https://sputnik.kg/20260301/1100003081.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
1-марттан, баштап эл аралык "Манас" аэропортунан уча турган Бишкек – Дубай жана Бишкек – Шарджа каттамдары убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Кыргызстан... 01.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-01T11:00+0600
2026-03-01T11:00+0600
2026-03-01T11:36+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/01/1100002915_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d72915a53482b32588b4ef35125afdbe.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
1-марттан, баштап эл аралык "Манас" аэропортунан уча турган Бишкек – Дубай жана Бишкек – Шарджа каттамдары убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" компаниясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечимдер каттамдардын коопсуз аткарылышын камсыздоо жана авиакомпанияларда маршруттардын өзгөрүшүнө байланыштуу кабыл алынды. Жүргүнчүлөр жокко чыгарылган каттамдар боюнча авиакомпанияларга же билет саткан тараптарга кайрылып билетти кайтаруу же убактысын өзгөртүү боюнча толугураак маалымат алышса болот. Ишканадан "Манас" эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатканын белгилешти. Алдыда кандайдыр бир өзгөрүүлөр киргизилсе маалымдаларын кошумчалашты.**Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи Израиль менен АКШНын жасаган чабуулунан курман болду. Бул туурасында аталган өлкөнүн мамлекеттик телеканалы билдирди. "Улуу иран эли, Ирандын жогорку лидери имам Хаменеи курман болду", — деп маалыматта айтылган. Tasnim агентиги Хаменеи бүгүн таңда өзүнүн кеңсесинде өлтүрүлгөнүн кабарласа, Fars агенттиги анын бүлөсүнөн дагы төрт киши көз жумганын жазды. Алардын ичинде кызы бар экени айтылды.Хаменеинин каза болгондугуна байланыштуу Ирандын түндүк-чыгышындагы Мешхед шаарында жайгашкан Имам Реза мечитинин үстүнө кара түстөгү аза туусу көтөрүлгөн. Ирандын президентинин кеңсесинен өлкөнүн жогорку лидерин өлтүргөндөргө жооп бериле тургандыгын айтышты. "Бул чоң кылмыш эч качан жоопсуз калбайт... Биз муну уюштургандарды жана ишке ашыргандарды өкүнгөндөй кылабыз", — деп айтылат Иран президентинин Telegram каналында. Ирандын тарыхында АКШга каршы "катаал чабуулдарды кое турчу операция" башталат. Бул туурасында Ирандын Ислам Революциясынын коргоочулар корпусунан айтышты. Эске салсак, 21-февралда эле АКШ Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи менен уулу Можтабаны жок кылуу жагын караштырып жатканын Axios басылмасы жазган.Ишемби күнү АКШ жана Израиль Иранга каршы масштабдуу аскердик операция баштады. Анткен менен өткөн аптада эле Кошмо Штаттар Ислам Республикасы менен "өзөктүк досье" боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан эле. Тель-Авив чабуулдардын максаты Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин билдирди. Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп Ирандын флотун жана коргонуу өнөр жайын жок кылуу ниетин жарыялап, ошондой эле өлкө жарандарын азыркы бийликти кулатууга чакырган.
Иран Американын Жакынкы Чыгыштагы 14 базасына сокку урду. Бул тууралуу Tasnim агенттиги аскер кызматындагы маалымат булактарына таянып жазганын РИА Новости кабарлады. АКШ менен Израиль бүгүн Ирандын аймагына, анын ичинде Тегеранга бир нече жолу чабуул жасады. ЖМКлар адамдар каза болуп, бир катар имараттардын талкаланганын маалымдашууда. Көп өтпөй Иран жооп кылып, Израилге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларына ракеталар менен сокку урду."Ушул сааттарга карата Американын аймактагы 14 аскердик базасы чабуул астында калды", — деп айтылат маалыматта. Агенттик АКШнын айрым өлкөлөрдө бир нече базалары бар экенин белгилеген. Ал арада Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи NBC каналына курган маегинде АКШ менен Израилдин биргелешкен чабуулунан бир катар командачылар каза болгонун айткан."Дээрлик бардык жогорку кызмат адамдары аман жана коопсуздукта. Бир же эки командирди жоготушубуз мүмкүн", — деген ал.
1-марттан, баштап эл аралык "Манас" аэропортунан уча турган Бишкек – Дубай жана Бишкек – Шарджа каттамдары убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" компаниясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечимдер каттамдардын коопсуз аткарылышын камсыздоо жана авиакомпанияларда маршруттардын өзгөрүшүнө байланыштуу кабыл алынды. Жүргүнчүлөр жокко чыгарылган каттамдар боюнча авиакомпанияларга же билет саткан тараптарга кайрылып билетти кайтаруу же убактысын өзгөртүү боюнча толугураак маалымат алышса болот. Ишканадан "Манас" эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатканын белгилешти. Алдыда кандайдыр бир өзгөрүүлөр киргизилсе маалымдаларын кошумчалашты.**Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи Израиль менен АКШНын жасаган чабуулунан курман болду. Бул туурасында аталган өлкөнүн мамлекеттик телеканалы билдирди. "Улуу иран эли, Ирандын жогорку лидери имам Хаменеи курман болду", — деп маалыматта айтылган. Tasnim агентиги Хаменеи бүгүн таңда өзүнүн кеңсесинде өлтүрүлгөнүн кабарласа, Fars агенттиги анын бүлөсүнөн дагы төрт киши көз жумганын жазды. Алардын ичинде кызы бар экени айтылды.Хаменеинин каза болгондугуна байланыштуу Ирандын түндүк-чыгышындагы Мешхед шаарында жайгашкан Имам Реза мечитинин үстүнө кара түстөгү аза туусу көтөрүлгөн. Ирандын президентинин кеңсесинен өлкөнүн жогорку лидерин өлтүргөндөргө жооп бериле тургандыгын айтышты. "Бул чоң кылмыш эч качан жоопсуз калбайт... Биз муну уюштургандарды жана ишке ашыргандарды өкүнгөндөй кылабыз", — деп айтылат Иран президентинин Telegram каналында. Ирандын тарыхында АКШга каршы "катаал чабуулдарды кое турчу операция" башталат. Бул туурасында Ирандын Ислам Революциясынын коргоочулар корпусунан айтышты. Эске салсак, 21-февралда эле АКШ Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи менен уулу Можтабаны жок кылуу жагын караштырып жатканын Axios басылмасы жазган.Ишемби күнү АКШ жана Израиль Иранга каршы масштабдуу аскердик операция баштады. Анткен менен өткөн аптада эле Кошмо Штаттар Ислам Республикасы менен "өзөктүк досье" боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан эле. Тель-Авив чабуулдардын максаты Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин билдирди. Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп Ирандын флотун жана коргонуу өнөр жайын жок кылуу ниетин жарыялап, ошондой эле өлкө жарандарын азыркы бийликти кулатууга чакырган.Иран Американын Жакынкы Чыгыштагы 14 базасына сокку урду. Бул тууралуу Tasnim агенттиги аскер кызматындагы маалымат булактарына таянып жазганын РИА Новости кабарлады. АКШ менен Израиль бүгүн Ирандын аймагына, анын ичинде Тегеранга бир нече жолу чабуул жасады. ЖМКлар адамдар каза болуп, бир катар имараттардын талкаланганын маалымдашууда. Көп өтпөй Иран жооп кылып, Израилге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларына ракеталар менен сокку урду."Ушул сааттарга карата Американын аймактагы 14 аскердик базасы чабуул астында калды", — деп айтылат маалыматта. Агенттик АКШнын айрым өлкөлөрдө бир нече базалары бар экенин белгилеген. Ал арада Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи NBC каналына курган маегинде АКШ менен Израилдин биргелешкен чабуулунан бир катар командачылар каза болгонун айткан."Дээрлик бардык жогорку кызмат адамдары аман жана коопсуздукта. Бир же эки командирди жоготушубуз мүмкүн", — деген ал.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/01/1100002915_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5a72c1c6adf77b6e6cbbd6785ea4198f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио