https://sputnik.kg/20260302/1100023693.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Эфирде жанылыктар. Микрофондо Асел Сыдыкова. Саламатсыздарбы. Бул чыгарылышта:Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгышта 22 миңге жакын кыргызстандык жарандын... 02.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-02T15:00+0600
2026-03-02T15:00+0600
2026-03-02T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/02/1100023527_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b93d7eb12ddf4a51f70c9c84b5edfd4b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Эфирде жанылыктар. Микрофондо Асел Сыдыкова. Саламатсыздарбы. Бул чыгарылышта:Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгышта 22 миңге жакын кыргызстандык жарандын бардыгын кабарлады“Евроүчтүк” Иранга каршы коргонуучу чараларды көрүүгө даяр экенин билдирдиМинистрлик 2026-2027-окуу жылындагы каникулдун графигин кайра кароону убадаладыАгартуу министрлиги 2026-2027-окуу жылындагы каникулдардын графигин кайра карап чыгууну убадалады. Бул тууралуу министрдин орун басары Надира Жусупбекова парламентте билдирди. Анын айтымында, III чейректеги каникулдардын кыскартылышы жаңы Эмгек кодекси жана январь менен май айларындагы кошумча дем алыш күндөрү менен байланыштуу болгон. “Бирок өтө көп кайрылуулар түштү. Биз ата-энелердин, адистердин, методисттердин бардык сунуштарын уктук. Натыйжада 2-марттан 8-мартка чейин жазгы каникулду узартуу чечими кабыл алынды. Бизге кийинки 2026-2027-окуу жылынын каникул календарын түзүүдө келип түшкөн сунуштарды талдоо тапшырылды”, — деди Жусупбекова. Эми каникул графигин түзүүдө Агартуу министрлиги окуу жүктөмүн жана эс алуу мезгилдерин рационалдуу бөлүштүрүүгө көңүл бурары кошумчаланды.
Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭС каскадын кайра жандандырууну көздөп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Министр Таалайбек Ибраев долбоорго байланыштуу инвестицияларды тартууну талкуулоо үчүн энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен жолуккан. Мурда "Русгидро" менен биргеликте жалпы кубаттуулугу 238 мегаватт болгон 4 станцияны куруу пландалган. Ошондо долбоордун баасы 727 миллион доллар деп бааланган, бирок бир катар себептерден улам ишке ашпай калган. Өткөн жылы Россиянын компаниясы кайрадан ЖНКга кызыгуусун көрсөттү.
Жакынкы Чыгышта 22 миңге жакын кыргыз жарандары бар. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулу билдиргендей, кыргыз жарандарынын арасында жабыркагандар жок. Иран менен Израилде 100дөн жаран бар экени, алар эвакуация боюнча кайрылбаганы белгилүү болду. “Бириккен Араб Эмирликтеринде 10 миңдей жаран бар. Дубайда 1000ден ашык кайрылуу каралып, 800дөй жарандын мейманканадагы мөөнөтү аяктаган. Консулдар жеринде иш алып барууда. Зыяратта 6 миңге жакын жаран бар, алар элчиликтер менен байланышта”, – деп айтылат маалыматта. Каттамдардын токтотулушу узакка созулса эвакуация варианттары каралат.
Франция, Германия жана Улуу Британия зарыл болсо Иранга каршы коргонуучу чараларды көрүүгө даяр экенин айтышты. “Евроүчтүктүн” биргелешкен билдирүүсүндө Ирандын ракета менен соккулары багыттуу эмес жана ашыкча деп белгиленген. Алар чабуулдар аймактагы башка мамлекеттерге да залакасын тийгизгенин, ал өлкөлөр АКШ менен Израилдин баштапкы аскердик аракеттерине катышпаганын эске салышкан. Билдирүүдө Ирандын соккулары “Евроүчтүктүн” жакынкы союздаштарына багытталып жасалганы жана европалык аскер кызматкерлерине, ошондой эле аймактагы жарандарга коркунуч жаратып жатканы баса белгиленген. Мындан улам “Евроүчтүктүн” өкүлдөрү Иранды соккуларды дароо токтотууга чакырышкан. “Биз өзүбүздүн жана союздаштарыбыздын аймактык кызыкчылыктарын коргоо үчүн чараларды көрөбүз. Зарыл болсо Ирандын ракета жана учкучсуз учуучу аппараттарын учуруу мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуу үчүн керектүү жана пропорционалдуу коргонуучу чараларды да камсыз кылабыз”, — деп айтылат билдирүүдө.
Эфирде жанылыктар. Микрофондо Асел Сыдыкова. Саламатсыздарбы. Бул чыгарылышта:Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгышта 22 миңге жакын кыргызстандык жарандын бардыгын кабарлады“Евроүчтүк” Иранга каршы коргонуучу чараларды көрүүгө даяр экенин билдирдиМинистрлик 2026-2027-окуу жылындагы каникулдун графигин кайра кароону убадаладыАгартуу министрлиги 2026-2027-окуу жылындагы каникулдардын графигин кайра карап чыгууну убадалады. Бул тууралуу министрдин орун басары Надира Жусупбекова парламентте билдирди. Анын айтымында, III чейректеги каникулдардын кыскартылышы жаңы Эмгек кодекси жана январь менен май айларындагы кошумча дем алыш күндөрү менен байланыштуу болгон. “Бирок өтө көп кайрылуулар түштү. Биз ата-энелердин, адистердин, методисттердин бардык сунуштарын уктук. Натыйжада 2-марттан 8-мартка чейин жазгы каникулду узартуу чечими кабыл алынды. Бизге кийинки 2026-2027-окуу жылынын каникул календарын түзүүдө келип түшкөн сунуштарды талдоо тапшырылды”, — деди Жусупбекова. Эми каникул графигин түзүүдө Агартуу министрлиги окуу жүктөмүн жана эс алуу мезгилдерин рационалдуу бөлүштүрүүгө көңүл бурары кошумчаланды. Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭС каскадын кайра жандандырууну көздөп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Министр Таалайбек Ибраев долбоорго байланыштуу инвестицияларды тартууну талкуулоо үчүн энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен жолуккан. Мурда "Русгидро" менен биргеликте жалпы кубаттуулугу 238 мегаватт болгон 4 станцияны куруу пландалган. Ошондо долбоордун баасы 727 миллион доллар деп бааланган, бирок бир катар себептерден улам ишке ашпай калган. Өткөн жылы Россиянын компаниясы кайрадан ЖНКга кызыгуусун көрсөттү. Жакынкы Чыгышта 22 миңге жакын кыргыз жарандары бар. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулу билдиргендей, кыргыз жарандарынын арасында жабыркагандар жок. Иран менен Израилде 100дөн жаран бар экени, алар эвакуация боюнча кайрылбаганы белгилүү болду. “Бириккен Араб Эмирликтеринде 10 миңдей жаран бар. Дубайда 1000ден ашык кайрылуу каралып, 800дөй жарандын мейманканадагы мөөнөтү аяктаган. Консулдар жеринде иш алып барууда. Зыяратта 6 миңге жакын жаран бар, алар элчиликтер менен байланышта”, – деп айтылат маалыматта. Каттамдардын токтотулушу узакка созулса эвакуация варианттары каралат. Франция, Германия жана Улуу Британия зарыл болсо Иранга каршы коргонуучу чараларды көрүүгө даяр экенин айтышты. “Евроүчтүктүн” биргелешкен билдирүүсүндө Ирандын ракета менен соккулары багыттуу эмес жана ашыкча деп белгиленген. Алар чабуулдар аймактагы башка мамлекеттерге да залакасын тийгизгенин, ал өлкөлөр АКШ менен Израилдин баштапкы аскердик аракеттерине катышпаганын эске салышкан. Билдирүүдө Ирандын соккулары “Евроүчтүктүн” жакынкы союздаштарына багытталып жасалганы жана европалык аскер кызматкерлерине, ошондой эле аймактагы жарандарга коркунуч жаратып жатканы баса белгиленген. Мындан улам “Евроүчтүктүн” өкүлдөрү Иранды соккуларды дароо токтотууга чакырышкан. “Биз өзүбүздүн жана союздаштарыбыздын аймактык кызыкчылыктарын коргоо үчүн чараларды көрөбүз. Зарыл болсо Ирандын ракета жана учкучсуз учуучу аппараттарын учуруу мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуу үчүн керектүү жана пропорционалдуу коргонуучу чараларды да камсыз кылабыз”, — деп айтылат билдирүүдө.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/02/1100023527_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_25509101668caf473f44a351c4818eae.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио