Айлыкты күтүп отурбай… Кошумча кирешени кайдан кантип табууга болот?

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Жазылуу
Маяна — көпчүлүгүбүздүн жалгыз кирешебиз. Бирок пассивдүү пайда көрүүнүн ыгын таап алсак, каржылык көз карандысыздыкка жетүүгө болорун да ойлой жүрөлү.
Жыл жаңырды. Кесиптешибиз Бакыт Толкановдун бул макаласы каржы жаатындагы былтыркы катачылыктардан тыянак чыгарып, жаңы жылда жашооңузда жаңыча эсеп жүргүзүүгө өбөлгө болсун.
Айлыкты күтмөйдөн арылгыңыз келеби? Буга кантип жетүүгө болорун, ал үчүн канча каражат топтоо зарылдыгына Sputnik Кыргызстан кызыгып көрдү. Таңда ойгонуп жумушка баруудан эринген учурлар болбой койбойт, бирок акча табуу керектиги эске түшкөндө үшкүрүнүп алып ордуңдан козголосуң. Ошондой учурларда маянадан көз каранды болбогондой каражатым болсо деп эңсейсиң. Оор туюлганы менен бул кол жеткис деле нерсе эмес.
Sputnik Кыргызстан каржылык көз карандысыздыкка ээ болууга жетишерлик пассивдүү киреше алуу үчүн салымдарды эсептеп, пайда алып келчү кайсы механизмдерге инвестициялоо керектигине токтолду.

Кандай киреше керек?

Ар кимдин чыгымдары ар кыл: кай бирөөнө айына 15 миң сом кенен жетсе, айрымдарга 150 миң сом да аздык кылат. Бирок биз бул макалада Кыргызстан боюнча орточо маянаны мисалга алалы. Улуттук статистикалык комитеттин соңку маалыматына ылайык, ушул тапта бул көрсөткүч 19 868 сомду түзөт, биз ыңгайлуулук үчүн 20 миң деп тегеректейли.
Биздин эсептер дал ушул сумманын тегерегинде жүрсүн, башкача айтканда, ай сайын ушундай сумманы алуу үчүн кайда канча каражат салуу керектиги боюнча кеп кылабыз. Мындай пайданы бир жолу эмес, дайым алып турарыңызды унутпаңыз. Бардык эсептер болжолдуу экенин белгилөө менен бул кадамдарды толук көрсөтүүгө жетиштүү. Салымдардын түрлөрү жана алардын оң-терс жактарын да айтып беребиз.

Депозит (аманат)

Акча сактоонун жана пассивдүү киреше көрүүнүн эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. Жарандар жана компаниялардын жергиликтүү банктардагы салымдары (алыш-бериш эсебиндеги каражаттар менен кошо) бүгүнкү күндө 200 миллиард сомдон ашат.
Улуттук банктагы пайыздык чендер ар кандай. Алар мөөнөтү жана түрүнө (балдар аманаттары жогору) жараша болот. Айрым банктарда чен 13 пайыздан ашканы менен өлкөдө орточо 9-11 пайыздын тегерегинде. Биз 10 пайыз менен эсептеп көрөлү.
Жылына 240 миң сом киреше (ар бир айда 20 миң сомдон) алуу үчүн 2,4 миллион сомдон кем эмес каражатка ээ болуубуз кажет. Ай сайын маянадан 10 миң бөлүп турсак деле мындай сумманы табуу үчүн 20 жыл керек. Бирок бул натуура эсеп. Ийгиликти күтпөй аманат ачууга дароо киришсеңиз, керектүү сумманын басымдуу бөлүгү үстөк пайыздардын эсебинен эле топтолуп калат. Эсептөө үчүн депозиттик калькуляторлордун бирин колдонуп көрөлү. Ачык булактарда мунун түрлөрү түркүн, дал өзүңүзгө ылайык келген бирин тандап алсаңыз болот.
Биз тандаган калькулятордо эсептер беш жыл менен чектелген. Дал ушул мөөнөттү карап көрөлү. Эгер беш жыл аралыгында ар ай сайын депозитке 10 миң сомдон салынып турса, 600 миң сом топтолот. Негизги суммага пайыздык төлөмдөр да бар экенин унутпаңыз.
Кыргызстанда 10 пайыздык чен менен банк аманаттарында канча киреше алууга болот (миң сомдон)?
Кыргызстанда 10 пайыздык чен менен банк аманаттарында канча киреше алууга болот (миң сомдон)? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Кыргызстанда 10 пайыздык чен менен банк аманаттарында канча киреше алууга болот (миң сомдон)?
Эсептер:
5 жылдан соң: мөөнөтү аяктаганда 600 миң сомуңузга дээрлик 150 миң пайыз түрүндө кошулат;
10 жылдан кийин: жалпы 1,86 миллион сом;
12 жыл өтсө — дээрлик 2,5 миллион сом колуңузга тиет.
Башкача айтканда, аманатка салган 1,44 миллион сомуңуз (12 жыл ичинде ар айдагы маянадан 10 миң сом салып турсаңыз) пайызына миллиондон ашуун кошулат. Бирок булардын баары алдын ала эсептер. Эгер пайыздык чени жогору жана капитализациясы (чогулган пайызга да пайыз чегерилиши) менен банк таап калсаңыз, мөөнөт кыскарат.
Ушуну эле 11 пайыздык чен жана ар жылкы капитализациясы менен санап чыгалы:
5 жылдан соң: мөөнөтүнүн аягында 600 миң сомуңузга дагы 185 миң сом кошулат;
10 жылдан кийин: 2,8 миллиондон ашат.
Башкача айтканда, баштапкы 1,2 миллион сом дагы 1,6 миллион сомго арта түшөт. Ошентип каржылык көз карандысыздыкка ээ болуу үчүн издеген 2,4 миллион сомду 10 жылга жетпеген жыл аралыгында чогултууга болот.
Бир нерсени эске түйүңүз, мамлекет тарабынан кепилденген салымдын суммасы — 200 миң сом. Эгер кокус банктын иши солгундаса, мамлекет сизге бул сумманы кайтарып бере алат. Албетте, 2,4 миллион сом жөнүндө сөз болуп жатканда бул көңүл жубатарлык эмес. Бирок мурдагы жылы ошол кездеги КР Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов кыргызстандыктар тобокелдиктердин алдын алуу үчүн акчасын 200 миң сомдон бөлүп ар кайсы банкка саларын айтып берген.
Аманаттын артыкчылыгы:
Акчамды кайда салсам деген баш оору жок, бул – насыя жана депозиттер боюнча пайыздык үстөктөрдүн айырмасынан акча тапкан банктын милдети;
Абдан зарылганда тез эле акчаны алууга болот.
Депозиттин терс жагы:
Айрым каржылык инструменттер мындан көбүрөөк пайда берет (бул тууралуу кеп алдыда болсун);
Тынч жылдары сом түрүндөгү депозиттер инфляцияны жаба алат, ал эми каатчылык каптап турганда жагдай тескерисинче. Маселен, былтыр октябрда 2020-жылдын ушул айына салыштырмалуу инфляция 12,5 пайызга өстү;
Чет өлкөлүк валюталарга пайыздык чен өтө төмөн, тагыраагы, 4 пайыздан ашпайт.
Дүкөндөгү кардарлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2021
Акча үнөмдөөнүн жеңил 7 ыкмасы. Кыргызстандыктарга кеңеш

Облигациялар

Облигация — бул аласа баалуу кагазы. Аны сатып алуу менен компанияга белгилүү бир мөөнөткө жана анык бир пайыз менен карызга акча берип турасыз. Облигациялар адатта 2-3,5 жылга чыгарылып, мөөнөтү аяктаганда салынган сумма сизге кайтарылат.
Бир облигациянын баасы — 1 миң сом.
Кыргызстандагы жеке ишканалардын дивиденддери кыйла жогору — болжол менен 15-18 пайыз.
Түз капитализациясы жок, бирок жагымдуу жагы — дивиденддер (же купон) чейрек сайын төлөнүп турат. Аларды баалуу кагаздын жаңысын сатып алууга жумшоого, башкача айтканда, кайра инвестициялоого болот.
15 пайыздык (сом менен) кирешелүү облигациядан канча пайда табууга болот?
15 пайыздык (сом менен) кирешелүү облигациядан канча пайда табууга болот? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
15 пайыздык (сом менен) кирешелүү облигациядан канча пайда табууга болот?
Келиңиздер, 15 пайыздык чен менен мунун кирешелүүлүгүн эсептеп көрөлү: эгер ар айда 10 миң сомго облигация сатып алып турсаңыз, үч жылда миң сомдук бул баалуу кагаз сизге өз наркынын дээрлик жарымына жакынын, тагыраагы, 450 сом берет. Бул облигациянын айлантуу мөөнөтү аяктаганда кайта турган өзүңүздүн акчаңыздан тышкары. Эгер бир айда 10 миң сом салсаңыз, бир жылдан соң 1,5 миң сом пайызы түшөт, ага кайрадан дагы бирди сатып алып кошуп коюуга болот. Ошентип 240 миң сомдук жылдык киреше алуу үчүн 1,6 миллион сом салуу абзел. Эки жагымдуу жагы бар:
Купондорду кайра инвестициялап турсаңыз, пассивдүү пайданын бул түрүнө 1,6 миллион сомдун баарын эмес, андан азыраак сумма саласыз;
Пассивдүү киреше үчүн капитал да 13 жылда эмес, андан аз мезгилде топтолот.
Облигациянын артыкчылыгы:
Пайданын тактыгы, башкача айтканда, облигация ээси аны компаниянын кирешеси болсо да, болбосо да алат (бирок бир нюансы бар, ал жөнүндө кеп төмөндө);
инвестор каалаган убагында баалуу кагазды сатып, салган акчасын кайрып алууга акылуу, бирок дивиденддерден куру калат;
эгер баалуу кагаздар Кыргыз фондулук биржасында Blue Chips категориясы (эң жогоркусунан кийинки саптагы) боюнча листинг жол-жобосунан өткөн болсо, анда инвесторлор киреше салыгын төлөөдөн бошотулат.
Облигациялардын терс тарабы:
Жеке облигацияларга дивиденд төлөп берилерине кепилдик жок. Мындай учурлар болбой койгон эмес. Ошол себептен компаниялар инвесторлор алдындагы өз милдеттенмелерин так аткарып-аткара албасына ынанган соң гана аракет эткен оң. Алар тууралуу маалымат ачык булактардан оңой эле табылат.
Акча санап жаткана адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2021
Иши жок калдыңызбы? Пассивдүү киреше ушундай маалда зарыл

МБК тууралуу кыскача кеп

Мамлекеттик баалуу кагаздар (МБК) өзүнчө орунда турат. Алардын пайыздык чени төмөн. Маселен, 15 жыл айлантылчу мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгү 9 пайыз, ал эми жети жылдыгы 7 пайызды түзөт. Оң жагын атай турган болсок, мамлекеттик баалуу кагаздар дүйнө жүзүндө эң ишенимдүү болуп саналат. Бардык баалуу кагаздардын жалпы өзгөчөлүгү — аларды банк жана брокерлер сымал ортомчулар аркылуу гана сатып алууга болгонунда.

Кыймылсыз мүлк сатып алуу

Бул багытта кеңири тараган вариант — кийин ижарага берип пассивдүү киреше алуу мүмкүнчүлүгү. Бирок бүгүнкү күндө турак жай баалары жогору. Риелтордук компаниялардын биринин башкы директорунун орун басары Ирина Коврижныхтын айтымында, Бишкектин борборундагы бир бөлмөлүү же кичи райондордогу эки бөлмөлүү батирдин ижарасы 20 миң сом пайда алып келет.
Бул эки варианттын ар бирине болжол менен 35 миң доллар (дээрлик 3 миллион сом) кетет. Бирок эмерек, тиричилик техникасы, мисалы, кир жуугуч машина, муздаткыч жана кондиционер өңдүү оокат-кечеге да кошумча чыгым керектелет. Эгер ай сайын 10 миң сомдон кыймылсыз мүлк алууга каражат бөлүп турсаңыз, анда 25 жыл керек. Анткен менен башынан башка механизмдерге инвестиция кылуу менен мөөнөттү азайтууга болот. Албетте, ипотека жолу да бар, бирок коммерциялык ипотека боюнча үстөк пайыз жогору – 20 пайызга чукулдайт. Мамлекеттик ипотека алда канча төмөн — 4 пайыздан өйдө. Бирок турак жайы жокторго гана берилет, анан калса кезек да кыйла узун.
Кыймылсыз мүлк сатып алуунун артыкчылыгы:
Жакында эле Бишкектеги кыймылсыз мүлк агенттигинин жетекчиси Елена Гононова турак жай сатып алуунун оң жагы катары баадан эч качан уттурбаганыбызды атаган эле. Кыймылсыз мүлктүн доллар менен өлчөнгөн баасы дээрлик түшпөйт, демек, ага сарптаган акчаңызды кайтарып алууга дайым мүмкүнчүлүк бар;
Кошумча вариант да болот, маселен, азыр жашаган үйүңүз жаратылыш кырсыгы же дагы бир көйгөйлөрдөн улам жашоого жараксыз абалга келсе, же кокус карызыңыз үчүн алдырып жиберсеңиз баш калкалар бир чатырыңыз болот. Куру дегенде эле бой жеткен балаңызды өзүнчө түтүн булатканында бөлүп коё аласыз;
акчага зарылып калсаңыз күрөөгө коё турасыз;
туруктуу пайда, батирди ижарага берүү менен ай сайын киреше алып, аны күнүмдүккө керектеп же башка бир нерсеге акча салсаңыз болот. Капыстан иштен чыгып же башка бир киреше булагыңыздан ажырап калсаңыз, абалыңызды жакшыртып алганча бул киреше ажат ачат.
Терс жактары:
Салыктар. Турак жайды ижарага берүү үчүн патент талап кылынат. Эгер турак жай борбордо болсо, ай сайын 800 сомдон өйдө же 1,5 миң сомдон төлөнөт. Ал эми эки бөлмөлүү болсо ушул суммага жайгашкан жерине жараша 400-500 сом кошулат;
Кеч акталат, ижарага берүүдө турак жай өзүн актоосуна бир топ жыл кетет;
Батир ижаралагандардын баары эле тегиз ишенимдүү боло бербейт. Кээде ижарачылар табылбай, батир бош туруп калат. Натыйжада пассивдүү киреше алуу механизминен чыгаша булагына айланып калат;
Өтө зарыл учурда өз баасына бачым эле сатылып кетиши кыйын. Турак жайга акча салуунун оң жана терс жактары тууралуу кеңири маалымат жазылган.

Алтын куймалары

2015-жылы Улуттук банк кыргызстандыктарга акча топтоонун жана салымдардын жаңы вариантын — алтын куймаларды сунуштаган. Алардын 1-100 граммдык салмактагы алты түрү бар.
Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы (сом түрүндө)
Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы (сом түрүндө) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы (сом түрүндө)
КР УБ куймаларды гана сатып албастан, сатып да алат. Сатып алуу жана сатуу баасы Баалуу металлдар рыногунун Лондон биримдигинин кечки фиксингине (иш жүзүндө дүйнөлүк наркы) жараша күн сайын белгиленет. Башкача айтканда, баа өскөндө дурус пайда көрө аласыз.
Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы (сом түрүндө)
Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы (сом түрүндө) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы (сом түрүндө)
Таблицада алтын куймаларынын бардык түрүнүн сатык башталган убактан жыл башынан берки жана 18-ноябрдагы наркы көрсөтүлдү. Анда көрүнүп тургандай, баа жогорулап келет, айрыкча былтыр жана мурдагы жылдары өскөн.
2021-жылы адегенде бир аз төмөндөгөнсүп, бирок кайра жыл башындагы деңгээли менен теңделген. Сатылгандан тарта 18-ноябрга чейинки кирешелүүлүгүн эсептеп көрөлү. Бул 6,5 жыл аралыгында куймалардын кирешелүүлүгү – бир граммдыктарда дээрлик 74 пайыз, ал эми жүз граммдык түрлөрүндө 126 пайызга чейин чыккан. Албетте, аны 6,5 жылга бөлсөк, анда кирешелүүлүк 11,4төн 19,4 пайызга чейин төмөндөй түшөт.
Алтын куймаларынын артыкчылыгы:
Акчага тез айланышы, анткени каалаган иш күнү куйманы Улуттук банкка (терс тараптары тууралуу бөлүктө мунун нюанстары камтылды) кайра сата аласыз;
Алтын куймаларына инвестициялоо эң оболу топтолгон акчаны узакка сактоого багытталган. Валюталык рыноктордогу туруксуз учурларда инвесторлордун көпчүлүгү алтындын курсуна таянуу менен туруктуу металл рынокторуна каражат салууну ылайык көрүшөт.
Терс тарабы:
Куймага акча салуунун кемчиликтери (алардын айрымдары оң жактарынан эле келип чыгат):
Алтын куймасын жана анын тастыктамасын бүтүн (анын ичинде уурулардан, өрт же суу толкундарынан) сактоо керек. Банк ячейкасын ижаралоого болот, бирок бул да кошумча чыгымга салат.
Куймалар кыйла морт келет. Таңгагын жана баалуу металлдын өзүн бузуп алуу коркунучу бар, мындайда экспертизаны күтүүгө аргасыз болосуз. Бул анын сертификатынын жоголуп же бузулуп калганында да керек;
Куймалар пайданы кепилдебейт, мында баары алтындын дүйнөлүк баасына жараша. Башкача айтканда, тезинен сатуу зарылдыгы чыкса, арзан сатылып калып, пайда тапмак түгүл чыгым болуп калышыңыз ыктымал;
Куймаларда капитализация жок;
Иш жүзүндө сиз алтынды өз наркынан кымбат аласыз, себеби ага куйманы даярдоо баасы да кошулат;
Куймалар боюнча пайыздар каралган эмес, башкача айтканда, пассивдүү киреше алуу үчүн сиз аларды акырындап сатасыз. Алтын куймалары, түрлөрү тууралуу кеңири – оң жана терс жактары терең талданган макала да жарыяланган.
Акча санап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Бишкекте орточо айлыктын канча экени айтылды

Кайдадыр каражат салууда урунттуу учурлар

Салымдардын бир нече варианттарын карап чыктык, бирок сизге зарыл сумма боюнча эсепте эске алынчу дагы бир катар маанилүү нюанстар да жок эмес.

Инфляция

Акча жыл сайын нарксызданарын көңүлгө түйгөн оң, былтыркы ошол эле суммага быйыл аз эле товар келиши мүмкүн. 2021-жылдын октябрында жылдык 12,5 пайызды түзгөн. Ал эми Евразия өнүктүрүү банкы былтыр жыл аягында инфляция Кыргызстанда 7,4 пайыз болот деп жоромолдогон. Улуттук банктын бул көрсөткүч боюнча бир жылга орто мөөнөттүк багыты 5-7 пайызды түзөт Ошентип, тийиштүү сумманы инфляцияга карап түзөтүп, өлчөмүн карап чыгуу зарыл.

Диверсификация

Бир гана инструментке акча салуу кооптуу, себеби сызга отуруп калуу коркунучу дайым болот. Бирок ар кыл жакка бөлүп салуу менен акчанын бир бөлүгүн же топтолгон каражаттын баарын жоготуп алуу тобокелдигин азайта аласыз. Бул жөнүндө кезегинде КР Улуттук банкын жетектеп турган Толкунбек Абдыгулов да кеп кылган эле. Өлкөнүн негизги банкынын мурдагы төрагасы адамдар акча топтомун диверсификациялоого тийиштигин, акчаны тек гана бир инструментте сактоо натуура экенин белгилеген.

Кирешелүүлүгү өзгөрүшү мүмкүн

Пайыздык чендердин көлөмү өзгөрүшү мүмкүн. Мисалы, былтыр жаз-жай аралыгында улуттук валютадагы аманаттар боюнча пайыздык чендер өскөнү байкалды. Анткен менен соңку жылдары чет өлкөлүк валютадагы үстөк пайыздар төмөндөп келгенин эске алуу кажет. Алтын жаатында да баалар азайып кетиши ыктымалдыгына күбөбүз. Ошол себептен муну эсепке алуу дурус.
Акча салардан мурун инструменттерди кылдат тандап, ойлонуу абзел. Салымдардын ар биринде тобокелдик бар, бирок акылгөйлүк жана кыраакылык менен алардан буйтап же алда канча азайтууга болбой койбойт.
Бул үчүн өз көңүлүңүзгө төп келген инструментти тыкыр талдап, адистер менен акылдашып, кеп-кеңешин тыңдап, абалды баалап жана аны ар кыл жагынан, анын ичинде кирешелүүлүк жана ынанымдуулук жагынан карап чыкканыңыз оң.
Бир жакка каражат салууда тартипсиздикке жол берилбейт, антпесе кейиштүү тажрыйба үчүн маңдай тер менен тапканыңызды төлөп каласыз. Ошондуктан чечимди эмоцияга алдырбастан терең анализге таянып, салмактап кабыл алыңыз.
Супермаркет кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2021
ККМ аппаратынын баасы канча, каяктан бекер алса болот? Шарты
Жаңылыктар түрмөгү
0