Бишкекте 13 мектеп онлайн-окууга өтүп, бир бала бакча карантинге жабылды. Тизме

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКарантинге жабылган мектеп. Архив
Карантинге жабылган мектеп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Жазылуу
Мектепте коронавирустун бир учуру аныкталса, анда класс, эки же андан көп учур болсо билим берүү мекемеси 14 күнгө карантинге жабылат.
БИШКЕК, 18-Янв. — Sputnik. Бишкекте COVID-19 менен ооругандар аныкталгандыктан 13 мектеп аралыктан окууга өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Баш калаанын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун буйругуна ылайык, №26, №88, №62, No 60, № 73, № 12, № 4, № 38, № 67, № 11, № 29, № 18, № 6 мектептер аралыктан окутууга өткөн.
Ошондой эле №135 бала бакчасы толук жана №144 бала бакчанын бир тайпасы карантинге жабылган.
Буга чейин эки окуучудан коронавирус табылгандыктан шаардагы №6 мектеп-гимназия онлайн-окутууга өткөн.
Алгоритмге ылайык, эгерде мектепте коронавирустун бир учуру аныкталса, анда класс карантинге кетет. Эгер эки же андан көп учур болсо, билим берүү мекемеси 14 күнгө жабылат.
Мэрия ата-энелерди илдет менен күрөшүүгө чакырып, ооруган балдарды мектепке жибербей турууга чакырды.
Лаборатория кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Бир суткада 820 кишиден COVID аныкталды. 49 бейтаптын абалы өтө оор
Жаңылыктар түрмөгү
0