Иши жок калдыңызбы? Пассивдүү киреше ушундай маалда зарыл

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча санап жаткана адам. Архив
Акча санап жаткана адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2021
Жазылуу
Кокус киреше азайып же жумуштан бошоп калган учурдан оңой-олтоң чыгуу үчүн азыркы заманда бир нече каржылык булагың болушу шарт. Камбылдыктын залалы жок.
Жакында эле бир жолдош балам менен кезигип калдым. Албетте, ал-акыбал сурашып, аркы-беркиден, футболдон кеп козгоп отуруп, билинбей каржы чөйрөсүнө өтүп кеттик. Банк аманаттары туурасындагы материалымды окуганын, буга анчалык ишене бербегенин жашырбады.
— Жылына канча пайыз? Он беле?
— Мөөнөтүнө жараша, андан да жогору болушу мүмкүн.
— Ал аз да. Соода болсо түшүнөт элем, салган акчаңды бир жылда алда канча көбөйтүп аласың.
Бир жагынан, албетте, анын айтканы жөндүү. Сооданын тилин билсең, чындап эле жакшы акча табууга болот. Бирок досум "активдүү" жана "пассивдүү" кирешени ажырата алган жок. Себеби алар бири-биринен олуттуу түрдө айырмаланат, ар биринин оң жана терс жактары бар.

Пассивдүү киреше деген эмне?

Бул – дээрлик күч жумшабастан, убакыт сарптабастан тапкан киреше. Мисалы, депозит пайызы, акция жана облигациялар, ошондой эле алтыныңыздын наркынын өсүшүнөн түшкөн дивиденддер.
Пассивдүү кирешенин артыкчылыктары:
Банкка аманат ачтыруу үчүн (айрым каржылык мекемелерде онлайн ыкмасы да бар) же брокерге алтын сатып алууга гана барганыңыз болбосо, бул кирешени алууга убактыңыз коробойт;
Каражатты кайда салам деп баш катырбайсыз. Депозитти, маселен, насыя түрүндө кимге же кайда салуу – банктын милдети. Баалуу кагаздар да ушундай, операциялык ишмердиктин баарын компаниянын жетекчилиги ишке ашырат;
Акчанын корголушу. Эгер тыйын-тыпырыңызды "жаздык алдына" катсаңыз, инфляция "жеп коет". Маселен, былтыркы жылдан быйылкы сентябрга дейре ал 13,5 пайызды түзгөн. Пассивдүү киреше каат жылдары инфляциянын айынан жоготууларыңызды толук же жарым-жартылай жапса, туруктуу жылдары пайда табууга өбөлгө болот. Башкача айтканда, колуңуздагы тыйын жөн жатпай, сизге иштейт;
Акчанын альтернативдүү булагы. Мындан түшкөн пайыз негизги кирешеңизге дурус кошумча, ошондой эле капыстан иштен бошоп калсаңыз чоң жардам болот. Бул абдан актуалдуу, анткени өлкөбүздө маянанын көлөмү аз, жумуштан кыскартууга кабылып калуу коркунучу да жок эмес;
Ошондой эле оокаттуу карылыкты да камсыздап берет. Бул үчүн адатта алынган кирешенин чыпчыргасын коротпой, андан ары инвестициялоо зарыл;
Ажат ачар акча. Пассивдүү киреше механизмдерине салган каражатты акчага зарылганыңызда (капыстан тооруган оор илдет, унаа, батир жана башка ушул өңдүү мүлккө тезинен жасалчу жана кымбат ремонт талап кылынса) кайтарып, маселеңизди чечип алууга болот.
Пассивдүү кирешенин терс жактары:
Баштапкы капитал керек. Башкача айтканда, пассивдүү киреше алуу үчүн адегенде акча салып, маал-маалы менен эсепти толуктап туруу абзел;
Кирешелүүлүгү анчалык жогору эмес. Мисалы, облигациялардан алынган пайда 20 пайыз, ал эми депозиттердики андан төмөн. Акциялардын (эгер биржадагы оюндарга аралашпасаңыз) дивиденди дайым эле түшө бербейт, анан да аз эсептелет. Алтын алган болсоңуз, анын да дүйнөлүк баасы ылдыйлап кетиши ыктымал;
Банк же компаниянын банкрот болуп калуу тобокелдиги жок эмес, салган акчаңыз күйүп кетиши да мүмкүн. 200 миң сомго чейинки салымдарга мамлекеттин кепилдиги бар, ал эми облигациялар боюнча эч ким кепилдик бербейт.
Резкое повышение доллара к лиру в Турции - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Доллар жаңы жылдан кийин кымбаттайбы? Кыргызстандагы абалга божомол

Кайсы жакка акча салууга болот?

Салымдын түрлөрү көп. Өткөндө КР Улуттук банкы ар кыл каржылык инструменттердин оң жана терс жактарын кеңири айтып берген.

Активдүү киреше деген эмне?

Кирешенин бул түрүн убактыңыздын көпчүлүк бөлүгүн сарптаган ишмердигиңиз үчүн аласыз. Башкача айтканда, маяна же ишкерликтен түшкөн пайдаңыз.
Активдүү кирешенин артыкчылыктары:
1.
Маал-маалы менен, айталы, айлык акы ай сайын колго тийип, ал эми соода тармагында пайда андан да тез түшөт;
2.
Төмөн квалификация да активдүү киреше алууга мүмкүндүк берет;
3.
Баштапкы капиталдын зарылдыгы жок. Эгер пассивдүү кирешеге кандайдыр бир көлөмдө каражат керектелсе, кандай болсо да жумушка орношуу үчүн көп учурда акча талап кылынбайт.
Активдүү кирешенин терс тарабы:
Дээрлик толук күн кетет, мисалы, кеңсе кызматкерлери таңдан кечке чейин иштешсе, айрым кесиптерде иш түн бир оокумга дейре созулат;
Айлык акы чектелүү. Көпчүлүк адамдар бир, айрымдар эки жерде мээнеттенет, бирок орундар чексиз эмес. Ал эми пассивдүү кирешенин бир нече булагы бар;
Жумуштан чыгып калуу каржылык абалды абдан начарлатат. Ошондой эле адатта айлык акынын көтөрүлүшү өтө эле жай, көбүнесе көтөрүлбөй турган чеги да болот.

Корутунду

Албетте, пассивдүү кирешенин эсебинен жашоого ыраазылар да арбын. Бирок азыр активдүү жана пассивдүү кирешени кыйла оптималдуу айкалыштырууга болот. Тагыраак, айлыкты күтүп отурбай, убакытты көп албаган, бирок кыйын күндө керекке жарай турган башка да каржылык "тирөөчтөрдү" тургузуп алуу дурус. Ошону менен бирге эле акча сактоо менен инвестиция түшүнүктөрүн да ажыратуу абзел.
Sputnik агенттиги маңдай тер төкпөй деле акча табуу үчүн Кыргызстанда кандай пассивдүү киреше керектигин эсептеп көргөн. Ошондой эле макалада кайда акча салууга болору да камтылган.
Дүкөндөгү кардарлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2021
Акча үнөмдөөнүн жеңил 7 ыкмасы. Кыргызстандыктарга кеңеш
Сом купюралары менен киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Чыгымды азайтуунун ыкмалары. Кыргызстандыктарга 8 кеңеш
Жаңылыктар түрмөгү
0