундай кыйчалыш болмоктур. Бирок Кремлде ырдоо алар үчүн да барктуу экен. Кремль дүйнөдөгү эң чоң беш концерттик залга кирет. Баары эле иш графигин жылдырып келип беришти. Концертте Өзбекстандын, Казакстандын, Армениянын, Грузиянын жана Европанын белгилүү ырчылары талантын тартуулашты.
Кызгалдак + коомдук кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Айтбүбү Субанбекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
Облустарды кыдырып гүл өстүрүүнү жайылтабыз. Демилгелүү Субанбекова менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0